Бишкек, “Саясат.kg”. Мыкты журналист, залкар акын, бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында  бул дүйнө менен кош айтышты.

Камчыбек Ташиев, экс-депутат:

“Эх, Заке, эми минтип ким дем берет, ким күч берет...

- Эх Заке, Зайырбек иним...

“Мен Кыргызмын, сатылбаган сатпаган!”. Эми минтип ким дем берет, ким күч берет?!

Эх Заке, мен чындап азыр ыйладым... суук кабар жүрөктү жарып кетти, каңырыкты түтөттү... АЛЛАХым бейишинен орун берсин!
Эх Заке, үкам... Жүрөктөгү бороон уюлгуду...

Кайран гана мекенчилим... “Акча эмес, адам издеп келем мен”...

Айтпасам болбой калды, ички көөдөн жарылайын деп турат...

Экообуз жолуктук, мага “Жүрөктөгү бороонду” берди, анан айтып калды, “аке менден капа болгон жоксузбу?”- деп, мен “эмнеге” десем: “сиз жөнүндө бирөөлөрдөн угуп бир аз терс нерсе жазып койдум эле, мен ушундаймын, жаманмын” деди. А мен: “ой, эч нерсе эмес, боло берет”- деп кучактап анан бир аз кайрылып койдум. Анан Заке айтып калды – “мени адаштырып коюшту, капа болбоңуз эми сиз жөнүндө ыр жазам, уруксат бериңиз”- деп колумду алган эле...

Эх Заке, үкам, канчалаган ырлар жазылбай калды, канчалаган сөздөр айтылбай калды, кош Заке, өтө көп ыйлап койдум, сен Кыргызга керек элең... керек элең...

Нургазы Мусаев, журналист:

Ар бир ырында сызылган арман, өксүк бар болчу!”

- Кайраным! Көп сүйлөштүк. Көп пикирлештик. Көп идеяларды чогуу ишке ашырабыз дедик. Хадистердин маанисин ыр менен жазып, кыргыз баласы түшүнө турган, колдон түшүрбөй окуй турган китеп чыгаралы деп сүйлөшкөнбүз. Акыркы кат жазышуубузда “Нуке, “Матис” же “Нексия” алышым керек. Аз ичет экен. Баасы да арзан экен. 80-90 миңдин тегерегинде болсо, 3 бөлүп төлөйт элем деп жазган эле. Баарыбызды кыйнагандай эле эле көртирлик кыйнады Закемди. “Саясатты, күнүмдүк чарба оокатты даярдагым келбейт, поэзияны, түбөлүк дөөлөттөрдү гана жазып отурсам кандай сонун болмок”- деп көп айтар эле. Зайырбектей көйкашка талантка ай сайын стипендия ажыратып: “Эркинсиң, ырыңды жаз” деген бир азамат чыкпады. Акыркы учурларда баасы асмандагы укмуш ат баккан кыргыз көбөйдү. Качан адам багар экенбиз? Качан акындарды багар экенбиз?..

Ыр менен бу заманда жаныңды, бала-чакаңды кантип багасың? Журналистика тегирмени убактысын кертип жеп, канча ырлары жазылбай калды. Закем, “Матис” алдыбы, албадыбы, аны деле билбей калдым. Бу жиниккен турмуш жиниктирип, ал керек, бул керек деп жүрүп бири-бирибиз менен дидарлашпай, көрүшпөй, кадимки адамча сүйлөшпөй деле калдык. Жумуш жок, жөн гана чалышып, сурашкан учурубуз азайды. Маңыздуу сүйлөчү, жугумдуу сүйлөчү. Сөзүндөгү маани, юмор, какшык, көкүрөгүндөгү дем укмуш эле. Журналист катары материалдын ичине кирип, каармандарынын жан дүйнөсүнө үңүлүп жасачу.

“Асабада” иштеп жүргөндө Фаризат Асанкалый кызы экөө бомждорчо кийинип алып, кадимки бомждор менен жашап, алар көргөн күндү көрүп, анан “Акча эмес, адам издеп келем мен” деген шедевр ыр жазган эле Зайырбек.  Акындарга тагдыр керек дешет. Жетимдик тагдырдын изи ар бир ырында сезилип тураар эле. Ар бир ырында сызылган арман, өксүк бар болчу. “Ооруп жүрөм, Хашим табыпка алып барбайсызбы, акчасы канча болот”- деп кайрылды бир жолу. “Сендей патриот акындардан, бала окуткан аалым молдолордон акча албайт Хашим. Бара бер”- деп канча айттым. Тыйын чогултайын деп жүрүп барбай калды окшойт. Көлдө машина уруп кетип, ошонун запкысын аябай тартып жүрүп өттү Закем. 

Аманатчыл эле, уятчыл эле. Карызга акча алса, ошону кайтарганча уялып чалбай койчу. Акчасын кайтаргандан кийин гана шадыраңдап чалып калчу. Айрым акындардай болуп, асмандап кетпей, тирлигин да тың жүргүзүп, камкор ата болгонуна кубанчу элек. Жашоого, балдарынын сүйүүсүнө тойбой кетти. Акча эмес, адам издеп өмүр кечирди. 34 жашында мерт болгон Жоомарттай, 35те кете берген Алыкулдай, 48 жашта жарыкчылык менен кош айтышкан Жолондой аз өмүр жашады Закем. Акындык тагдыры ушундай экен. Жаткан жериң жайлуу болсун. Арабызда ордуң жоктолуп, жетишпей тура берерсиң...

 Жылдыз Мусабекова, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Таш боор апрель. Далайды күйүткө батырдың. Заке, Зайыр! Беш жыл бирге окудук. КМУУ. 10-жатакана. 5-кабат. Кечкисин Калмурат комузун дирилдетип, муңдуу ырларын ырдаса, Зайырбек сулуу кыздарга суктанып жазган, жүрөккө сүйүү уялаткан ыр саптарын окуп, студенттик күндөрдүн бар, жогун, ачка, тогун билгизбей өткөрдүк эле. Өмүрүң аз болоорун ким билиптир. Астейдил, "биздин бала" деп сыймыктанып гана койчубуз...

Рыспай Исаков, манасы, акын:

Ыргагын бузбай көңүлдүн/Ыр болуп өттү өмүрүң!

- Кыя албай кечээ өткөндү,
Кыямат жайга кеткенди.
Кырчындай жаның кандайча,
Кыйчалыш ишке кептелди?
Кызыңды кимге тапшырып,
Кыш кылып кеттиң көктөмдү?!
Уулдарың билсин дедиңби,
Убайым-азап чеккенди?
Бөк түшүп ыйлап азадан,
Бөйрөгүм бүгүн бөксөрдү.
Аялуу жаның калды ээ,
Айта албай далай кептерди?

 

Азада калды алганың,
Арманда калды балдарың.
Жыргалдуу элиң ансыз да,
Жыя албай турса дарманын.
Жыласың түшкүр ажалдын,
Жылоосун неге кармадың?
Көйгөйүн тартып Элмирдин,
Көзгө илбей такыр калганын.
Догуңду артып өлүмгө,
Достуктун шертин тандадың.

Ыр окуп турсаң Мелмил деп,
Ыргалчу кыздар мелмилдеп.


Жөнөкөй жашоо кечирдиң,
Төш каккан жоксуң менмин деп.
Жайыңды билген айттырбай,
Жан досуң эле Элмирбек.
Жанына кошуп алдыбы,
"Жалгызмын, Заке, келгин!" - деп.
Өмүрдүн соңку ирмемин,
Өтүпсүң "Элмир! Элмир!" деп.

 

Ойлордон куржун артынам,
Онтосом жүрөк жанчылам.
Он күнгө жетпей жөнөдүң,
Орошон талант артынан.
Жүрөктү эзип кан сыгам,
Жүлүндү эзип жан сыгам.
Сапарлап кете бердиңби,
Санаалаш жандын зарпынан?!

 

Караңгы түндү төтөлөп,
Кас ажал мынча көшөрөт?
Калың журт тарткан кайгыны,
Кара жер кантип көтөрөт?
Зайырбек, Элмир дегенде,
Зардабы жандын өтө көп.
Залалын кошуп кеттиби,
Замандын зары эселеп?
Закымдап кете бердиңер,
Залкарды Чалкар жетелеп...

 

Кебиңе аалам күймөлгөн,
Кездештик жалын күндөрдөн.
Керемет жандын бири элең,
Кербендүү жайга бир келген.
Сыпаалык сының жанбастан,
Сый болдук ошол ирмемден.

Чымчыктар сайрайт таң менен,
Чыркырайт жарың зар менен.
Чычала болуп ар сөзүң,
Чындык деп күйгөн жан элең.


Булбулдар сайрайт таң менен,
Буркурайт жарың зар менен.
Бул дүйнө бизге көрсөтчү,
Муң-зардан дагы бар белем?

Колуңда калам жорголоп,
Оюңда аалам ойдолоп.
Кыргыздын жалын уулу элең,
Кыялды тоскон торболоп.
Аңсаган күнгө жетпестен,
Алдырдык жерден ойдо жок.


Жараткан төгүп көз жашын,
Жамгыры турат шорголоп.

Шорголоп жаздын жамгыры,
Шолоктоп турат бардыгы.
Шоркелдей кыргыз тартпаган,
Шорубуз дагы калдыбы?
Обонун салып Элмирбек,
Оюна ырды салдыбы?
Жалдырап калды досум деп,
Жанына кошуп алдыбы?


Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көтөрө албай кайгыңы...

Турпатың болчу айдыңдай,
Тура алат кимдер кайгырбай?!
Бул жакта калган досторуң,
Буулугат жазгы жамгырдай.

Эрдигин даңктап элиңдин,
Элирген ырды теминдиң.
Эңилсең ырга эңилип,
Жеңилсең ырга жеңилдиң.


Ыргагын бузбай көңүлдүн,
Ыр болуп өттү өмүрүң.

Карлыгач, Назым, Мелисти,
Кашайгыр өлүм кейитти.
Кургуруң кызың Айназик,
Кучактап ыйлаар бейитти.
Көтөрүп баккан энеңди,
Көйгөйүң катуу кейитти.
Жазмышка эми айла жок,
Жараткан берсин бейишти