Жолдошбек Токоев, журналист, аналитик:

“Мурда биз коронавирусу бар мемлекеттерден чочуп жатсак, эми башкалар бизден чочуйт”

- Коронавирус дүйнөнүн 190дон ашуун мамлекетин каптады. Италия, Германия кенебей жатышып күчөтүп жиберишти. Кытай темирдей тартип менен бул вирусту бир аз сээлдетти. Бизде 1 ай мурда бул вируска каршы республикалык штаб түзүлгөн. Бирок ишти солгун жүргүзүп, кесепети Аравиядан келгендерден болду. Штаб бул боюнча мониториг жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүш керек эле, андай болгон жок. Аравиядан келгендерди дароо карантинге жаткызыш керек болчу, элди аралатпай. Эми дагы кичи ажылыктан 300 адам келет экен, алардын айрымдары сөзсүз вирусту жуктура келишет. Демек, бизде өтө кооптуу жагдай түзүлдү. Эми экономикалык жагдайга келсек албетте өлөсөлү экономикабыз эбегейсиз аксайт. Чек аралар жабылып, товар жүгүртүү токтоду. Мурда биз коронавирусу бар мемлекеттерден чочуп жатсак эми башкалар, мисалы Түркия, Эмираттар, Өзбекстан, Тажикстан бизден чочуйт. “Жабыла көтөргөн жүк жеңил”-дегендей, мындай кырдалда бизнесмендер каражаттарын аябаш керек. Вирусту канчалык тез жок кылсак бизнесмендердин өздөрүнө ошончо жакшы. Аскар Салымбеков 100 миң беткаптын акчасын берсе, Ө.Бабанов 5 миллион сом берээрин билдирди. Эми башкалар да вируска каршы каражаттарын аябашы керек.

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр:

“Паникага жол бербей, өлкөдөгү кесипкөй адистердин катышуусу менен ырааттуу иш алып баруу зарыл”

- Бул дүйнөлүк масштабдагы апаат баардык өлкөлөрдүн экономикасына түз же кыйыр түрдө зыянын тийгизүүдө, дагы тийгизет. Өкмөт бул кырдаалдан кантип аз жоготуу менен чыгуу боюнча өзгөчө иш-чараларды кабыл алуусу зарыл. Мүмкүн, экономиканын структурасын өзгөртүүгө туура келет. Негизгиси, ызы-чууга жол бербей, өлкөдөгү кесипкөй адистердин катышуусу менен ырааттуу иш алып баруу зарыл.

 

Улукбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты:

Коронавирусту бекем тартип, сабырдуулук менен гана жеңе алабыз

- Коронавирусту бекем тартип, сабырдуулук менен гана жеңе алабыз. Тартипти Кытайдан үйрөнүшүбүз керек. Экономикага сөзсүз зыяны тийет. Элибиз аман болсо экономика оңолот.

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

“Кантип зыянды азайтуу керек деген маселени кароо керек”

- Бул вирусту зыяны жок жеңип кетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кантип зыянды азайтуу керек деген маселени кароо керек.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз Ата” саясий партиясынын төрагасы:

“Кытайда тездик менен таркап башталганда эле өкмөт алдын алуу үчүн баардык ресурту пайдаланышы керек болчу

- Кытайда тездик менен таркап башталганда эле өкмөт алдын алуу учун баардык ресурту пайдаланып,Түштүк Кореянын, Кытайдын, Япониянын тажрыйбасын пайдаланып, коронавирустун жайылуусун токтотуунун жана эл ичине таркап кетпеш үчүн баардык чараларды иштеп чыгыш керек болчу. Убакытты куру сөз менен өткөрүштү, бүгүнкү күнгө чейин чек арадан өткөндөр толугу менен карантинге алынбай үйлөрүнө кетип жатат. Бул да жугуштуу ооруну алдын алуу иштери болбогондун белгиси. Экономикабызга зыяны жок жеңип чыгуу кыйын. Кубаттуу өлкөлөр да жабыр тартып жатат.

Жолдошбек Орозов, коомдук ишмер:

“Коронавирусту шалакылык кылып коё берип жиберген бийликтеги жана дин жаатындагы адамдардын ар бирин кылмыш жообуна тартуу керек”

- Пандемия жөн жарыяланбайт, демек дүйнө жүзүндөгү жашаган элдерге коркунуч туудурган коронавирус дарты оюнчук эмес экенин көрүп, билип олтурабыз. Мындан бир жарым ай мурун жарыяланган ооруунун алдын алуу боюнча биздин чала сабат бийликте олтурган куучирендер бул жолу да ким экендигин көрсөтүштү, дин фанаттарын тыйып коюуга толук шарт бар эле да, бирок аны жасашпай шалакылык кылып, эми минтип жалпы элге коркунуч туулуп олтурат. Албетте, пандемия жарыялангандан кийин кайсы гана өлкө болбосун анын экономикасына зыян келет, себеби, ички, тышкы байланыштарга чектөө коюлат. Кыргыз мамлекетти күчтүү болсо бир жөн, экономикабыз “өлбө жаным, өлбө, араба сынбасын” кейпинде араң турганда “бечелге жөтөлдүн” кереги бар беле?.. Экономикалык зыян болбой койбойт, ал канчалык болот элдин өзүнө жараша, эгер эл тартипти сактап, коопсуздукту сактаса аз чыгым менен чыгып кетсе болот. Ал эми дамбалдарын далбаңдатып, сакалдарын сапсайтып, тартипти сактабай намаздарын жаамат менен кудайдын үйү мечеттерде окуйбуз деп караңгылыктарын кыла берсе, анда жалпы кыргыз элине кыйын болот. Деги эле ар бир жаран өзүн жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү карашы керек жана милдеттүүбүз. Ал эми тартипти, эрежени бузгандарды катуу жазалаш керек, бул жугуштуу эпидемия оюнчук эмес, капарына албай эреже, тартипти сактабаган өлкөлөр эмне болуп жатат? Мына ушундай коркунучка өтө аяр мамиле кылып, болушунча ар бирибиз андан арылууга салым кошуп, аракет кылуубуз шарт. “Болор иш болду, боёсу канды” болуп олтуруп калбай, бул коронавирусту шалакылык кылып коё берип жиберген бийликтеги жана дин жаатындагы адамдардын ар бирин кылмыш жообуна тартуу керек. Эгер катуу чараларды көрбөй, чаржайыттыкка жол берсек кыргыз улутунун тагдыры кыйындыкка туруп каларын бөркүңөрдөй көргүлө, татаал тагдыр күтүп калышы мүмкүн… Эзелтеден эстүү элбиз өзүбүздү - өзүбүз эмдейли. Тартип, тартип жана тартип!

Чынайым Кутманалиева