Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын ар бир район, шаарларына орус мектептерин куруу боюнча макулдашуу болгону эсибизде. Ошол макулдашуу акырындап ишке аша баштады окшойт.

КР билим бирүү министри Алмаз Бейшеналиев россиялык кесиптеши Сергей Кравцов менен жолугушуп, бул маселе дагы бир ирет  козголуп, биротоло бышыкталды. Ага ылайык, Россия Кыргызстанга 9 орус тилинде окуткан мектепти курганы жатат. Балдарга билим берүүчү мекемелердин курулганы албетте, жаман эмес. Бирок андан ким утат?

Жашыруун эмес, Кремль акыркы жылдары орус тилин сактап, өнүктүрүү саясатын күчөттү. Ал үчүн мүмкүн болгон жерлерде орус мектептерин ачууда. Кыргызстанда Россиянын билим берүү стандарттары менен иш алып барган мектептерди ачуу менен орус бийлиги потенциалдуу мигранттарды, орус тилин алып жүрүүчүлөрдү даярдоо, көбөйтүүнү көздөп аткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Баарынан кызыгы, Россия өкмөтү мектептердин иштөөсүн кармоону Кыргыз өкмөтүнүн эсебинен ишке ашырганы жатат. Ал мектептерде иштечү мугалимдердин маяналары кыргыз өкмөтүнүн мойнунда болору буга чейин айтылган. Өзүбүздө мугалимдер жетишпей, алардын айлыктарын берүү кыйынга турган чакта “бечелге жөтөлдүн кереги бар беле?”. Бул биринчиден.

Экинчиден, Россиянын мектептеринен кыргыз тилин, дилин чангандар, орус тилин сүйгөндөр чыгып, алар окууну бүтөрү менен Россияны көздөй агылыша башташса кандай болот? Ансыз да мамлекеттик тилибизди жетишерлик деңгээлде өнүктүрө албай, айлабыз кетип аткан кезде бул да ашыкча баш оору болору турган иш. Кандай болгон күндө да мындан Россия тарап эле утпаса, Кыргызстандын утарынан утулары көп болору талашсыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити