-Каныбек агай, шайлоону утурлай уюшулуп жаткан дебаттар сиз күткөндөй өтүп жатабы же лидери жок өткөн дебаттар купулуңузга толбой жатабы?

- Дүйнөлүк саясий партиялык практикада анын лидерине катуу талаптар коюлат. Ага зор укуктар берилет жана аябагандай чоң милдеттер илинет. Ал партиянын баардык ишмердүүлүгүнө жооп берет. Партлидер сабаттуу, акылдуу, мекенчил жана кайраттуу инсан болушу шарт. Анын харизмасы катардагы мүчөлөрдөн өзгөчөлөнүп бөлүнүп турат. Ал - партиянын акыл эси жана жол башчысы. Ошондуктан ага ЛИДЕР деген жооптуу наам ыйгарылат. Бизде кандай болуп жатат? Бир нече аз эле инсандар жогорудагы мен айткан сапаттарга жооп беришпесе, калган көпчүлүгүнүн лидердик “касиеттерин” көрүп -билип турабыз. Алардын көпчүлүгү бир жекече коммерциялык фирманы жетектеп, киреше алуунун амалына малынып алган эле кокуйлар! Ошондуктан алардын көбү партиялык тизмелерге чыйрак жаштарды кошумуш болуп алышып, артынан өздөрү акмалап келе жатышат. Мына эми теледебаттарга дагы ошол “жаштарды” агытып жиберип жатышат. Мен баардык ММКнан суранат элем. Бир күнгө 16 лидерди чогуу чакырып, элдин алдына салып берсеңер жакшы болмок. Кимдин-ким экендиги ачыкталмак. Алар аркылуу программаларын билип, партияларынын дараметин сезмекпиз. Анан ар бир шайлоочу туура тандоого мүмкүнчүлүк алмак. Азыр болсо андай эмес болуп жатат! БШКнын дебаттарды уюштуруу аракети мурдагы эле көз боёмочулуктун уландысы  болуп калыптыр. Бул - формализм деп аталат. Кана жаңы инновациялык шайлоо технологиялары? Шайлоочуга бир тыйын пайдасы жок. Анткени, талапкер партиялардын сөзмөр, демагог мүчөрлөрү ойду-тоону сүйлөп коюп кетип жатышат. Ал эми жооп бере турган лидерлердин көбү ширманын артына туруп алышып өздөрүнүн депутат боло турган саатын гана күтүп, аңдып отурушат. Бүгүнкү шайлоонун акыбалы ушундай, аттиң гана дейсиң да!

- Аравандагы партиялар арасындагы чыр боюнча милицияларды кызматтан алып, иликтөө иши башталыптыр. Негизги күнөөлүүлөр жазаланышы керекпи же милициялар иштен четтесе эле маселе чечилип калабы?

- Албетте! Бирок, эми анык күнөөлүлөр жаза алышабы, же учурдан пайдалана коюшуп, оппоненттерин жыга чабышабы? Кептин баары ушунда! Аравандын райондук милиция кызматкерлерин жумуштан алгандыктары, балким туура эле болгондур! Аны укук коргоо органдары териштирет. Бирок, ушул жаңжалды уюштурган партиялар токтоосуз жазаланышып, керек болсо шайлоодон четтетилиштери керек. Болбосо эртең эле бул көз жаздымда калган кылмыш иши Кыргызстандын башка жерлеринде кайталанышы мүмкүн!

- Коомчулуктун көңүл борборуна алынып, эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин мурдагы жетекчилери былык иштерине карабай шайлоого аттаныптыр. Буларга мыйзам жол береби же булар мыйзамды уруп ойнобойбу?

- Бул көрүнүш бүгүнкү Кыргызстандын визиттик карточкасы. Биздин анык жүзүбүз, кааласаңар! Азыр коррупционерлер кадимкидей эле элдик баатырларга айланып алышкан. Мыйзамды дагы, элди дагы көзгө илбей калышкан. Бул жерде бир маанилүү нерсени айтып коёюн. Ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү орду. Биздин парламент расмий бийликтин бир бутагы болбой калды. Элдин күзгүсү боло ала турган өкүлчүлүгү деген статустан ажырап калды. Отуз жылдан бери эле ушундай. Күчөгөндөн күчөп бара жатат. Жогорку Кеңешке чыныгы эл өкүлдөрү келбей эле бул жооптуу орган шылуун, коррупционер, ууру, бандит жана башка социалдык коркунучтуу элементтердин жан коргоо, баш калкалоо борборуна айланды. Муну элдин баары билет. Бул аянычтуу абал, айрыкча, шайлоо менен кошо катуу күчөдү. Транспорт министрлигиндеги коррупцияны президент өзү деле Коргоо Кеңешинин отурумунда ачык айтып, министрин кууп чыкпадыбы беле? Эмне үчүн ал эргул азыр кайра депутат болом деп жатат? Демек, керектүү органдар менен өз ара тил табышышкан да? Башка кандай ой болушу мүмкүн? Президентти ушинтип алдап жатышат.  Бул жерде экиленбей эле ачык айтуубуз керек? Коррупцияга каршы минтип күрөшкөндүн ордуна жөн эле отургандары оң!

- Партиялардын: “парламенттин чыгашасын азайтабыз” дегени элди алдоо эмеспи?  

- Парламенттин чыгашасы чынында эле көп. Өтө көп! Бул зыяндуу иш 90-жылдары түптөлгөн. Ошондон бери тынбай өөрчүп келүүдө. Шайлоо алдында баары эле ооз көптүрүп ушуну кыскартам деп бакырышат. Бирок, жыйынтык нөл. Анткени, бул жөн эле курулай сөз. Парламентке барганда ЖКнын артыкчылыктары майдай жагат дагы, унчукпай кала беришет. Бул артыкчылыкты тыя турган бир эле президент. Анткени, ал мамлекет башчысы. Саясий эрк менен эле парламенттин, өкмөттүн, региондордун ашыкча чыгымдарын кескин түрдө кыскартып койсо болот! Өзү депутат айыл мугалими менен бирдей эле статуска ээ болушу керек!

- Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатканын айтты. Коррупция неге токтобой жатат?

- Азыркы система менен коррупцияны эч ким токтото албайт. Жасалган аракеттер натыйжа бербейт! Бул кыйын кырдаалдан Президент катуу уюштуруу чараларын көрүү аркылуу гана чыга алат. Ар бир күч структурасына жетишээрлик эле убакыт берилди. Эми тыянак чыгарса боло берет. Эл колдойт. Шайлоо алдында бир катуу силкинип алганда президенттин аброю укмуш көтөрүлөт болчу! Күтөбүз!

- Партиялардын программасын окусаң экономиканы жогорулатып жиберчүдөй жазылган. Партиялар экономикага чындап күйөбү?

- Партияларга биринчи кезекте ЖКга бара турган мандат керек. Анан баары унутулуп, карапайым эл көр оокаты менен алек болсо, депутаттар өз билген иштерине өтүшөт. Экономиканы чогулуштарда гана айтып коюп жүрө беришет!

Булак: "Майдан.kg" газетасы