Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин достугун даңазалай турган жалпы аянты 5,5 гектарлык паркты фонтандары, бассейндери, балдар ойноочу аянттары, ачык амфитеатры ж.б.  менен курууну толугу менен Азербайжандын өкмөтү каржылайт.

           

Жыл сайын 60 миллион тоннанын тегерегинде нефти, ондогон миллиард кубометр газ, миңдеген тонна мөмө-жемиш,  пахта, тамеки, көптөгөн түрдөгү өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүк, айыл чарба продукцияларын саткан республиканын экономикасы динамикалуу өнүгүүдө. Мындан үч жыл мурда Азербайжан  Кара-Балтадагы “Жунхай” нефти иштетүүчү заводун нефти менен камсыз кылууга да убада кылды эле, бирок  белгисиз себептер менен ал долбоор токтоп турат, ошентсе да анын бир парк менен кошо борбор калаанын Көк-Жар тарабына 550 орундуу мектептин имаратын куруп бергени жатканы сүйүндүрөт. Келечекте ал обьектилерге Азербайжан Республикасынын улуттук  лидери Гейдар Алиевдин ысмы коюлары да айтылууда. Ал чын болсо эң эле туура болот. Гейдар Алиев бир гана Азербайжандын сыймыгы эмес, ал Чыңгыз Айтматовдой, Ататүрктөй, Нурсултан Назарбаевдей эле жалпы түрк дүйнөсүнө таандык инсан болуп саналат.

Парктын гана эмес, жаңы мектептин имаратынын курулушу да ушул жылдын аягына же Азербайжандын  президенти  Ильхам Алиевдин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик иш сапарына карата бүткөрүлгөнү жатат. Азербайжанда Ч.Айтматовдун эстелиги тургузулду, бир көчөгө ысымы берилди. Биз да Азербайжан элинин улуу инсанына адекваттуу урмат көрсөтсөк эң эле туура болот.

 

Мыйзамсыз берилген жерлер кайтарылып, парктарга айландырылууда

Бизде алабарман убактарда, өзгөчө революциялардан кийинки мезгилдерде жүздөгөн, миңдеген  гектарлаган жерлер мыйзамсыз жең ичинен сатылган, ачык тартылып, басылып алынган. Акыркы отуз жылда Бишкек  горизанталдуу гана өсүп келди. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Бишкектин жалпы аянты 6 миң гектардай болсо, учурга карата  иш жүзүндө 22  миң гектардан ашты. Түптөлгөндөн бери эле шаарга туташып, калкынын дээрлик бардыгы шаардын эсебинен тиричилик кылышкан менен расмий түрдө шаарга  кошула элек жаңы конуштардын баарын кошкондо, мындан да ашат. Мындай көрүнүш улана бере турган болсо, бара-бара Токмоктон – Кара-Балтага чейин бир эле узун шаар болуп жайылып жатып калат. Ошондуктан мамлекет башчынын борбор калаада мындан ары жер бергенге мораторий киргизип, мыйзамсыз берилгендерин кайра алдырып, алардын ордуларына парктарды, скверлерди салдырып, Бишкектин мурдагы “жашыл шаар” деген атын кайтарууга басым жасап жаткандыгын колдоо керек. Мында мэрияны эмес, биринчи президентти айткандыгыбыздын себеби - эгерде бул маселелерге мамлекет башчысы кийлигишпесе, мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алып, жаңыларын бергенге мораторий киргизгенге мэриянын алы-күчү жетмек эмес. Анткени, парктардын, скверлердин эсебинен жер участокторуна ээ болгондордун, жер мафиясына аралашкандардын дээрлик бардыгы Кыргызстандагы эң бай-бакубат таасирдүү адамдар. Алар сотторду жөн эле “колдоруна алып”, мэрияны үч тамгага айдап салышарын акыркы жыйырма жылдай убакыттан бери көрүп келатабыз.

Эң жогорку деңгээлде саясый эрк бардыгынан улам, өткөн жылдын ичинде мэриянын Жерлерди пайдалануу жана курулуш башкармасы мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алуу боюнча сотторго 45 доо арыз менен кайрылып, алардын 34үн утту, мыйзамсыз курулган 64 жайды бузуу жөнүндө чечим чыгып, 6,5 гектар аянт муниципалдык менчикке кайтарылды. Дагы бир нечеси кайтарылуу алдында турат. Мына ошол кайтарылгандардын жана бош жаткандардын эсебинен жалпы аянты 55 гектар жерге жаңы 6 парк курулганы жатат. Баарыбызга маалым болгондой, өткөн  жылы “Ынтымак” паркы курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Достук паркына катарлаш жалпы аянты 10 гектардан, сметасы 1 миллион  доллардан ашык  дагы бир парк түптөлгөнү турат. Ошентип, акыркы эки жылда курулуп бүткөрүлө турган парктардын саны 8ге жетмекчи.

Эгерде ал жерлерге парктар, скверлер түптөлбөсө, байлар бир ыгын таап, өздөрүнө өткөрүп алышып, соода борборлорун же көп кабаттуу үйлөрдү куруп салышмак. Албетте, алар да керек, алар эски көчөлөрдүн, кварталдардын эсебинен өнүгө, көбөйө берсин,  бирок ышка, түтүнгө, чаңга толуп бараткан борбор калаанын калкы үчүн биринчи кезекте эртели кеч эс алганы ээн эркин ары-бери басып,  таза абадан дем алып туруу алардан да  зарыл деп ойлойм. Ошон үчүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин бир кездеги “жашыл шаар” деген атын кайра ордуна келтирүү  демилгеси менен чыгып, бул багытта алгылыктуу иштердин жүзөгө ашырылуусуна жетекчилик кылып жаткандыгын  колдоого гана аларлык.  Анткени, анын азыркылардан мурда да кийинки муундагылар үчүн мааниси, пайдасы өзгөчө боло тургандыгында шек жок.

 

Мындан ары Бишкек горизонталдуу эмес, вертикалдуу өсүш керек

Мегаполистер үчүн эң баалуу нерселер – жер, таза суу, таза аба экендиги шексиз. Булардын баалары жылдан жылга өсүп жатат. Алсак, айрым мегаполистерде 1 сотук жердин баасы 100 миң доллардан ашып кетти. Мисалы, Японияда небоскребдорду курууга кеткен каражаттардын 70-80 пайызы жерлерди сатып алууга жумшалат экен. Ал эми бизде буга чейинки шаар бийликтери жерлерге ушунчалык ысырапкорчулук менен мамиле кылып келишти, ал көрүнүш көп жерлерде дагы деле улантылууда. Атап айтканда, Бишкектин борбордук бөлүгүнө бир кабаттуу кафелерди, ресторандарды, чарбалык жайларды ж.б.  куруу - ысырапкорчулуктун жеткен чеги деп эсептейм. Бир нече жылдан кийин ал жерлердин баалары анда турган имараттардын бааларынан бир нече эсеге ашып  кетет. Ошондуктан шаарды  зоналарга бөлүп, биринчи зонага киргендерге  15-20  кабаттан, экинчи зонага киргендерге 12 кабаттан, үчүнчү зонага киргендерге 10 кабаттан төмөн имараттарды курганга категориялуу түрдө тыюу салынбаса, ысырапкорчулук улантыла берет. Ал жерлер ар кимдерге тийиштүү болушу мүмкүн, менчик – ыйык, бирок шаар куруу саясатында либералдуулук болбошу кажет. Каражаттары аздар өз жерлерине  бир нерсе кургулары келишсе, башка өнөктөштөрдү издешсин, биргелешип нормативдик талаптарга ылайык келгендерди  курушсун же башкаларга сатышсын, бирок кандай жол менен болбосун  борбор калаанын борбордук бөлүктөрүндө   нормативдик талаптарга жооп бербеген эпирейген-жепирейген нерселердин тургузула берүүсүнө категориялуу түрдө тыюу салынуусу зарыл. Андай нормативдик талаптар бардык мегаполистерде бар. Антпесе Бишкек ХХI- кылымдагы  борбор калаага эмес,  18-кылымдагы Шанхайга айланып кеткени турат.

Борбор калаа үчүн горизанталдуу өнүгүүнүн потенциалы калбады, анын лимити өткөн кылымдын аягында эле бүткөн. Эгерде кийинкилер үчүн шаарды зарыл айыл чарба продукциялары менен камсыз кылып туруу үчүн дыйканчылыкка, бакча жана багбанчылыкка  жарактуу, алыскы келечекте шаарды дагы кеңейтип, өнүктүргөнгө  жерлер калсын десек,  мындан ары борбор калааны  жер үйлөрдүн, 2-5 кабаттуу сталиновка, хрущевка, брежневкалардын эсептеринен вертикалдуу өнүктүрүүдөн башка жол  калган жок.

Президент С.Жээнбековдун  шаар куруудагы мына ушундай келечектүү чоң долбоору бүгүнкү мезгилдин реалийине,  талабына туура келет.

Мирлан Дүйшөнбаев,

Жогорку Кеңештин эксперти

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.