Борбор калаабыздын жаңы башчысы болуп Азиз Суракматов экинчи класстын деңгээлинде өз эне тилин билбей, бир сөздү туура жаза албай, коомчулукка шылдың болуп, анткен менен аттуу-баштуу тилчи-окумуштуу агайларыбыз “Кыргыз тилин билет”,- деген баа беришип, кызыл кыргын, сары сүргүн менен шайланбадыбы.  Эми мэрдин ошол ызы-чуусу бүтө элек жатып дагы бир коомчулукту дүрбөткөн окуя болду. Анткени мэр ишин чарбалык көйгөйлөрдү чечүү менен эмес, 100 миң сомго кыргызча-орусча сөздүк сатып алуу менен баштап отурат. Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдин "Фейсбуктагы" баракчасына жазганы боюнча, бул сөздүктөр кыргыз тилин өнүктүрүү борборуна сатып алынат. Андан соң райондордогу акимияттарга таратылып, документтерди толтуруу жана башка иштерге колдонулат. Демек, мындан ары мэриянын эле эмес, акимчиликтердин кызматкерлери да тигил же бул иш кагазын жазууда өздөрү түшүнбөгөн сөздөрдү сөздүктөн таап, туура жазышат өңдүү. Албетте, сырттан караганда мындай кадам туурадай эле сезилет. 100 миң сом килейген бюджети бар шаар үчүн болбогон эле акча. Ансыз деле бир орто чиновник миллиондорду “ап” этип коюп атпайбы. Бирок мэрлик кызматка кыргызча жаза албаган, сүйлөгөндү билбеген, “шаар” деген сөздү “шар” деп жазган жетекчи жогор жак менен кландардын үстөмдүгү аркылуу шайланса эле калган майда чиновниктер үчүн да эне тилин билбегендик кечиримдүү болбош керек да. Балким, андан көрө кыргызча так сүйлөгөн, жаза билген кызматкерлерди жумушка алуу туура болуп жүрбөсүн? Азыр мындай сабаттуу, мекенчил жаштарыбыз жок эмес да. Канткен менен “мойнунан жетелеген ит ууга жарабайт”,- демекчи, өз эне тилин билбеген, дили, тили буруу мамчиновниктер анан кантип өз өлкөсү үчүн берилип иштесин? Баса, АША доорундагы эң жаш министр деген А.Новиков да кыргыз тилин үйрөнүүгө ушунча суммада бюджеттеги акчаны бөлөм деп, саясый карьерасы көпкө узабады эле...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити