Бирок, өкүнүчтүүсү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке финансылык кызыкчылыгы үчүн гана иштей турганы болуп турат. Ар кандай туңгуюктардан жол таба калып, суудан кургак чыга калмайды өтө жогорку деңгээлде өздөштүрүлгөн. Муну НТС телеканалынын таржымалын анализдеп көргөн киши оңой эле байкайт.

 

Аталган телеканал адегенде «ВОССТ» ЖЧКсынын курамына кирип, Валерий Хон аттуу ишкерге тиешелүү болгон. Анан 2002-жылы 1-февралда Валерий Хон менен «Аянт» ЖЧКсынын директору Жаныбек Сагадылда уулунун (учурда Мырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич) ортосунда келишим түзүлүп, «НТС» ТРКсына тиешелүү болгон 621,5 чарчы метр аянттагы имараты, 0,1 гектар жер тилкеси «Аянт» ЖЧКсына сатылган. Ошол убакта бул ЖЧКнын 90%ы Ж. Мырзабаевге, 10%ы Н. Прядкинге тиешелүү болгон.

Анан 2004-жылы Ж. Мырзабаев өзүнүн «Аянт» ЖЧКсындагы үлүшүнүн 65%ын «Мэнсфилд Интернешнл ИНК» компаниясына, калган 25%ын Германиянын жараны Г. Кохго сатат. Ошол эле убакта Н. Прядкин дагы өзүнүн 10%ын Г. Кохго сатат. Демек, аталган ЖЧКнын жаңы ээлери болуп «Мэнсфилд Интернешнл ИНК» (65%) жана Г. Кох (35%) болуп калат.

 

Андан ары 2007-жылы Г. Кох «Аянт» ЖЧКсындагы 35% акциясын В. Мальсагов аттуу Россия жаранына сатат. Ал арадан эки жыл өткөрүп, 2009-жылы «Стоунбридж Холдинг ЛТД» аттуу Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү ЖЧКга пулдайт. Ошол эле күнү «Мэнсфилд Интернешнл ИНК» компаниясы да өзүнүн 65% акциясын Бакиевдерге тиешелүү ЖЧКга сатат. Ал ЖЧКнын жетекчиси С. Костырин болгон. Ошентип 2009-жылы «Аянт» ЖЧКсынын 100% акциясына Бакиевдердин «Стоунбридж Холдинг ЛТД» ЖЧКсы ээлик кылып калган.

 

Анан андан бир жыл өтүп-өтпөй, 2010-жылы апрель революциясы болуп кетет. Ошол революциядан кийин башкы прокуратура тарабынан Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон мүлктөрдүн баарына текшерүү жүргүзүлгөн. Эмнегедир ошондо «Аянт» ЖЧКсы камакка алынбай калган. Албетте, бул жерде байкабай калгандык эмес, атайылап эле жасалган иш болуп турат. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бабанов жаңыдан түзүп алган «Республика» партиясы менен парламентке келгени белгилүү. Демек, ал «Аянт» ЖЧКсынын улутташтырылбай калышы үчүн «камкордук» көргөнү түшүнүктүү.

Анан ошол убакта Г. Кох Бакиевдердин өлкөдөн качып кеткенинен пайдаланып, Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, 2009-жылы ал өзүнүн 35% акциясын жана «Мэнсфилд Интернешнл ИНК» ЖЧКсынын 65% акциясын Бакиевдерге тиешелүү «Стоунбридж Холдинг ЛТД» ЖЧКсына сатылган деген келишимди жокко чыгарып берүүнү суранат. Андан тышкары 2007-жылдын 2-мартындагы Г. Кохтун жана В. Мальсаговдун ортосундагы келишимди, 2007-жылдын 24-октябрындагы жана 2009-жылдын 17-июлундагы Мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн мыйзамсыз деп табууну өтүнөт.

 

2010-жылы 28-июнда Г. Кохтун арызын сот толугу менен канааттандырып берип салат. Андан кийин Г. Кох соттун чечимдери менен «Мэнсфилд Интернешнл ИНКтин» 65%ын да өзүнө өткөзүп алып, анын 100% ээси болуп калат. Андан соң «Аянт» ЖЧКсынын 100% акциясын «Траст Медиа» ЖЧКсына өткөзүп берет.

 

Ошентип НТС телеканалын Бабанов кайрадан эле өзүнүн менчигине басып алган. Эмнеге ал Бакиевдердин мүлкү болгондуктан улутташтырууга жата турган ЖЧКны көз боемочулук менен өзүнө алып калды эле? Же Бакиевдердин мүлкүн жашыруун келишим менен атайын сактап жүрөбү? Андай болсо ай сайын аларга канча берип турат? Эми мына ушул факты боюнча да ал мыйзам алдында жооп бериши керек. «Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» деген ушул эмеспи.