Дүйнөгө таажытумоо (коронавирус) жайылгандан бери ааламдагы абал оордоп, адамдар стресс абалында жашоого кабылды. Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөлөрүнө карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаалдар киргизилип, дүйнө эли кыйын кырдаалга тушукту. Кыргыз мамлекети дагы бул дүйнөлүк апааттан кур калган жок. Таажытумоодон сактануу чаралары бизде да ошондой эле негизде жүргүзүлүүдө.

Чек аралар жабылып, карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилди. Улуу Кытай эли бул оорудан канчалык жабыр тартканына карабастан өзүнүн биримдиги жана уюшкандыгы менен жеңип жатат десек болот. Биз дагы өзүбүздүн биримдигибиз, ынтымагыбыз жана кыргызга мүнөздүү айкөлдүгүбүз менен гана бул ооруну жеңе алабыз. Башка жол жок.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги, анын өкмөтү бул ооруну жуктурбоо үчүн алгылыктуу эле аракеттерди көрдү. Алдын-алуучу иш-чаралардын баарын жүргүзө алды. Бирок бүткүл дүйнөнү каптаган илдет бизден кыйгап кеткен жок. Оору акыры бизге да жукту.

Жакында эле уюшулган “Келечекке жол” Элдик Кеңеши бул ооруну жеңүү үчүн төмөндөгүдөй иш-чараларды сунуш кылат:

1. Өлкөгө киргизилген карантинди жана өзгөчө кырдаалды, бир топ шаар-райондордогу өзгөчө абалды түшүнүү менен кабыл алуу жана анын талаптарын кыйшайуусуз аткаруу. Бул илдет менен күрөшүүдө өлкө жетекчилигине чоң ишеним артуу жана ага бардык жагынан көмөк көрсөтүү. Өз бийлигин, элин сыйлаган жана урматтаган өлкөлөр гана бул оорунун үстүнөн ийгиликке жетишүүдө. Буга Кытай менен Россиянын мисалы күбө.

2. Ооруну жуктурбоо үчүн жеке гигиенаны сактоо жана алдын-алуучу чараларды өз убагында жана жогорку жоопкерчиликте аткаруу.

3. Ооруну жое албасак дагы ар бир адамдын ооруга карата мамилесин түп тамырынан өзгөртүү. Паникага берилип, “ач айкырык жана куу сүрөөн” кылуунун эч кажети жок. Ар бир адамда “ооруну жеңем” деген бекем ишеним болсо, ал адам сөзсүз жеңишке жетет. Негизи жок коркуу сезими, стресске көп учуроо оорунун жайылышын шарттаганын дарыгерлер айтып келишет. Оорунун келип чыгуу себебин жана өсүү динамикасын аңдап билуу, үйрөнүү. Бул оору тууралуу терең маалыматы жана жеткиликтүү түшүнүгу жок адам гана кайгыга чөмүлүп, депрессияга учурап, дагы башка кыйынчылыктарга тушугат.

4. Массалык маалымат каражаттары таажытумоо тууралуу коркунучтуу фактыларды гана айтуу менен чектелбестен, анын алсыз жактарын ачык көрсөтүп, аны менен ийгиликтүү күрөшүүнүн жолдорун көбүрөөк түшүндүрүү зарыл. Азыркы пресса канча адам ооруп, канчасы өлгөнүн эле эртеден кечке какшап айтып элдин үшүн албастан, айыккан адамдар тууралуу да толук маалыматты элге жеткирүү керек. Алардан маек алып, кантип ооруну жеңгенин элге жеткирүү зарыл. Бизде деле алгачкы ооруган адамдар тууралуу маалыматты элге жеткирип, алардын организминде жакшы жагына өзгөрүү болуп, айыгып жаткандыгын да айтып туруу зарыл. Же эмне алардын оорусу айыкпай эле бир калыпта турабы? Бул оорунун буга чейинки пандемияларга салыштырмалуу өтө деле коркунучсуз экендигин да элге жеткирүү учурдун талабы.

5. Чыныгы патриот, коркпогон журналисттерди, дарыгерлерди Кытай же Россия мамлекетине жиберип айтылган эки улуу державанын бул оору менен кантип күрөшүп жаткандыгын жеринде таанышып, алардын практикасын кыргыз жарандарына жеткирүү зарыл. Кытай жана Россия дарыгерлеринин аракеттерин, алардын тажрыйбасын журналисттер аркылуу кыргыз коомчулугуна жеткирүү өтө зарыл иш. Жөнөкөй кытайлыктардын бул оору менен курөшүн да кыргыз жарандарына жеткирүү мезгилдин талабы.

6. Кыргыз өкмөтү, өлкөдө түзүлгөн республикалык штаб өзгөчө аракеттерди көрүп, бул ооруну дарылап айыктырган Кытай же Россия мамлекеттеринин дарыгерлерин Кыргыз Республикасына чакырып тажрыйба алмашууга аракеттерди көрүүсү зарыл.

7. Ооруга кабылган же оорулуу адамдар менен карым-катышта болгон жарандар бийликтин өкүлдөрүн же дарыгерлерди күтпөстөн өз эрки менен ооруканаларга көрүнүп, аң-сезимдүү кадамдарды жасоосун суранабыз. Дарыгерлерден качып башкаларга ооруну жуктурган бейтаптар айыккандан кийин кылмыш жообуна тартылып, оор жазаларды алышы зарыл.

8. Биздин жер-жерлерден алган маалыматтарга ылайык өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенине карабастан кээ бир райондордо ата-энелер балдарын эшикке ээн-эркин чыгарып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келүүдө. Куран окуткан жерлерге барбай койуу да, тилекке каршы токтобой жаткандыгы өкүнтөт. Ошондуктан балдарын карабаган ата-энелерге жана өзгөчө кырдаалдын талабын сактабаган жарандарга катуу чара көрүлүп жогорку суммадагы айып пулдар салынуусу мезгилдин талабы. Ал үчүн ар бир жаран сак болуп мыйзамды бузган жарандардын, балдардын аракети тууралуу укук коргоо органдарына өз убагында кабарлап турушун каалар элек. Ошондо гана өзгөчө кырдаалдын талаптары аткарыла баштайт.

9. Тамак-аш азыктары жана медициналык препараттардын жетишсиздигин шылтоолоп негизи жок паника кылып, элди дүрбөлөңгө салгандарга карата катуу чара көрүлүшү зарыл. Мындан тышкары, 14 күндүк карантинге жатканына карабастан ал жактагы шарттын жоктугун негиз кылып, дарылануудан качууга аракет кылган жарандарды да мыйзам алдында жоопко тартуу учурдун талабы.

10. Ушул оор кырдаалда элдин ден-соолугун коргоп күнү-түнү аракеттенип жаткан дарыгерлерге жана жалпы тартипти, мыйзамдуулукту сактап өз кызматын өтөп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүү өкмөттүн илдет менен күрөшүп жаткан Республикалык Штабдын ыйык милдеттеринин бири деп эсептейбиз.

Ошентип жаңы түзүлгөн “Келечекке жол” Элдик Кеңеши жарандарыбыздын ден-соолугу тууралуу терең ойлонуп, бул абалдан чыгуунун жогорудагы он пунктан турган иш-чарасын сунуш кылуудабыз.

Сиздер биздин кайрылууга түшүнүү менен мамиле кылып, элибиздин саламаттыгы үчүн бардык аракеттерди жумшайсыздар деген чоң үмүтүбүз бар. Бул дүйнөлүк апаатты биз Кыргызстандыктар биримдик, ынтымак, айкөлдүк жана күжүрмөн аракетибиз менен жеңип чыгаарыбызга бекем ишенебиз.

Ар бир адам эл үчүн, мамлекет үчүн күйүп бышып турганда гана келечектүү эл экенибизди көргөзө алабыз.

Сиздерди сыйлоо менен,

“Келечекке жол” Элдик Кеңешинин Борбордук Штабы