Бишкек, “Саясат.kg”. Түрк дүйнөсүндө жаралган  пайдалуу эмгек жөнүндө учкай сөз.

Кыргызстан жана Түркия мамлекетине таанымал Эл өкүлү Чыныбай Турсунбековду жаш муудардан баштап, жогорку муундарга чейин адамдардын баардыгы билет. Көпчүлүгүбүз коомдук ишмер, акын, педагог, бизнесмен катары билебиз. Бирок окумуштуу-изидөөчү, адабиятчы жана кесипкөй педагог катары азыраак гана билишсе керек. Табиятынан сөздүн калемине  көз салган, көркөм нарктын баалуулугун даңазалоого толук жетишкен илимпоз катары азыраак билишсе керек. 90-жылдары кыргыз илимине, анын ичинде кыргыз адабиятынын бир маселесин изилдөөгө аркалап, аны аягына чыгарып, окумуштуулук даражасына ээ болуп, эмгектенүүнүн натыйжасында окутуучу, ага окутуучу (мен дагы студенти элем-Н.Т.) окуу иштери боюнча ал кездеги декандын орун басары мезгилинен таанып, көп өтпөй түрк элдеринин достугун чыңдоого өз салымын кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү катары кымат аркалап турган учурда, бийликтин алмашуусу менен бизнестик чөйрөгө кирип, ал жерде да жигердүү, көрө билгичтик иш алып баруу натыйжасында, Кыргызстанда белгилүү “АКУН” ун-комбинатын ачуу менен ийгиликтерге жетишип, кыргыздарда “акты бааласа, жолуң көгөрөт”,- дегендей Эл өкүлү катары спикерлик кызматына чейин көтөрүлгөн адабиятчы, акын, окумуштуу Чыныбай агайдын 2019-жылы жарыялаган “XX кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабияты” аттуу бараандуу эмгеги колубузга тийип, бир жагынан түрк дүйнөсүндөгү дагы бир эмгек жаралгандыгына күбө болсок, экинчиден түрк элдеринин адабиятынын тарыхын тереңирээк жана толугураак өздөштүүрүгө дагы бир мүмкүнчүлүк ачылгандыгына кубануу менен колубузга алдык. Буга чейин  Чыныбай Турсунбеков Түркиядагы Намык Кемал Зейбек корунун (фондусунун) буюртмасы боюнча түрк жазуучусу Нихал Атсыздын “Көкжалдардын өлүмү”(Bozkurtlarin olumu) аттуу көлөмдүү романын түрк тилинен кыргыз тилине которуп, окурмандар арасында резонанс жаратса, эми болсо, “XX кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабияты” аттуу 33,25 б.т. көлөмүндө  511-беттен турган дагы бир эмгеги окурмандарга таанылып отурат.

Автордун жазуусунда бул эмгек көркөм-адабий басылма деп жазылыптыр. Эмгектин мазмуну 16 түрк элдеринин (Түркиялык, Кипрлик, Батыш Тракиялык, Болгариялык, мурдагы Югославиялык түрктөрдүн, Түндүк жана Түштүк Азербайжан, Өзбек, Түркмөн жана Ирак түркмөндөрү, Казак,  Кыргыз, Крым жана Татар-башкыр татарлары, Карачай, Каракалпак, Уйгур аттуу элдери) тарыхый-маданий жана коомдук-социалдык абалындагы баалуулуктарын баалоо менен алардын адабиятынын өнүгүшө жалпы экскурс жасоо аркылуу адабиятындагы мыкты өкүлдөрүнүн, акын-жазуучулардын өмүр баяндарын, чыгармачылык жолдорун, алардын ар бирөөсүнө таандык өзгөчөлүктөрүн жана алардын жараткан чыгармаларынын үзүндүлөрүнөн өз эне тилдеринде варианты менен кошо автордун котормосунда кыргызча котормолорун кошо киргизүү менен  37 түрк элдерине таанымал акын-жазуучуларды, төрттөн кем эмес ырларды жана аңгеме, романдарынын үзүндүлөрүн киргизип, көлөмдүү жана пайдалуу эмгек жазып, кыргыз журчулугуна жарыялап бергенине күбө болуп оурабыз. Мындай ырааттуу иштөө окурмандардын назарын өзүнө тартпай койбойт.

Негизи, 37 акын-жазуучулардын өмүр баяндарын чогултуп, ирети менен хронологиялык багытта, буга кошумча алардын чыгармаларын анализдөө аркылуу өз эне тилиндеги жана кыргыз тилиндеги котормолорун киргизүү менен жарыялашы, албетте окутуучу менен келечектеги өсүп келе жаткан муундарга, же студенттерге чоң базалык маалымат болуп берери чындык. Эң кызыгы, эмгектеги акын-жазуучулардын аттарын атоодо тилиң түрмөктөлүп, кайра-кайра окуу менен алардын аттарын жаттоо аркылуу гана эсиңе саласың жана так айтууга үйрөнөсүң, жетишесиң. Түрк элдеринин тилдери бири - бирине жакын жана түшүнүктүү болгону менен аттарды коюда ар бир улут өздөрүнүн тилдик өзгөчөлүктөрүнө жараша коюшат. Алардын аттары кыйындык менен айтылат. Маселен, Жалил Меммедкулузаде (азербайжан), Мухамбет Хусейин Шехрияр (азербайжан), Абдулхамид Сулайманоглы Чолпон (өзбек),  Мехмед Эмин  Юрдакул (түрк), Решат Нури Гүнтекин (түрк) ж.б. Ал эми Чыныбай Турсунбеков ар бирөөнө кеңири токтолуу менен өмүр-баяндарына, чыгармаларына, алардын ар бирөөндө жаралган өзгөчөлүктөрүнө сереп кылууда карандай талыкпаган эмгек жумшагандыгы байкалат. Алардын аттарынын аталыштарынын бардыгын жаттап алуу мүмкүн эместей сезилди. Бирок автор түйшүктөн качпай, калыс, ырааттуу, киргизген акын-жазуучулардын чыгармаларынын колго алаарлык жана маанилүүлөрүн гана алып, кыргыз окурмандарына тартуулап бергени коңшулаш элдердин адабияты, тарыхы, кызыккан окурмандар үчүн келечекте пайдалуу эмгек болуп калары анык. 

Түрк дүйнөсүндө автордун эмгеги жарыяланганга  чейин 2002-жылы Б.Үкүеванын “Түрк элдер адабияты”аттуу эмгеги жарыяланган. Аталган эмгекте казак, түркмөн, өзбек, кара калпак элдеринин  адабиятын анализдөөдө, алардын акын-жазуучуларын санап өтүп, айрымдарына кеңири токтолуп өтүү менен жазган. Бул эмгекке салыштырмалуу Чыныбай Турсунбековдун эмгегинде 16 мамлекеттин түрк элдерине таандык 37 акын-жазуучуларынын чыгармалары менен өмүр таржымалдары киригизсе, атүгүл өздөрүнүн эне тилиндеги чыгармаларынын үзүндүлөрү менен  автордун жеке өзүнүн кыргыз тилинде которгон  котормолору  киргизилип жарыяланса, Б.Үкүеванын эмгегинде 4 мамлекетте гана жашаган түрк элдеринин тарыхый өнүгүшү, социалдык абалы, адабиятындагы белгилүү акын-жазуучулар тууралу жалпы экскурс жасалган. Бирок муну менен аталган эмгектин мазмуну кеңири жана пайдалуу маалыматтар менен толгон фундаменталдуу эмгек катары баалоого болот. Бул эмгек 187-беттен турат, ал эми Чыныбай агай жазган эмгек 511-бетти турат. Бул эмгек эмне себептен эки жарым эсе көп деген суроо жаралат. Демек, көлөмү көбүрөөк болгондон кийин, албетте  Чыныбай агайдын жазган эмгеги  жогору болсо керек деген ойго келесиң. Бирок эмгектин көлөмдүүлүгү менен баалоо, бул бир жактуу караган болуп калат го... Б.Үкүеванын эмгеги эң алгачкы изилдөө катары бааласак да болот. Бирок  Чыныбай Турсунбековдун эмгегине салыштырмалуу Б.Үкүева эмгеги казак, түркмөн, өзбек, кара калпак элдеринин адабиятын тарыхтын алгачкы баскан изи менен өнүгүшүндөгү бир кылымдык тарыхты камтыган узак жолдордун өсүшүн ырааттуу жазып берген. Буларга кошумча поэзиясын, прозасын, драматургиясын, балдар адабиятын хронологиялык багытта анализдейт. Маселен, “Түркмөн адабияты” деп атоо менен 12-18-кылымдагы, 18-20-кылымдагы, 1917-1920-жылдары, 30,40,50,60-жылдары адабиятындагы поэзиясын, прозасын, алардын өкүлдөрүн жазат.[1.] Бул бир эле түркмөн адабияты. Ал эми казак, өзбек, каракалпак адабиятычы? Алар дагы ушул багытта жазылат. Бирок Чыныбай Турсунбековдун эмгегинде жазылган  кыргыз, түрк, татар-башкыр ж.б. түрк элдери тууралу жазылбайт. Бул эмгек көздөп алган 4 мамлекетте жашаган түрк элдерин көбүрөөк жана кеңри ачып бергени менен пайдалуу. Буга салыштырмалуу Чыныбай Турсунбеков эмгегинде тил билгендигин окрмандарына таанытуу менен котормочу деген оор, түйшүктүү эмгекти жана кесипти аркалай баштаганын далилдейт. Ошондой эле, “Түрк дүйнөсүндөгү тандалмалар” аттуу 90 коллекциядан турган түрк тилдүү элдердин акын-жазуучуларынын өмүр баяндары, алардын кыргыз окурмандары билбеген адабий чыгармалары, ой-пикирлери, тарыхта билинбей калган эмгектер, чыгармалардын кыскача мазмундары серия сыяктуу 2018-жылдын 23-январынан бери жарыяланып келүүдө.[2.] Бул маалыматтар түрк элдеринин оозеки чыгармаларын жана адабиятын, тарыхын окутууда бирден-бир кызыктуу баалуу, табылгыс маданий мурастар болуп калат. Бул коллекциялык  тандалмаларда поэзия да, проза да бар жана байыркы тарыхыбыздагы белгилүү инсандардын чыгармалары да киргизилген. Эки жумада бир жолу түрк дүйнөсүнөн топтогон китеп коллекцияларынан бир китеп тандап алып, аларды окуп, ал китептердеги керектүү, кыска, мазмундуу чыгармаларын тандап алып берилет. Бул 90 коллекцияда окурмандарга белгилүү жана белгисиз акын-жазуучулардын чыгармаларынын кыскача мазмундары киргизилгени менен Чыныбай Турсунбековдун эмгегиндеги түрк элдеринин тилдерин бири-бирине салыштырмалуу кароо менен алардын жакындыгын таанып билүү, аларды түп нускадагы тили менен кыргыз тилиндеги вариантын окуу аркылуу тилдердин жакындыгын байкоо мүмкүнчүлүгү жок. Ушул алкактан алып караганда, Чыныбай Турсунбековдун эмгегинин натыйжасы түрк элдеринин тилдеринин жакындыгын дагы бир ирет таанып билүүгө жана үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди десек аша чапкан болбойбуз.

Ошону менен катар Чыныбай Турсунбековдун эмгегинде жазган кээ бир маалыматтар жана чыгармаларына айрым ой-толгоолорубузду айтып кетүү туура болчудай. Эмгектин башталы жогоруда айтып өткөндөй, 16 мамлекеттин адабияты деп атоо менен ар бирөөнө ыраттуу токтолуп өтүп, андан 37 акын-жазуучулардын чыгармалары менен ар бирөөнүн өмүр баяндарына токтолгон учурда, кээ бир тарыхый мааниси менен жалпы журтчулукка таанылган баалуулуктары тууралу сөз кылат. Маселен, Азербайжан адабиятынын өкүлдөрү Мирза Алекбар Сабыр, Жалил Меммедкулузаде, Кусеин Жалил, Самед Вургун, Мухамбет Хусейин Шехрияр, Бактияр Вагабадзелердин өмүр баяндарын окуу менен чыгармаларынын эне тилиндегиси менен кыргыз тилинде окуган учурларда айтырмаланган улуттук баалуулуктарды байкадык. Азербайжан элдеринде таанымал “Молдо Насреддин” сатиралык адабий журналы жашап, бул журналда сабатсыз адамдарды, мыкты сынган бийлик төбөлдөрүнүн туура эмес бийлигин, бектерди, мамлекеттик кызматчыларды, соода жүргүзгөн ыймансыздарды, акыйкатсыздыкты ачык тирүүлөй катуу сындаган чыгармалар жарыяланып келгендигин автор белгилеп айтат. Ошол аралыкта Мирза Алекбар Сабырдын “Не ишим вар?!” аттуу сатиралык 5 куплеттен турган ыры киргизилген. Аталган ырдын аталышын Чыныбай Турсунбеков “Ишим эмне?!” деген ат менен кыргызча которуп берген. [3.60-61-б.]  Мындай караганда туура эле которгон сыяктуу. Бирок оригиналдын өзүндөй эле кыргызча деле “Не ишим бар?!” деп которсо болбойт беле? Автордун “Ишим эмне?!”деген котормосу деле алыс эмес. Бирок ырдын мазмунун окуй баштаганда оригиналдагы “Дуня вү жакан ач олур олсун, не ишим вар?!”- деп жазылганы Чыныбай Турсунбековдун котормосунда: “Дүйнө ачка отурсун, менин кандай ишим бар?!”-деп которуп бергени оригиналдагы маанисин, ырдын уйкаштыгын сактаганы байкалат. Анда ырдын аталышын мазмунун сактагандай эле “Не ишим бар?!”-деп эле которсо болмок деген ойго келебиз. Ал эми жазуучу Жалил Меммедкулузаде болсо, “Молдо Насреддин”деген псевдоним менен окурмандарга таанылгандыгын жана анын “Миллет”(Улут)деген чыгармасында жазылган маалыматтар окурмандарды кызыктырат. Маселен, буга чейинки түшүнүктөрдө “улут”деген сөздүн ордуна “адам”деген сөз көбүрөөк жазылып келгендиги айтылып, биринчи жолу улут деген сөздү философ Демокрит тарабынан айтылган сыяктуу маалыматтар берилген. Демек, улут деген маани ар бир адамдын баамында кылымдан-кылымга сакталып, бааланып  келгендиги тууралу жазылган аңгеме сыяктуу чыгарманы киргизип, анын кыргызча котормосунда жарыялаганы бүгүнкү окурмандар үчүн пайдалуу. Өзгөчө, атактуу философ Демокрит бул сөздү биринчи оозанып: “Оо, улут, улут”-деп, анан да “ар бир мамлекеттин бирден-бир гана кожоюну бар, анын аты “улут”,- деп жазганы ойго салды. Себеби, акыркы мезгилдерде Кыргызстан мамлекетинде “улут”деген сөзгө өгөй баладай мамиле кыла башташты. Жаңы берилген паспортубузда “улуту-кыргыз” деген графа алынып, элге берилип жатат. Бул маселе Кыргызстанда 90-жылдардын экинчи жарымында көтөрүлүп, улутун улуттук өзгөчөлүктөрүн барктаган кесипкөй, төбөсү көрүнүп калган белгилүү инсандар баш багып, “улуту” деген графаны сактап калганы бизге маалым. Маселен, профессор Качкынбай Артыкбаевдин “Кыргыз улуттук белгисин жоготобу?”деген макаласы буга күбө.[4.626-б.]

Аталган макалада автордун: “Эгерде паспорт боюнча улуту жоюу теориясына баш ийсек, анда ушу тапта республикабызда улуттук белгилер боюнча түзүлүп, иштеп жаткан маданий борборлордун баарын жана улуттук академия, улуттук университет, улуттук гвардия, улуттук китепкана өңдүүлөрдүн баарын азыр эле тезинен жоюшубуз керек”,-деген пикири эске түшөт. Ушул алкактан алып караганда Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков  паспорттогу “улуту-кыргыз” деген графаны кайра  калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, кылымдан-кылымга сакталып келе жаткан улуттук өзгөчөлүгүн, баалуулуктарын окурмандарына таанытуу максатында азербайжан жазуучусу Жалил Меммедкулузаденин “Миллет”(Улут) чыгармасынан үзүндүнү берген сыяктуу. Бул чыгарманы окуган окурман “улут” деген сөздүн кайдан чыккандыгын, анын касиеттүүлүгүн жана тамыры кайда барып такаларын түшүндүрүүгө жана таанытууга багыт берет деген ишенимде киргизсе керек. Бул жагы да колдоого арзыйт. Келечек дагы ойго салаар улут деген маселени. Тирүүлөр ойлончу дагы бир чыгарма “Өлгөндөр” пьесасы. Бул пьесанын мазмуну өлгөндөр тирилип келсе, тирүүлөр кандай кабыл алат деген суроонун жообуна Жалил Меммедкулузаде өзү жооп берет. Көрсө, өлгөндү ыйлап узатат экенбиз. Азыр тирилип келсе эле, аны кучактап, баарыбыз кубанып, тосуп алчудай боло берет экенбиз. Бул кайгынын учурунда гана ойлойбойбуз. Бирок убакыт өткөн сайын бардык нерсе унутулат дегендей, өлгөндү да унутабыз. Ал убакыт өткөндө тирилип келсе, чындыгында тирүүлөр аны кубалап, сен кайдан келген жинсиң, жогол деген жаман сөздөргө чейин айтып, тирилип келген адамды кайра артка качырабыз деген жазуучунун жыйынтыгы окурманына таасын таанытат. Бул дагы чындык. Мындай пьесанын жыйнакка киргизилиши окурмандарына тирүүлүктүн акыркы кайткыс чеги, бул – өлүм. Аны эч убакта кайра ордуна калыбына келтирүүгө болбойт деген ишеним түбөлүктүү жана бузулбас мыйзам катары кабыл алыш керектигин жазуучу окурманына түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирөөнүн айтканына ишенип, анын сөзүн мыйзам катары кабыл албай, ар дайым өзүңдүн ой жүгүртүүң менен чечим чыгарууга аракет кыл деген тирүүлүктүн талабы да байкалат. Адамзаттын баалай турган дагы бир улуттук манилүүлүгү - эне тили. Автордун китебинде Азербайжан элинин фольклористи, белгилүү адабиятчысы, филолигия илимдеринин доктору Бахтияр Вагабадзенин “Вэтэнден-Вэтэн”(Мекенден мекенге),“Ана дили”(Эне тил) аттуу ырларына токтолуп өтсөк. Аталган акын-окумуштуунун ырлары мекенчил, патриоттук духта жазылган. Эң негизгиси азербайжан тилинде “мекен”деген сөз “вэтэн” деп айтыларын билдик.  Чыныбай Турсунбековдун акындык чебердиги “Эне тил”ырынын кыргызча котормосунда байкалат. Мисалы Азербайжан тилинде:

Дил ачанда илк дэфе ана сөйлэйэрик биз,

“Ана дили”адланыр бизим илк дерслийимиз,

Илк махнымыз Лайланын анамыз өз сүдүйле,

Ичирир рухумуза бу дилде гилэ-гилэ.

Бу дил-бизим рухумуз, ешгимиз, жанымыздар. [3.118-б.]

Кыргызчасы:

Тил чыкканда биринчи “эне”деп биз сүйлөйбүз,

Эне тилде жашоонун алиппесин үйрөндүк,

Дөөлөтүбүз Лайлини сүтү менен энебиз,

Рухубузга сиңирген, эч унутпай келебиз.

Бул тил биздин рухубуз, акыл-эс, салтыбыздар.                                

Урматтуу окурман салыштырып окуп көр. Түрк тилдүү элдердин тили канчалык бири-бирине жакын экендигин байкасак болот. Экинчиден, Чыныбай Турсунбеков азербайжан тилиндеги “Ана дили” деген аталышты “Эне тили” деп которуп, ырдын түп нускасында жазган автордун ойлоруна дагы көрк берип, көркөмдөтүп которуп берген. Биринчи сабындагы автордун “Дил ачанда илк дэфе ана сөйлэйэрик биз” деген сабын кыргызча “Тил чыкканда биринчи “эне”деп биз сүйлөйбүз,”-деген котормосунун мааниси кимди болсо да ойго салат. Себеби, бала оозанганда эле “апа, эне, же орус тилинде “мама”дейт. Бул табигый чындык. Бирок акыркы сабындагы түп нускадагы “жанымыздар” деген сөздү “салтыбыздар” деп которгону суроо пайда кылат. Бул сөздү түп нускадай эле “жаныбыз”деген сөз менен которсо болбойт беле?  Анда: “Бул тил биздин рухубуз, акыл-эсибиз, жаныбыз”, - деп которуп койсо болот го. Жан менен салт деген сөздүн айырмасы бар го? Мындай нукура тилдеги сөздөр кийинки кээ бир котормолордо да байкалат. Маселен, азербайжан элинин белгилүү акыны, драматургу, академиги жана коомдук ишмери Самед Вургундун “Менин арзум” аттуу ырын кыргызчасында “Менин кыялым” деп которулган. [3.100-101-б.] 

Аталган ырдын башындагы Б.Адилдин төрт сабынан мисал  келтирсек.                    

Азербайжан тилинде:

Даддымса алэмин хэр немэтини,  

Дилбар гушаларда өтдүсэ өмрүм,-                                                                                  

Дүнйианын эн бөйук сэадэтини,

Бу бойлу чынарын алтында гөрдүм.                                   

Кыргызчасы: 

Жашоонун не деген жыргалын таттым,

Канча бир сулуунун коюнун ачтым.

Баары бир дүйнөнүн эң чоң бактысын,

Мен ушул чынардын түбүнөн таптым - деп кыргызча которулган. Эң алгач окуганда эле тектеш түрк тилдеринин жакындыгын байкайбыз. Бирок түп нускасын окусаң, эмнегедир ырдагы саптардын бири-бирине уйкашпаган сыяктуу сезилет, же азербайжан тилин билбегенге байланыштуубу? Бирок Чыныбай агайдын котормосун окусаң, дароо уйкаштык да сезилет, ырдын мааниси да түшүнүктүү, атүгүл көркөмдүү окулат. Бирок, акыркы түп нускадагы эки сапты окусаң, автордун туюнткан ою толук  которулбай калган сыяктуу сезилет. Бул саптарды сөзмө-сөз которсо болбойт беле деп, өзүңүн вариантында: Дүйнөнүн эң бийик бактысын,

Бу бойлу чынардын алдынан көрдүм, - деп сунуштасаң да, котормочунун котормосуна жакын синонимдик уйкаштык пайда болгонун байкасың. Демек, Чыныбай Турсунбеков кээ бир учурларда акындык өнөрүнүн таасиринде которгонун байкайсың. Ушундай багытта жыйнактагы дагы башка акын-жазуучулардын чыгармаларын талдоого боолор эле. Бирок бул келечектин иши. Автор Кыргызстандагы акындык поэзияда таанымал “Мөөмөлүм” ыры менен түбөлүк жашап калган акын Барпы Алыкулов, алдыңкы агартуучу Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Чынгыз Айтматов сыяктуу белсемдүү акын-жазуучуларды түрк дүйнөсүндөгү жыйнакка киргизгени да кубантат. Эң негизгиси эмгектин жаралышы жана окурмандарга жарыяланышы. Чыныбай агайдын аталган эмгегинин пайдасы жалпы түрк дүйнөсүндөгү алектенип келе жаткан кесипкөй изденүүчүлөргө эң эле керектүү эмгек болуп каларына шексиз.                            

Назгүл Турдубаева,

 Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти

Адабияттар:                                                                      

1. Үкүева Б.К. Түрк элдер адабияты. Ош,2002,182-бет.

2. https://www.trt.net.tr/kyrgyz/programmalar-1/2018/01/29/turk-duinosunon-tandalmalar-2-898824          

3. Турсунбеков Ч. XX кылымдагы түрк дүйнөсүнүн адабияты. Бишкек: Турар, 2019, 531-бет.

4. Артыкбаев К. Кыргыз улуттук белгисин жоготобу? // Кыргыз туусу,1996,30-март. Китепте: Бүтпөгөн күрөш баяны.Бишкек,2006, 626-629-беттер.