Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, ошону менен бирге ИИМдин системасына башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган жалгыз жогорку окуу жайы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын негизделгенине быйыл 50 жылдын жүзү толду.

 

Аталган окуу жайды быйыл 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Ал эми учурда аталган окуу жай кыргыз милициясына кызмат кылам деген жаңы талапкерлерди кабыл алып жаткан кези. Мына ушулар жана башка маалыматтар тууралуу ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов менен маек курдук.

 

- Адылбек мырза, сиз жетектеген окуу жай кандайча ачылып калганын жана түптөлүш тарыхы жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.

 

- ИИМдин Академиясынын негизделүү, өнүгүү жана калыптануу тарыхы республикадагы ички иштер органынын тутуму жана ошондой эле бүтүндөй Кыргызстан менен тыгыз байланыштуу.  

 

1969-жылдын 19-майында СССРдин ИИМдин буйругу менен СССРдин ИИМ милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби түзүлгөн. Алгачкы жетекчиси милициянын генерал-майору Шабиров Джапар Шабирович болгон. Алгач 18 окутуучулук курамдан турган атайын жана коомдук юридикалык сабактар деген 2 цикл ишке кирген. МФАОМ  алгачкы кабыл алуусун 1969-жылдын 1-октябрында жүргүзгөн, ага Советтик Армиянын катарынан демобилизациялангандардын, жарандык жаштардын жана милициянын кызматкерлеринин ичинен 64 адам окууга кабыл алынган.

 

МФАОМдон 4 миңден ашуун адам билимге ээ болуп, атайын орто юридикалык билим жөнүндө диплом алып чыгышкан.

 

Республикадагы ИИМдин системасынын жана башка укук коргоо органдарынын көптөгөн жетекчилери дал ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү десем жаңылышпайм.

 

1991-жылдын 19-июлунда Союздук Республикалардын суверенитеттүүлүк процессине байланыштуу Өлкө башчынын Указы менен СССР ИИМдин милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку мектеби болуп кайрадан түзүлгөн. КР ИИМдин БЖММ түзүлгөндөн бери КР ИИМдин ички аскерлеринин жана катардагы органдардын бөлүмдөрү үчүн жогорку квалификациядагы кызматкерлерди даярдоодо жана кайрадан даярдоодо бир кыйла тажрыйба топтолду.

 

2000-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Академиясы болуп кайрадан түзүлгөн. Тагыраак айтканда окуу жай өзүнүн эң жогорку статусуна ээ болгон. Окуу жайга кыргыз милициясынын тарыхындагы милициянын биринчи генерал-майору Алиев Эргеш Алиевичтин ысымы ыйгарылган.

 

- Тарыхы бай аталган окуу жай өлкөгө канча тартип сакчыларын даярдап бере алды? 

 

- Көрсөтүлгөн убакыттан бери квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо курсунан ИИОнун 2 миңдей кызматкери билим алган.

2000-жылдан бери Академияны 15 000ге жакын бүтүрүүчүлөр ийгиликтүү аяктаган. Анын ичинен 4000ден ашууну курсанттар,  10 000 ашууну сырттан окуу факультетинин угуучулары, 100дөн ашууну акы төлөп окуу факультетинин студенттери жана 100гө жакыны илимий жана илимий педагогикалык кадрлар дайындалып чыккан. 10дон ашуун кызматкер докторлук диссертацияларын жактап, жогорку илимий даражаларга ээ болушкан. Ошондой эле 100дөн ашуун илимдин кандидаттары окуп, илимий иштерин жакташкан.

 

Жалпы Милиция окуу жайы ИИО жана КРнын күч түзүмдөрү үчүн 20000ден ашуун  жогорку билимдүү жана илимий кызматкерлерди дайындаган.

 

- Ал эми азыркы Академияда кандай иштер жүргүзүлүүдө?

 

- Академия 2000-жылдын 8-майындагы КР Өкмөтүнүн №256 токтому  менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ИИМ милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академия жөнүндөгү Жобого ылайык иш алып барууда.

 

Билим берүүнү 5 факультет, 16 кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жүргүзүп келет. Окутуучулук курамда  4 илимдин докторлору, 38 илимдин кандидаттары, 2 профессор, 12 доцент, 2 улук илимий кызматкер жана 100дөн ашуун окутуучулар билим берүүдө. Биздин окутуучулар дайындаган курсанттар жана студенттер бир гана Кыргызстандын ичинде эмес Россия Федерациясынын, Казакстандын ИИМ окуу жайларында өткөн илимий-практикалык конференцияларга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Ошондой эле мугалимдерибиз дайыма жогорулатуу курстарынан өтүп турушат.

 

- Милиция кызматкери үчүн дене тарбиялык даярдык абдан чоң маанини ээлейт эмеспи, бул жаатында кандай иштер жүргүзүлөт?

 

- Өзүңөр деле билесиңер керек, Академияга тапшырууда алгач эле дене тарбия даярдык сынагынан өткөрөбүз. Даярдыгы жакшы, коюлган нормативдерди жетиштүү деңгээлде аткара билгендери окууга алынышат. Негизи бизге көбүнчө спорт менен машыгып жүргөн улан-кыздар тапшырышат. Профессионалдуу болбосо да өзү үчүн кандайдыр бир спорт менен машыгып келген абитуриенттер көп.

 

Ал эми, алардын спорттук даярдыгын дагы да бекемдөө үчүн бизде дене тарбияга даярдык кафедрасы бар. Кафедранын окутуучулук курамында Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана билим берүүсүнүн отличниктери, спорттун чеберлери, кандидаттары, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү кызмат өтөйт. Атап кетсек, кафедранын начальниги Нурбек Камчыбеков “Күрөш” боюнча спорттун чебери, улуттук категориядагы  судья, Азиянын жана Европанын чемпионатынын коло медалынын  жеңүүчүсү. Ага окутуучу Ашырбек Бутумбаев бокс боюнча СССРдин спорт чебери, Азиянын чемпионатынын күмүш медалынын ээси. Окутуучу Нурлан Махмудов  самбо боюнча спорттун чебери жана бир нече эл аралык турнилердин жеңүүчүсү, 2006-2008-ж. Дүйнө чемпионатынын катышуучусу.

 

Машыгууларды максаттуу жүргүзүү үчүн, чуркоо талаасы, футбол, баскетбол, волейбол аянттары, күрөш, бокс, шахмат, тогуз-коргоол, теннис боюнча машыгуу залдары бар. Атайын белгилеген иш-мерчемдерге жана календардык майрам күндөрүнө карата ар түрдүү мелдештер өткөрүлүп турат. Айрым бүтүрүүчүлөрүбүз Академияда билим алып, машыгып, учурда чоң спортту тандап кеткендери да бар. Мисалы, акыркыларын айтсак, Рафаэль Физиев, Барчынай Узгенбаева. Ал эми милицияда өз кызматын өтөп келе жаткан милициянын ага лейтенанты Бахтияр кызы Нурзат Кыргызстандын атын чет өлкөлөрдө чыгарып, жакында эле Түркменстанда өткөн Азия чемпионатында алтын жана коло медалдарын жеңип келип, КРнын Президенти тарабынан да сыйлыкка ээ болгон.

 

Курсант жана студенттерден тышкары кызмактерлерибиз дагы мамлекеттик кызматкерлер арасында өткөн мелдештерде дайыма ийгиликтер менен келишет.

 

Ал эми Академия окуу жай катары таанылгандан бери 30 спорттун эл аралык класстагы чебери, 158  КРнын спорттун  чебери жана 251ден ашуун спорттун чеберине талапкерлер жана 509 разряддык спортчулар дайындалган.

 

- Ал эми мекенчилдикке тарбиялоодо кандай иш-аракеттер аткарылат?

 

- Тарбия иштерин жакшыртуу максатында жыл сайын “Мыкты курс”, “Мыкты взвод”, “Мыкты курсант”, “Мыкты студент”, “Мыкты спортчу” конкурстарын өткөрүү салт болуп калган.  Ошондой эле “Кураторлук”, “Курсанттык ар намыс соту” активдүү иштеп келет. Ар бир взводго бекитилген кураторлор курсанттарды жана студенттерди музей, театр, концерт, Ата-Бейит улуттук комплекси сыяктуу   коомдук-маданий  жайларга алып барышат. Майрамдарда Улуу жеңиштин ардагерлерин жана көп жылдар бою ИИОдо кызмат өтөп кеткен ардагерлердин үйлөрүнө барып, куттуктап келишет.

 

Календардык жана улуттук майрамдар салтанаттуу белгиленет. Республикалык жана эл аралык студенттер арасында сынактарга, спорттук  мелдештерге катышышат. Ошондой эле Академиянын хору, үйлөмө аспаптар оркестри, ыр, бий, музыкалык аспапта ойноо кружоктору, кыздардын курамынан турган барабанчылар взводу активдүү иштеп жатат.

 

Мындан сырткары балдар жана карылар үйлөрүнө барып, ал жакта ишембилик жүргүзүп, маанайларын көтөрүп, концерттерди уюштуруп турушат.

 

- Ал эми сырткы байланыш иштеринде кандай иштер аткарылып жатат? 

 

- Республикадагы жана чет мамлекеттердеги окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурабыз. Академия уюшулгандан баштап бир топ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ИИМ жогорку окуу жайлары менен байланыш түзүүгө жетишти.

 

Бүгүнкү күндө Академия, Россия Федерациясынын, Казак Республикасынын, Беларусь, Тажикстан, Грузия, Түркиянын   ички иштер органдарынын билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта. 2009-жылдан бери Академия КМШ өлкөлөрүнүн (Россия, Армения, Молдова, Тажикстан, Казакстан) ИИМдин Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын катарында турат. Ал эми 2011-жылы Полиция академияларынын эл аралык ассоциациясынын (ИНТЕРПА) курамына кирген.  

 

Былтыр, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн ИИМдин Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын жетекчилеринин кеңешмеси өткөрүлүп, заманбап укук коргоо органдарын даярдоодогу илимий-изилдөөчүлүк, теоретикалык-методикалык, уюштуруучулук-башкаруучулук суроолору талкууланды.

 

Негизги маселе уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жүргүзгөн кызматкерлерди дайындоонун максаттуу жолдорун аныктоого басым жасалды. Ошондой эле билим алуучулардын компьютердик жөндөмдүүлүктөрүн бекемдөө маселесинин актуалдуулугу да айтылды.

 

Жыйынтыгында кеңешменин катышуучулары укук коргоо органдарын дайындоодогу кызматташуу жылдан-жылга маанилүүлү болуп жаткандыгын белгилешип, илимий, практикалык-багыттоочулук демилгелерин билдирип Резалюцияга кол коюшту.

 

Ал эми бүгүнкү күндө эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде 200гө жакын курсант Россия Федерациясынын Москва, Санкт-Петербург, Омск, Волгоград, Сибирь ИИМ окуу жайларын аякташты.

 

2019-жылдын март айында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке салынган инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму болуп өттү.

Иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы илим-билим алкагында кызматташтыкты кеңейтуу максатында жогорку деңгээлде жана бул багытта иш алып барган өкүлдөрдүн катышуусунда өткөрүлдү.

 

 

 

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: “Майдан. kg” гезити