Г.Исаков: “Тажик тарап акыркы мезгилде кошуналык мамилелерге жана дипломатияга туура келбеген кадамдарга барып жатышат”

 

- Гүлжигит мырза, чек арада өрттөлгөн үйдү кыргыз тарап салып бере турган болгонун: “тажиктер өрттөгөнүн мойнуна албай жатат” деп түшүнсөк болобу?

- Тажик тарап акыркы мезгилде кошуналык мамилелерге жана дипломатияга туура келбеген кадамдарга барып жатышат. Эсиңиздерде болсо, ушул жылдын башында дагы Көк-Ташта үйлөрдү өрттөө аракети болгон. Кудай жалгап, ишке ашпай калган . Бирок, 8-майда максаттарына жетишти.  Кандай болгон күндө да биздин бийлик мындай жагдайларды алдын алып, мурдагы үйлөрдү өрттөө аракеттеринен сабак алышы керек.

Бу сапар да унчукпай койбой, өрттөнгөн үйдү төлөтүшүбүз керек. Тажикстанга келтирген зыянды төлөтүү талабын катуу койбосок, мындан ары үй өрттөө өнөкөткө айланып кетет. Анткени, алар максаттарына кадам сайын жакындап жатышат. Мына ушул маселелердин алкагында шалаакылыкка жол берип жаткан мамлекеттик  жетекчилерге  чукул арада  ишке ашыруу зарыл болгон 13 сунуш менен кайрылдык.

- Эмне үчүн Акрам Мадумаров “чек араны жапсак, тажик эмес кыргыз тарап зыянга учурашы мүмкүн” деди?

- Ал  бул сөзү менен Кыргыз Мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн, улуттун улуулугун, улуттук кызыкчылыгын жогору койбогонун далилдеди. Рычагдарды колдонуп, жерлерибизди сактап калышыбыз керек. Тажикстанга рычагдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү Ислам Каримов Өзбекстанды башкарып турган учурга караганда азыраак болсо дагы, дагы деле бар. Рычагдарды мекенчилдик жана мамлекетчилдик сезимдер менен чечкиндүү түрдө колдоно башташыбыз кажет. Жерлерибиздин кетишинен өткөн зыян жок!

Акрам Мадумаров статистика менен Тажикстанга болгон расмий экспортту жана импортту жарыялап, анын Кыргыз Республикасынын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшүн айтса, айткандары ынанымдуу болбой калат. Расмий көрсөткүч өтө эле төмөн. Эгерде, иш жүзүндөгү соода жүгүртүү көп деп кыйыткан болсо, анда аткезчилик көп болгонун мойнуна алган болот.

Тар чөйрөнүн кызыкчылыгынан жалпы улуттук кызыкчылык жогору турбаган өлкөдө көп жоготуулар болот. Биз, Кыргыз Мамлекетинин жарандары катары иш жүзүндө мамлекеттүүлүгүбүздү ар тараптуу жолдор менен, комплекстүү мамиле менен сактап калууга милдеттүүбүз.

- Эмне үчүн чек ара чыры барган сайын тереңдеп, тажик аскерлери баягыдан улам кыргыздар жашаган үйдү өрттөй баштады?

- Мамлекеттик бийликтеги чечкинсиздиктин жана компетенциянын жоктугу ага себеп болууда. Каалоо, жоопкерчилик, изденүү, милдет сыяктуу түшүнүктөр ойгонмоюн, бүгүн аз каражат менен эле оңой чечиле турган маселелер эртең көптөгөн акча менен дагы чечилиши кыйынга туруп калышы мүмкүн...

- Баса, Өкмөт башчы депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “талаштуу жер кимдир бирөөлөр тарабынан арендага берилип кеткен”- деген жообун айтты го. Ошондо кайсы бийлик арендага жер берип койгон болот?

- Өкмөт башчысы божомол менен сүйлөбөшү керек. Ал кандай гана маалыматтардын үстүндө “отурат”? Сиз сураган суроо Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарын туташтырган 275 метрлик стратегиялык жол тилкеси тууралуу болуп жаткан болсо, ал Николай Танаев өкмөт башчысы болуп турган кезде токтом менен эле чечип салганы айтылып жүрөт. Ошондой эле Тажикстан менен жер алмашууга барабыз деп биздин тарап чечимдерди кабыл алгандан кийин, Тажикстан тарап өздөрү берген убаданы аягына чыгарган эмес деген маалымат да бар. Кечээ жакында ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин ошол кездеги чакырылышы бул жерди кошуп, ратификациядан өткөрүп жибергенин айтты. Архивдерди көтөрүп чыгуу керек. Адахан Мадумаровдун мезгилинде  ал жерди ижарага алганы факт болгон. Ал  ишибизди ого бетер татаалдаткан. Ал протокол эле болгон. “Протокол менен ратификациянын ортосунда чоң айырма бар”- деп ликбез жүргүзгөнү менен, тажик тарапка кандай документ болсо дагы, бир кагаз эле болсо болду экен. Ал эле эмес, кагазы жок деле биздин жерлерди талашып жаткандарына күбө болуудабыз. КРнын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 2019-жылы 11-сентябрда Ак-Татыр айылдык аймагынын депутаттарына 5-35722 номер менен жазган катында ал жерди “Тажикстан тарапка таандык”- деп жазган. Эң туурасы, сүйлөшүүлөрдүн башталышына себеп болгон убадаларды архивдерден карап чыгып, кайсы тарап келишимди аткарбаган болсо, бир тараптуу кабыл алынган токтом болобу, ратификация болобу, экинчи тарап дагы келишимде берген убадасын аткарбаганы үчүн автоматтык түрдө жокко чыгышы керек. Биз өзүбүзчө эле бир тараптуу токтом кабыл алып, ратификациялап, өзүбүзгө зыян келтире бергидей келесоо эмеспиз. Хронологиялык тизме менен карап чыгып, ката кайсы жерден кеткен болсо ошону оңдоого басым жасашыбыз керек. Тажик тарап “катаны дагы оңдобойбуз, ушул бойдон калсын!”- деген позицияны кармана берсе бул маселе чечилбейт. Аларды өз тарабынан берген убадаларды аткарууга мажбурлашыбыз керек. Саясат институту, рычагдар ушундай күндөр үчүн бар. Мындан ары, биздин жетекчилер жүз өлчөп, бир кеспей туруп, жөнөкөй кагазга дагы кол койбошу керек. “Институционалдык эс тутум” деген түшүнүк бар. Мурдагы жетекчилердин саясатын кийинки келгендер туурасын улантып, катасын оңдошу керек да. Кийинки келген жетекчи мурдагы жетекчилердин жүргүзгөн саясатын эске албай склероздой эле мамиле жасай берсе, Мамлекетибизден эмне калат?!

- Эми сөздү өкмөттүн антикризистик программасына бурсак. Өкмөттүн жарыялаган антикризистик программасы чындап эле ишкерлерге, элге жеңилдик бере ала турган жагдайда түзүлүптүрбү?

- Учурдагы өкмөт башчысы жогорку трибунада өзүнчө сүйлөнүп жатканы жалпы картинадан кабар берүүдө... Логика издөөнү токтоттук бул чечимдерден. Аны таппай тажадык.

-  Ишкерлер эки жыл текшерүү болбосо эле иштери илгерилеп кетеби?

- Туура багыт берилсе, стимулдарды туура жарыяласа, бул кыйынчылыкты туура пайдаланып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Эскирген үйдү бузуп, жаңысын салсамбы же салбасамбы деген эки анжы болуп турган учурда кырсык келип, үйдү бузуп кетти. Эми мында наалыбай, мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып кетүү зарыл. Салыктан бошотулгандарга 100% ачыкка чыгуу шарты коюлушу керек. Бул кадам орто жана узун мөөнөттө үзүрүн берет.

- Араң турган экономикабызды кыйратып алдык. Эми аны канча убакытта, кандай жолдор менен эпке келтиребиз?

- Улуттук активдерибизди инвентаризациялап чыккандан кийин аларды үч топко бөлүшүбүз зарыл. Биринчи топко юридикалык жактан таза болгон, коррупционерлердин колу тийе элек активдерди кошобуз. Экинчи топко юридикалык жактан мамлекетибизге оор кырдаалды жаратышы мүмкүн деп болжонгон активдерди кошсок болот. Үчүнчү топко “мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибердик, үмүт жок” деген активдерибизди топтошубуз зарыл. Бир концепция менен, компетенттүү менеджментти дайындаса биз эңсеген жыйынтыкка жетсек болот. Үчөөнө үч башка тактика колдонуп, жалпы стратегия менен иш алып баруу керек.  Туура саясат жүргүзүп, жакшы фундамент түзүп алсак, 5 жылда такыр башка өлкөгө айлансак болот. Анын белгилерин 1-2 жылда көрсөк болот.

- “Өкмөт шалаакы, өкмөт, иштин көзүн таба албайт” дейбиз. Эгер өкмөт чындап начар иштесе, эмнеге депутаттар олчойгон сындарды айтат да, кайра иши канааттандыралык деп добуш беришет. Бул жерде элге байкатпоого аракет кылган бирок, кимдир бирөөлөрдүн тапшырмасын тымызын аткарган махинация болуп жаткан жокпу?

- Сурооңузду уккандан кийин, “чөнтөк парламент”, “кол бала парламент”, “гайкасы оңой буралган парламент”, “калбыры барлар, эрки жоктор топтолгон институт” сыяктуу түшүнүктөр ойго келе түштү негедир...

“Театрды” талкуулоонун кереги деле жок. Булар элге “Камасутранын” бардык ыкмаларын колдонуп бүтүштү. Кайталана башташты. Адаттагыдан сырткары, жаңы ыкмаларды ойлоп табышына жана элге каршы колдонушуна жол бербешибиз зарыл. Көздү чоң ачып, аң-сезимди ойготуп, кел-келди келтирбесек болбой калды.

- “Маска тагынбасаң айып пул салабыз, салык кызматынан справка алып келбесең, ишке чыкпайсың” деген саясат элдин нааразычылыгын ого бетер күч алдырып, бийликке болгон ишенимин таптакыр жоготуп койбойбу?

- Галстук тагып, ак көйнөк кийип, чачтарын сонун тарап, унчукпай, момун болуп отурушса сырттан билинбейт экен... Качан сүйлөй баштаганда же текстти окуй баштаганда, мыйзамдарды кабыл ала баштаганда булардын чыныгы жүзү ачылып калат тура. Эл ушундай көрүнүштөрдү адаттагыдай кабыл ала баштайбы деген чочулоом бар. “Акыр заманда аяк баш болор, баш аяк болор” деген акыйкатты көрүп жатат окшойбуз. Кыямат кайыңга чейин дагы заман бир оңолот, анан кайра эски жолуна түшөт деген маалыматка таянып, үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Элдин кыжырын келтирген саясат мамлекеттүүлүгүбүздү алсыздатканы үчүн андан абайлашыбыз керек.

- Эл пенсия алар, албасы белгисиз болуп жатканда парламент тарашы керекпи же мөөнөтү бүткөнчө иштеши керекпи?

- Бюджетти секвестирлөөгө баруу зарыл. Ашыкча чыгымдарды кыскартууга барбасак болбойт. Бюджет кабыл алынып жаткандагы абал менен учурдагы абал башка, демек, бир сыйра көз жүгүртүп, учурга ыңгайлаштырууга барып, ысырапкерчиликтен, кайталанган функциялардын арылышыбыз зарыл. Эми парламенттин бары-жогу деле билинбей калды. Эл көзүнө гана кыйкырымыш болгон, жогорудагы көрсөтмөлөрдү тастыктоочу гана институтка айланды. Жогорку Кеңеш бир институт болгондон бери мындай кордукту көрө элек болчу. Бары-жогу билинбеген парламенттин кете бергени  оң болот го.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №15 (448), 15-май 2020-ж.