- 5-октябрда элдин толкуну менен Кыргызстанда бийлик мыйзамдуу майдандан чыгып кетти. Өкмөт жок, Жогорку Кеңештин кайда экени белгисиз, а президент Ак үйдөн сырт калды. Андан кийин мыйзам талаасына келүү үчүн Жогорку Кеңеш үч жолу чогулуп, Садыр Жапаровдун премьер-министрлик ордун мыйзамдаштырып беришти. Аны менен өкмөт укук талаасына кирди. Жогорку Кеңеш өз чечими менен мыйзам талаасында калды. Ал эми президент бийликтен кетүүгө арызын жазды. Мыйзам боюнча эгер президент мөөнөтүнөн мурда кетүүнү чечсе, шайлоого чейин анын милдеттерин Жогорку Кеңештин спикери аткармак. Бирок Канат Исаев бул жоопкерчиликти оозеки түрдө Садыр Жапаровго өткөрүп берди. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр катары буйруктарын, жарлыктарын чыгара баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып калса, эки айдын ичинде кийинки шайлоонун күнү жарыяланыш керек. Ушул жерден бир аз артка чегинели, 6-октябрда бийликти алмаштырган эл эмнени талап кылды эле? Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, 7 пайыздык босого чекти азайтууну, Форма №2ни жокко чыгаруу жана бир мандаттуу шайлоого кайтууну айтышкан. Бирок БШК жаңы парламенттик шайлоо жарыялаганы менен ал элдин бул талаптарын аткара албайт. Мыйзамда каралган эски шарттар менен эле шайлоо күнүн бекитүүгө милдеттүү, андан башка аракетке барса мыйзамсыз болуп калат. Демек, шайлоо кайра эле азыркы босого чек, күрөө, Форма №2 эрежелери менен өтөт. Бул бир.

Экинчиден, президент мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда 3 айдын ичинде жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек экендиги БШКнын мыйзамында жазылып турат. Бул шайлоону да убагы келгенде Боршайком жарыялайт. Бирок шайлоонун мыйзамдары эл күткөндөй өзгөртүлбөгөндүктөн, эски шарт менен баруу кайрадан шайлоо жыйынтыгына элдин нааразычылыгын жаратып, толкундоо күтүлүшү мүмкүн.

Ошондуктан, Садыр Жапаров элдин талабын аткаруу үчүн ушундай кадамга барууда. Биринчи президенттик шайлоо өткөрүп, шайланган толук кандуу мыйзамдуу президент шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө кол коюшу керек. Президенттин милдетин аткаруучуда мыйзамды өзгөртүүгө  кол коюу укугу жок. Андыктан биринчи президенттик шайлоону өткөрүүдөн башка арга жок. Андан кийин Конституцияны өзгөртүүнүн өзүнүн убактысы бар, элге чыгаруу, сунуштоо, талкуулоо жана макулдашуу болуп жатып арадан дагы 3 ай өтөт. Референдум өткөндөн кийин гана Жогорку Кеңештин келерки чакырылышын жаңы эреже, жаңы талап менен шайлоого жол ачылат. Бизди мына ушунда акыбалга революция алып келди. Элдик революция эволюцияга айланды.

Булак: "Майдан.kg" газетасы