“Бардык мамлекеттик иш кагаздары, өздүк документтер мамлекеттик басмаканада басылып чыгышы зарыл. Бул экономика үчүн да маанилүү. Мисалы, башка мамлекеттерде бардык иш кагаздарын мамлеккеттик басмаканалар басып чыгарат. Ал тургай айрым өлкөлөрдө Улуттук банктардын алдында өздөрүнүн басмаканасы бар. Акчалар ошол жерде даярдалат”, - дейт депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 11-декабрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

"Биз колдонгон жарандык паспорттун баасы 96 сом болсо, айдоочулук күбөлүктүн баасы 1300 сом тураарын айтып, бул жерле чоң коррупциялык схемалар бардыгынан күмөн санады. Эл өкүлүнүн айтымында, жогорудагы өздүк документтерди даярдоого кеткен материалдар бирдей болсо да, бааларындагы чоң айырмачылык дароо көзгө урунат. Ошондуктан, - Муну иликтеп чыгуу зарыл. Мен депутат болуп келгенден бери бул маселени бир канча жолу көтөрдүм. Сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек”, - дейт Р.Момбеков.

 

Уктурууга катышкан “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору Даир Кенекеев “Учкун” акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 85,36 % түзөрүн билдирди. Анын ичинен 8% социалдык фондго которулат, - дейт ал.  

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” 03.04.2015.  № 72 мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик маанидеги документтердин баары биздин басмаканадан чыгарылып турган. 3 жылда биз карыздарыбызды төлөгөнгө жетишкенбиз. Аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин атаандаштыкка туруштук бере алган жокпуз. Себеби, бүгүнкү күндө полиграфия рыногунда 200 дөн ашуун типографиялар иштейт”, - деди учурдагы абал тууралуу кеңири маалымат берген “Учкун” ачык акционердик коомунун жетекчиси.

 

Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга эле өлкөнүн бюджетинен 500 млн сом коротулат.  “Учкун ” ишканасын менчиктештирүүгө да кээ бир адам кызыктар болгон, бирок биз ага жол бербейбиз, - деди Д.Кенекеев.

 

Ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууда “Учкун” ААКнын дарамети жетиштүү. Бирок, ага карабай айрым китептерди чет мамлекеттерден бастырып, вагон – вагон жүктөп келген көрүнүштөр бар. “Буга 5 – класстар үчүн жазылган “Русский язык” китеби мисал”, - деди Д.Кенекеев.