Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Казакстандын жараны эместигин билдирүүдө. Ал Токон Мамытовдун маалыматын "өзүнүн оюну" деп атады. 

 

Айтымында, анда бир гана Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган документтер бар. 

 

"Менде казак паспорту жок. БШК мени 2014-жылы текшеришкен. Эми алар Казакстандын тийиштүү кызматы менин казак  жараны экеним боюнча чын-жалганды тастыктаган маалыматты менин уруксатым жок берүүдөн баш тартышканын айтып жатышат. Мындай болушу мүмкүн эмес", - деди Сулейманов. 

 

 

Эске салсак, акыйкатчы Токон Мамытов Бахадыр Сулеймановдун казак жараны экенин билдирип, БШКга маалымат жиберген.