“Жыргал эле. Хэмингуэйди баштап кой, бүттү. Анын мастерлигин айтып түгөтө албайт. Жакшы жери – канча көп сүйлөсө да, тажатпайт эле. Андай аңгемени кызыктуу курган масты көрө элекмин,- дейт. – Мас болуп отурса да, жанындагылардан “тажата элекминби?” деп сурай берчү. Бирок тажатчу эмес. А кишинин тазалыгы ушунчалык эле, – дейт. – Бир жолу алдыман чыкканынан “ассолом алейкум” десем эле менден шарт бурулду. “Эмне балээ болду!” деп турсам, арыкта аккан сууга колун чайкап, чөнтөгүнөн таза жүз аарчысын алып чыкты. Колун таза сүрткөндөн кийин анан амандашып турганы, – дейт: “Сен менин жакшы көргөн үкамсың. Сенин эле алдыңда сааттай болуп бир “ит” салам айтканынан, колумду карматып койдум эле. Сага эми мынабу таза колумду берейин”- дептир. Андан соң аракка кирдик» дейт.

 

“Арак ичкен киши Мурзакедей ичсин. Кыргызда андай арак ичкен киши жок. Өмүрү шаштырбайт. Башкалар ичтери кызыганча алдыдагыдан көздөрүн тарталбай “кел, мелтиретпей алып жиберели” деп шаштырып турат. А Мурзаке майдалап ичип, майын чыгарып сүйлөгөндү жакшы көрчү. Ошентип отургандын өзүнөн ырахат алчусуң. Сөз арасында улам, “э үкам, тажаткан жокмунбу?”- деп калат. “Ой, жок, Мурзаке, улай бериң”- десең, анан бал тилин кайрайт. Сөз арасында өтүп бараткан жакшынакай кыздарга алакты болуп, көз салганды жакшы көрчү. Анан мынтип калчу дейт: “Үкөм, сен мага капа болбо. Мен чырайлуу кыздарды тиктегенди жакшы көрөм…”.

 

- Анан акын-жазуучулардын арасынан аракты эң жакшы көтөргөндөрдөн Эрнис Турсуновго киши жетпейт эле,- дейт Керимов. “Эң кыйыны Эрнис байкебиз эле”- дейт асылдарды өксүп жоктоп. “Башкалары бак сүзгөн бойдон тамтаңдап үйлөрүнө кетет. А Турсунов канчалык мас болбосун, боюн зыңкыйта карманчу. Дагы бир мыктылыгы - жандуу энциклопедия эле. Адабий чөйрө эмес, театр жаатын да жакшы билчү. Башкаларды көтөртмө мас, жинди мас, чырлуу мас, уктама мас, жээликме мас, жөөлүмө мас, арамзаа мас деген түрлөргө бөлөм”- деп жүрөт Керимов.

 

Олжобай ШАКИР, Булак: “Майдан. Kg” гезити