Н.Айтбекова: "Аң сезим ойгонмоюн бара турчу жерибиз саз!"

Мыйзамсыз өлкөнү өзүбүз жараттык! Баарына “Макул!” дедик, кайдыгер карадык, өзүбүз пара бердик, тууганыбызды бийликке түрттүк! “Ал өз бала да!” дедик. Акчасын алып, макоо депутаттарды алып келдик. Алардын акчасын алып алган соң, “Менин көйгөйүмдү кара эми!” дегенге тил кыска болуп жатабы? Ошентет!

Өзүбүзгө, балдарыбызга, жашообузга, тегерегибизге, өлкөгө, башкасына кайдыгер караган сайын ошол кайдыгерлик башыңа чокмор болуп тие берет! Тебеленип көнүп калган адамга тебелеп атканы маани бербей калат. 

Кыздары кор болуп, зордукталып жатса деле көзүн жумуп, кулагын жапырып койгон энелер көбөйгөн сайын, балдарын туудуруп, келжейип басып кетип, тагдырына “чыйт” түкүргөн аталардын саны өскөн дагы көчүккө киребиз! Ошол муун тазаланмайын, дагы батчу жерибиз бар. 

“Азыркы бизди сактай турчу нерсе билим!” десек, билимди тебелеп өткөнү көп. “Ой, кокуй, маданиятты көтөрөлү!” десек, кош мамиле кылганы арбын. Аң сезим ойгонмоюн бара турчу жерибиз саз! Кыязы, коом ойгонмоюн дагы далай кызыбызды ак кепинге оройт окшобойбузбу?!