М.Казакпаев: Эптен элдин колдоосуна алыныш үчүн партия лидерлери акылга сыйбаган фантастикалык убадаларды берип жатышат

 

Саясый сепепчи Марат Казакбаев менен кызып жаткан шайлоо тууралуу сүйлөшүп, “кайсыл партиянын шансы бар, эл бу сапар акчага, аракка, бир кесим этке алданбайбы?”-  деген суроолорго жооп алдык.

 

- Марат агай, бул шайлоодо кайсыл партия алдыга озуп, кайсыл партия артта калышы мүмкүн?

 

- Менимче шайлоо кампаниясында реклама берип, үгүт ишин активдүү жүргүзүп жаткан партиялар ийгиликке жетет.  Эл менен жолугуп, үгүттү катуу жүргүзгөн партиялардын шайлоо учурундагы эмгегин эске алганда, алты-жети партиянын парламентке келчү шансы бар.  Алар: “Республика - Ата Журт”, “Ата Мекен”, “Өнүгүү”, “КСДП”, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Кыргызстан”  партиялары.  Кыскасы, парламенттик шайлоого аттанган 14 партиянын жетөөсү эле шайлоодо жеңишке жетишип,  башкасы жете албай калат.  Себеби, буга чейинки шайлоо системасын эске алсак, шайлоодо тымызын жүргөндөр эмес, элге жолугуп,  үгүт ишин катуу жүргүзүп, элдин маселесин  чечкендер  ийгиликке жетчү. Бу сапар деле ошол жагдай орун алат.

 

- Катуу үгүт жүргүзүп жаткан партиялардын берген убадалары реалдуу элеби? Же аша чаап кетип жатышабы?

 

- Кээде реалдуу, кээде элдин колдоосуна алыныш үчүн аша чапкан убадаларды берип алганын туйбай калып жатышат. Айтайын дегеним, эптен элдин колдоосуна алыныш үчүн партия лидерлери  кээде акылга сыйбаган фантастикалык убадаларды берип жатышат. Ага ким ишенет, ким ишенбейт - 4-октябрдагы шайлоо чекит коёт. Менимче, партиялар шайлоо бүткөндөн кийин берген убадаларын эстеп уялат болуш керек.

 

- “Биометриканын жардамы менен шайлоо таза өтөт” деп ишенсек болобу?

 

- Ишенгим келет. Анткени, башка шайлоого салыштырмалуу биометрика менен өткөн шайлоо таза болот. Анткени, компьютер санайт. Шайлоо участкасындагылар бүткөндөн кийин дагы бир жолу шайлоого катышкан кишинин санын чыгарып, берилген добуштарды тактап санашат.

 

- Тайырбек Сарпашев бир эле киши 12 жолу биометрикадан өткөнүн айтты.  Эми элди алдап, биометриканын жардамы менен  добуш албаган  партиялар өтүп кетпейби?

 

- Биометриканы жамынып алдай албайт. Анткени, бир эмес 1000 жолу өтсө да бир эле участкадан шайлоого катышканга укугу бар. Кээ бирөөлөр азыртан эле “берген добушуңду соткаң менен тартып чык, анан акча аласың”- деген талап коюп жатышат. Бирок, бул шайлоодо ага окшогон нерсеге жол берилбейт.  Кабинага аэропорттон өткөндөй өтүп,  ашык нерсеңдин баарын таштап, анан атайын маркер менен бюллетенге жактырган партияңа  белги коёсуң. Ошон үчүн мурункудай шайлоо башаламандык менен өтпөйт.

 

Ага болбой эле оппозициялык көз караштагы саясатчылар, партияларбиометриканын жакшы жагын эмес жаман жагын айтып, коомчулукта тескери пикир жаратып жатышат. Чынында бул ыкма Европада эбактан бери эле колдонулуп, ал турсун жакшы тажрыйбасын берип келген.  Болгону, Кыргызстан Орто Азияда боюнча  биометрикага биринчи өтүп жаткандыктан, ушундай түшүнбөстүктөргө жол берилип, коомчулукта түрдүү көз караштар пайда болуп жатат. Мен ишенем, жакынкы жылдары кошуна мамлекеттердин баары шайлоону биометрика менен өткөрөт.

 

Анткени, биометриканын жакшы жагы көп. Азыркыдай болуп, эч ким жасалма паспорт алалбайт. Мамлекетке дагы кооптуу жагдай жаралбайт. Жасалма паспорт алган күндө дагы ал байкалып калып, кымышкер тез эле колго түшөт.

 

- Административдик ресурс колдонулбай, Сариев айткандай бардык партияга бирдей мамиле жасалып жатыбы?

 

- Мен да өкмөт башчынын айтканына ишенгим келет.  Бирок, шайлоого катышкан партиялар, кээ бир бюджеттен айлык алган мамлекеттик мекемелерде иштегендер  “КСДПны  шайлабасаң жумуштан кетесиң” деген аракеттер жасалып  жатканын айтып жатышат го. Кыскасы,  БШК, Мамкаттоо, укук коргоо органдары ушуга окшогон доомат коюлуп жаткан жерлерди тыкыр иликтеп  чыгып, таза шайлоонун өтүшүн камсыздашы керек.

 

- Бул шайлоодо  арак, акча, бир кесим эт роль  ойношу мүмкүнбү?

 

- Ошондой жол менен да добуш алабыз дегендер бар. Бирок, акчасына,  сойгон малына, дагы бир башка нерселерине карап эл шайлайт деп ишенгим келбейт. Анткени, мен таза шайлоонун өтүшүн колдойм.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, №39, 22.09.2015-ж