А.Акматов: “Жакырчылык эле эмес, ачка калуу коркунучу пайда болду. Күнүмдүгүн күнүмдүк тапкан миңдеген жарандарыбыз мына ошондой абалда калды!”

- Айданбек мырза, депутаттардын көпчүлүгү “ишин жөндөй албаган өкмөт” деп сындап жатышып, жыйынтыгында отчётун жактырды. Демек, өкмөт канааттанарлык эле иштеп аткан болуп калабы?

- Жогорку Кеңеште отурган депутаттар үчүн өкмөттүн иши канааттандырарлык экен. Алар ушундай добуш бергенден кийин биз ошондой тыянак чыгарууга аргасызбыз. Калктын, кыргыз мамлекетинин, экономикасынын оор абалын карап туруп, биз депутаттардын баасына кошула албайбыз. Депутаттар кээде бар экенин билдирүү үчүн же жеке маселесин чечүү үчүн өкмөттү бакылдап сындап коюшат. Анан соодалашат. Жеке маселесин чечишет. Анан канааттандырарлык деп добуш беришет. Мындан мамлекеттин иши аксай берет, элдин абалы оорлой берет...

- “Бул өкмөт турганда чек ара маселеси чечилбейт. Элди да, өзү да кыйналбай Абылгазиев отставкага кетиши керек”- дешчү. Отчёту жактырылган өкмөт эми отставка тууралуу ойлонбой калабы?

- Чек ара маселеси бир жактуу эмес, эки тараптуу сүйлөшүү негизинде чечиле турган нерсе. Биздин өкмөттүн, бийликтин аны чечүү үчүн канчалык батыл болуп жатышы, чыныгы күчтүү кадрларды тартпай жатышы бул өзүнчө маселе. Абылгазиев өкмөтү эт менен челдин ортосундагы өкмөт болду. Бирок да “шайлоого 4-5 ай калганда өкмөттү кетирүүнүн зарылдыгы барбы?”- деген суроо бар менде. Анткени Абылгазиев өкмөтү кетирилип, анын ордуна жаңы өкмөт келип, ишти баштаганча шайлоо болуп, дагы өкмөт алмаштырууга туура келет. Эки жылдан ашык мезгилден бери иштеп келаткан Абылгазиев өкмөтү калган убакта жазгы-талаа жумуштарын сапаттуу жүргүзүп, коронавирус жараткан кризистен чыгуунун жолун таап, кышкы жылытуу сезонуна даярдыгын көрүп, милдетин аткарып турганы оңбу деп ойлоймун. Азыр төлөбөөчүлүк күч алды. Энергетика, жылытуу тармактарына эки-үч ай төлөбөй турууга уруксат берилди. Аларга акча түшпөй калды. Эми Бишкек Жылуулук борборуна көмүр сатып алуу, башка энергетика, жылытууга байланыштуу мекеме-ишканалардагы оңдоп-түзөө иштери үчүн тетик, жабдууларды сатып алуу жагы кандай болот? Маселе көп. Мына ушул нерселер чечилиш керек.

- Депутаттардын басымдуу бөлүгү башында сындап, жыйынтыгында канаатаандырарлык деген баа берүүгө аргасыз болушту. Жогору жактан өкмөттү колдогула деген буйрук кеткен эмеспи?

- Президент үчүн да кыйчалыш мезгилде өкмөттү кетирип, анан жаңы өкмөт түзүп отуруу канчалык керек? Экинчи жагынан Абылгазиев өкмөтүнүн кашаңдыгы, кырдаалды түзөп кетүүгө кудуретсиздиги жанды кашайтып, убакытты уттуруп жиберебизби деген да суроолорду жаратат. Мен жогоруда айткандай, парламенттик шайлоо жакын. Жаңы өкмөт келип, оңдонуп-түзөнгөнчө дагы өкмөт алмаштыруу керек болот. Ушундай бир абал түзүлүп турат?..

- Акрам Мадумаров мал доктур. Ал экинчи билимди юрфактан алганы менен чегараны чече албайт дешет. Неге социалдык тармактарга зоотехник, агроном, мугалимдерди дайындагандан өйдө боло албай жатабыз? Же чындап эле мыкты кадрларды дүрбү менен издеп таппай калган учурга кептелдикпи?

- Мал доктур болобу, зоотехник болобу, ал маселе эмес. Мындай кесипти аркалаган канчалаган мыкты адистер, инсандар бар. Кадр тандоо, тарбиялап өстүрүү жагы СССР мезгилинен кийин алсырап отуруп, азыр эми такыр колдон чыгып калган абалга келип калганы кейиштүү. Ар бир партия өзүнүн кадрларын сүйрөп, кадр саясаты чакчелекейге түштү. Элементардуу сөздү туура айта албагандар парламентте тантырап, өздөрүнүн да, Жогорку Кеңештин да кадырын кетирип бүтүштү. Акрам Мадумаров чек ара маселесин чечүүгө дайындалган. Бир аракетин жасап жаткандыр. Бирок ал чечип жиберет дегенге менин да көзүм жетпейт. Анткени маселе абдан татаал. Андан жогору деңгээлде да чечүү кыйын болуп турат. Бирок да “кыбыраган кыр ашат” дегендей, сүйлөшүүнү улантып, компромисс табуу жагына басым жасаш керек. Эгерде кошуна мамлекет дымак көрсөтсө, анда ошого жараша реакция жасап, чечкиндүү кадамдарга баруу абзел. Тажикстан менен жолду жабуу, чек араны чечүүдөн башка маселелер боюнча карым-катнашты минималдаштыруу дегендей.

- Кубанычбек Жумалиевдин куран кармап, чогулткан мүлкү ак мээнет менен табылганын айтканы эч кимди ынандырган эмеспи. Финполиция иликтөө ишин баштаптыр го?

- Кубанычбек Жумалиев Акаев учурунда өкмөт башчы болду, президенттик администрацияны башкарды, транспорт жана коммуникация министри болду, биринчи вице-премьер-министр болду. Ал мына ушул жогорку кызматтарда турганда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү таламай заманы болду. Мына ошондо Жумалиев кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик мүлктү болушунча колуна алганы талашсыз. Бул баарына белгилүү. Анан куран карманып актануусу айласы кеткендин иши. Акаев устаты да “Кумтөрдү” бүтүндөй сатып, элине чыккынчылык жасап туруп деле эч нерсе болбогондой жүрбөйбү? Куран кармап жибергени анткорлук боюнча устатынан шакирти өткөнү. Бирок таламай менчиктештирүүгө абдан көп чиновниктер катышкан. Жумалиев маселеси каралса, анда калгандары да каралыш керек. Бирок бул нерсе чоң жаңжалга, хаоско алып келет. Финполициянын иликтөөсүнө келсек, Жумалиевдин байлыгын иликтөө артында ар кандай максаттар жатышы мүмкүн. Биринчиси, Жумалиев байлыктары боюнча айтылып жаткандан кийин, коомчулук ал жөнүндө сөз кылып жаткандан кийин, “расмий органдар эмне кылып жатат?”- деген суроо пайда болот. Ошонун алдын алган, “мына биз да карап жатабыз” деген жооп болушу мүмкүн. Экинчиден, Жумалиев сыяктуу артында колдоосу аз мурунку чиновниктерди куугунтуктап, коомчулуктун көңүлүн мына ошолорго атайын буруп, “мына коррупционер, уурулурды кармап жатыбыз”- дегендей шайлоо алдындагы атайын айла болушу да мүмкүн. Мунун түпкү максаты азыркы чоң ууруларды, бийликтин алешемдиктерин көз жаздымдан чыгарып кетүү десек болот. Жумалиев жана башкаларды “обезжирование”, мүлк бөлүштүрүү болушу да мүмкүн. Биз Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мүлктөрүн алып, кайтарып көрдүк. Элге, мамлекетке берекеси болгон жок. Бир уурунун колунан экинчисине өтүп отуруп, ал мүлктөр дайыны жок болду. Байларга каршы туруу эмес, экономиканы өстүрүү, ишкерлердин потенциалын пайдалануу биздин идеология болуш керек деп эсептеймин.

- Өкмөттүн антикризистик программасында ишкерлерди эки жыл текшербей койсо эле аларга колдоо көрсөткөн болуп калабызбы?

- Бул өкмөттүн тил эмизгени, кезектеги кургак сөзү. “Жумушка барышың үчүн справка ал, салык инпекциясына бар” деп, эркин иш баштоого уруксат бербей жаткан өкмөт эмне деп тантырап жатканын өзү да билбей жатат окшойт. Текшерүүңдү мындай коюп тур, ишкерлердин ишине кенен барып, иштөөсүнө жол бер. Жолун тоспосун бийлик, өкмөт.

- Өкмөт сунуштаган антикризистик программадан элди жакырчылыктан сактап кала турган жана кризистен чыгара турган аракеттери байкалдыбы?

- Жакырчылык эле эмес, ачка калуу коркунучу пайда болду. Күнүмдүгүн күнүмдүк тапкан миңдеген жарандарыбыз мына ошондой абалда калды. Анткиризисттик программа жөнүндө сөз көп, бирок аны ишке ашыра турган каражат жок. Мамлекетте андай мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт, президент айлык маяна, пенсия төлөй албай калуу алдында турат...

- Маскасы жокторго айып пул салынаарын Бишкек шаарынын мэри эскертти. 10 кг өкмөттүн унун алаганга аргасыз болгон эл олчойгон айып пулду төлөй алабы?

- Бишкек мэринин бул сөзү катачылык болуп калды. Ойлонулбаган сөз болуп калды. Адистер кеңешин угуп, анан сүйлөсө жакшы болмок. Маселен, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маска тагуу оорулар менен байланышта болгон дарыгерлер, адамдар үчүн зарыл дейт. Калган учурларда маска тагуунун пайда, зыяны иликтенип жатат деп, бир жактуу сунушун айтпайт. Россия бийлиги коомдук транспортто, соода жайларында жана ишканаларда маска тагууну сунуштайт. Бул акылга сыярлык сунуш. Бишкек мэри Суракматов маска такпагандарга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат деп коркутат. Кайсыл жерде же учурда такпагандарга айып пул салынарын тактабайт. Мындай чаржайыт жана ойлонулбаган чечимдер өзүм билемдикке, өкүм зордукка, адамдарды кыйнап акчасын алууга алып келет. Мэрдин көздөгөнү ушулбу? Көчөдө маска тагуу милдеттүү болсо, анда терезелерди ачып желдетүү да коркунучтуу деген абсурддук чечим чыгарыш керек го... “Боекчу, боекчу десе сакалын кошо боептур” дегендей маска тагыш керек десе тоо-талааларда да маска тагып алгандар көбөйдү. Адам аз көчөлөрдө, жалгыз автоунаа айдап баратканда да маска тагып жүргөндөр көп учурайт. Медицина илимдеринин доктору Ташболот Балтабаев минтип таза абада, жалгыз жүргөндө маска таккандар деми менен чыккан көмүр кычкыл газына өздөрү ууланып, ден соолугу зыянга учурарын эскертет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №15 (448), 15-май 2020-ж.