Гезитибиздин өткөн санына саясый жана коомдук ишмер Топчубек  Тургуналиевдин 2010-жылы Убактылуу  Өкмөттүн мүчөсү кезинде демилгелеген “Мамлекеттик бийликти тазалоо (Люстрация) жөнүндө” мыйзам долбоору  (“Майдан”, 21.10.2020,  № 39) жарыяланган. Ал коомчулукта ар кандай  ой-пикирлерди, сунуштарды жаратууда. Мында алардын айрымдарына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Люстрация жөнүндө мыйзамды кабыл алуу - негизинен туура идея. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери экономикалык, социалдык жактан өнүкпөдү. Алсак, 1990-жылы Кыргызстандын ички дүң жыйымын ар адамга бөлгөндө 3400 доллардан туура келсе, өзүңүздөр билесиздер, ал азыр 1500 миң долларга да жетпейт. Прихватташтырууда мамлекеттик байлыкты талагандар, андан бери коррупциялык схемаларга активдүү аралашкандар гана байышууда. Элдин басымдуу көпчүлүгү кедейчиликтен чыга албай, алдуу-күчтүүлөр туш тарапка мандикер болуп кетип жатышат. Минте берсе Кыргызстанда бара-бара саясатчылар менен студенттер, кары-картаңдар гана калып, өлкөнүн келечеги бүдөмүк боло баштайт.

Өлкөбүздү 29 жыл талап, кризистин сазына биротоло айдап киргизип салгандар мыйзамдын алдында болбосо да тарыхтын алдында жооп берүүлөрү, эл өзүнүн Абыке-Көбөштөрү, көз камандары кимдер экендигин билиши керек. Ал үчүн люстрация мыйзамы кабыл алынып, анын реестрине киргизилгендердин тизмеси ЖМКларга жарыяланып, тийиштүү жерлерге илинүүсү зарыл. Ал реестрге киргизилгендер мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматтарга шайлануу жана дайындалуу укуктарынан ажыратылуусу, ал алардын балдарын, кыздарын  жооптуу кызмат орундарына, биринчи кезекте сот, прокуратура, УКМК жана ички иштер органдарына жооптуу кызматтарга  алганда да эске алынуусу зарыл. Эгерде алар башкаруу, укук коргоо жана фискалдык органдарда чоң кызматтарды ээлеп калышса, аталарын, апаларын люстрациялагандардан сөзсүз өч алганга аракеттенишет. Ата-тектери таза эместерди цивилдүү, демократиялык өлкөлөрдө мамлекеттик жооптуу кызматтарга жолотпоо - мурдатан келаткан көрүнүш. Анда эч кандай дискриминация жок, элементердуу сактык, этияттык. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, атасы же энеси  коррупциялык же криминалдык оор берене менен соттолгон адамды Башкы прокурор же Жогорку Соттун судьясы кылып шайлаганга болобу?

Биздин оюбузча, люстрация мамлекеттик учурдагы зыяндуу элементтерден гана эмес, кийинки потенциалдуу коркунучтарды алып жүргөндөрдөн да арылтууга багытталуусу зарыл. Ошондо гана ал өз максатына жетет.

Булак: "Майдан.kg" газетасы