Көп дарттын дабасын тапкан, диагноз коюуда жаңылбаган, негизги дартты таап, анан дарылай баштаган кыл тамырчы Күлүйпа Жумабекова менен бу жолу этибар албай жүргөн чычаңдын сынып калышы жана остеохондроздун айынан адамдар инсульт, инфарктка кабылышы тууралуу баарлаштык.

 

- Күлүйпа эже, бүгүн илимий медицина чычаң сынып калса, аны операция жолу менен алып таштайт. Сиз иттин майы менен жибитип, чычаңды укалоо жолу аркылуу калыбына келтиресиз. Чычаң сынып калса, алдырбай, салдырбай койсо болбойбу?

- Чычаң омуртка сөөктөрү менен байланышта болгондуктан, жыгылып түшкөндө көп жабыркайт. Көптөр алгач ооруганда кыйналып, кийин ал жер кыйшыйып, же ичине ийрейип, бүтүп калганда мурункудай жанды кыйнабай оорутканы басылып калса эле маани бербей, эстеринен чыгарып коюшат. Убакыттын өтүшү менен сынган чычаңдын кесепетинен бел, табарсык, чат, эки буттун уюп оорушу күчөп, түз отура албай жаныңды кыйнай баштайт. Чычаңдын сынып калганын билбегендер “омурткаларым тайып, грыжа болуп калыптырмын”- деп туура эмес дарыланып жүрө беришет. Чычаңдын жабыркашы менен эки буту баспай калгандар да бар. Анткени, нерв системалары менен байланышта.

Чычаң сынган аялзаты буту, бели, табарсыгы ооруганы аз келгенсип, жыныстык катнаш учурунда да аябай кыйналышат. Жыныстык катнашта кыйналганы аз келгенсип, чычаң жыныстык органга жакын жайгашкандыктан тегерегиндеги бездер кошо жабыркагандыктан бездердин иштөөсү да бузулуп, кошумча дарттардын  пайда болушуна шарт түзөт.

Ошондой эле кээ бир аялдар өжөрлөнүп, сынган чычаңын калыбына келтирбей төрөгөндө  баланын башында тубаса шишикче, же гематома пайда болот. Анткени, баланын башына так ошол сынган чычаң тийип, башты жабыркатат. Анан балада анын ата-энеси да өмүр бою кыйналышат. Мына ошол жүрөк үшүн алган дарттар чычаңдын кесепетинен болуп атканын көптөр биле бербейт.

Эми эркектердин чычаңы сынганда эмне болот, ошого токтололу. Эркектер деле чычаңы сынса, эки буту баспай, чат, табарсыгы, белинен бери оорутат. Ошондой эле эрте жарыкта эле жыныстык катнашка бара албай, импотент деген дарт менен жабыркашат. Аны да аялдарды дарылагандай эле иттин майы менен көтөн чучуктан укалап, жибитип, акырындык менен эпке келтирет. Муну салдырбаса көп оорунун башаты болуп, сөөктөрдө өзгөрүү пайда болот.

Эми операция жолу менен алдырып салуу тууралуу айтайын. Илимий медицинага шек келтиргим келбейт. Бирок, алар отурганда, заңдаганда кыйналгандарга алып салуу сунушун айтат. Мен ага каршымын. Анткени, жараткан бир сөөм сөөктү да ашык бербейт. Эгер заңдаганда же отурганда ыңгайсыздык жаралып, оорутканына чыдабай операция жолу менен чычаңды алдырып салса да, ал дарттын азабын өмүр бою тартат. Себеби, чычаңды алып салса, белге күч келип, түз тура албай ийрейип, суроо белгисиндей болуп калат. Көпкө отуруп иштей албай, же көпкө тикесинен тура албай кыйналат. Чычаң кичинекей болгону менен ролу абдан чоң.  

Өткөндө бир ноокасым келип, “чычаң да кайра-кайра чыга берип, кол чыккандай ойноок болуп калабы? Менин  бир таанышым үч жолу салдырыптыр. Азыр да чыгып кетти”- деп айтып жүрөт. Мен андай болушу мүмкүн эмес экенин, чычаң чыгып кетпесин, көп учурда тайгаланып жыгылганда же чана тээп келе жатып жыгылганда сынып калаарын, аны бир же эки күндө эле салып коюуга мүмкүн эместигин айттым.

- Ал эми көпчүлүк маани бербей жүргөн остеохандроздун кесепети тууралуу айтсаңыз?

- Көптөр остеохондрозду “желкеме туз уюп калыптыр” деп элес алышпай жүрө берет. Качан гана желке төмпөйүп чыгып, башты өйдө көтөрүп түз баса албай калганда же остеохондроз өтүшүп, нерв системаларын кысып, баш ооруу болуп калганда келет. Мен остеохандрозду адамдын жүзүнөн, желкесинен мурун башын кармап эле билем. Анткени, баштан бери чатырап туз болуп калат. Бул дарт анча маани бере бербегени менен инсульт, инфарктка алып келчү бирден бир дарт. Остеохандроз бөйрөктүн иштешин начарлатып,  желкени уютуп, ал түгүл кан айланууну жайлатып, жүрөктүн иштешин начарлатат. Ошондой эле колдун уктап калышына же жаны жок болуп чымырашына  да алып келет. Көп учурда остеохондроздун айынан кан коюуланып кетип, инсульт, инфаркт болгондо капельница дагы жардам бере албай, адам комага түшкөн бойдон  кете берет. Анткени, капельница кою канды суюлта албай калат. Бул дартты алдын албаса абдан опурталдуу. Азыр ар бир экинчи адам остеохондроз менен жабыркайт.

 

“Чычаңымды салдырганы бел жана чыдатпай ооруган тизе ооруудан сакайдым”

 

Саламат:

- Мен 10 жыл мурун көк жылгаяк муздан жыгылып, элден уялганымдан эле ордумдан тургам. Бир топко чейин отура албай, баса албай кыйналдым. Ишим отуруп иштей турган иш болгондуктан, көп учурда отурганда ыңгайсыздык жаралып, мык сайылып тургандай сезилип, отургучтун жумшагын тандап отурууга аргасыз элем. Керек болсо, кээде чалкамдан да жата албай, белим талып кетчү. Күлүйпа эженин элде жок ыкмалар менен дарылаган сырын гезиттен окугандан кийин кайрылып азыр Кудай буюрса, жанымды кыйнаган дарттардан арылдым. Чалкамдан да жатып, уйкум да тынч болуп калды. Көрсө, Күлүйпа эже айтмакчы чычаң калыбына келгенде ден соолугуң калыбына келди деп кубана беришиң керек экен. Эжеден дарыланып алып, баспай калчу дарт артта калганына чыны менен кубанып отурам. Болбосо илимий медицинадан: “табарсыгыңа суук тийген, ошон үчүн чыдатпай ооруйт, капрон калготки кийип жүрүп тизеңе суук тийгизип алгансың, кан айланууң начар”- деген ыңгайлашкан диагноздон чарчагам.

 

Перизат:

- Муздан жыгылып, белим чыдатпай оорутуп калды. “Омурткаларың жылышып кетиптир”- деген диагноздон улам белимди салдырдым. Бирок, табарсыгымдын, белимдин ооруганы күчөп, сабактан түз отура албай туйлай берчүмүн. 80 мүнөт бүткөнчө отура албай кыйналчумун. Күлүйпа эжеге келип, чычаңымды салдырганы Кудайга шүгүр, чатымдын, табарсыгымдын, белимдин ооруганы басылды. Эжеге ыраазымын. Азыр 80 мүнөттүк сабактын узундугун да сезбейм.

 

Нурайым:

- Кызым заңдаганда, кечинде чалкасынан жата албай кыйналганын айтканда ооруканага кайрылдым. Врачтар чычаңдын сынганын “аны алып салбаса кийин төрөгөндө баласынын  башына таасири тийерин” айтышты. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп айла жок кызымдын эртеңкиси үчүн операцияга бердим. Бирок, ал менен эле маселе чечилип калган жок. Азыр кызым узакка отура албайт. Түз тура албай эмнегедир ийрейип турат. Мунун баары чычаңды алдыргандын кесепетинен болгонун укканымда бекер операцияга бергениме өкүнүп кеттим. Күлүйпа эжедей дарыгер бар экенин билсем,  мындай дартты операциясы жок эле калыбына келтирерин билсем эжеге эле алып келмек экенмин деп өкүнүп жатам.

 

 

Гүлбара:

- Чыны менен эжеге келип, эмне үчүн ушундай дартыбыз өрчүп кеткенин алаканга салгандай айтып берип, койгон диогноздорун угуп таңкалып отурам. Остеохондроз дартынын ушундай оор дарттардын башаты болоорун билбептирмин. Мен денеме туз уюп калганын билбей, тескерисинче денем таштай катуу деп, денеси назиктерди көргөндө кээде тамашалап, сен бат картаясың менин денем чымыр дечүмүн. Көрсө, менин денем чымыр эмей эле  остеохондроз экенмин да.

 

Айдай:

- Эжеге келгенге чейин бир канча жерге барып, акчамды аябай массаж алчумун. Бирок, мындай жыйынтык алган эмесмин. Кудайга шүгүр, үч жолу массажын алгандан кийин эле башымды көтөрдүм. Желкемде уюган туздан улам, ыңгайына карап, башымды ылдый кылып, бүкүрөйүп жүргөнгө көнүп алыптырмын. Азыр туздар кетип, башымды жогору көтөрүп калганыма, далымды каптап калган туздар кеткенине чын жүрөгүмдөн ыраазымын. Туздардын кетиши менен өңүм да өзгөрүп, мурдагы калыбына келип жашарып баратканымды туюп жатам. Эжеге ыраазымын.

Чынайым Кутманалиева

P.S. Дартыма даба табам, сакайам дегендер болсо, 0707 856940 телефонуна байланышса болот.

 

Булак: "Майдан.kg" гезити