“Мамлекеттин мугалимге мамилеси - бул мамлекеттин күчтүүлүгүн же чабалдыгын далилдей турган мамлекеттик саясат”,- деген Отто фон Бисмарк. Ал көрөгөчтүк менен түптөп кеткен Германия эки дүйнөлүк согушту башынан кечирип, бирок мамлекеттүүлүгүн сактап эле калбастан, азыр эң кубаттуу өлкөлөрдүн алдынкы сабында. Анын “Согушта ийгиликти эки фактор чечет: жаңы үлгүдөгү мылтык жана мектептин мугалими”,- деп айтканы да актуалдуу бойдон калып жатпайбы. Бизде болсо бийлик: “кандай ыкмалар менен билимдүү адамдарды тарбиялап чыгарабыз”,- деген маселени чечүүгө баш оорутпай, “кимдерге окуттура койсок” деген бир чети опурталдуу жолду тандап алган. Аны сезген өлкөлөр Кыргызстанга өз таасирин (жумшак күчүн) күчөтүш үчүн улам бир мектеп, медресе, колледж, университет ачып бере коеюн деп жатышат…

 

 

“Катынына таарынган кайнына салам бербейт”

 

Чейрек кылымга тете мезгилден бери “Себат” эл аралык билим берүү жеке менчик мекемесинин лицейлери Кыргызстанда жакшы жагынан таанылып, базар экономикасынын алиппесин үйрөнө баштаган элибиз түрк лицейине акча төлөп окутуунун утушу көп экенин тез эле эсептей койду. Түрк туугандарыбыз жалаң вундеркинддерди тарбиялап чыгарат дегенден алыспыз; бирок бул лицейдин бүтүрүүчүлөрүн калган студенттерден айырмалоо анча деле кыйын эмес: негизинен балдар адептүү, тартиптүү, билим деңгээли жогору, жалпы кругозору кеңири, чет тилдерди, информатиканы жакшы билишет. Түрк университеттери да Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайларынан болуп, сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип жатышат.

 

“Дос айрылат, сөөк кайрылат”- дегендей, Режеп Тайып Эрдоган менен Фетхуллах Гулен - эки мырза мамилелеш кезде “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин чет мамлекеттеги ишмердүүлүгү жөнүндө эч жаман сөз айтылчу эмес. Демек, эгерде алардын жолдору ажырабай турса, анда бул уюмдун “башка элдердеги арам ойлуу иштери” көмүскөдө эле калмак экен да?!  

 

Гуленчилердин маселеси Анкарадагы бийликтегилер тарабынан 2016-жылдын 15-июлундагы окуядан мурда эле, Түркиядагы резонанстык коррупциялык иштерден улам козголуп калган. Алардын ачыкка чыгып кетишин Ф.Гулендин тарапташтары жасады деген имиштер орун алып, интернетке жарыя болгон телефон чалууларга да аталган аалымдын шакирттеринен шектенүүлөр пайда болгон. Ошондуктан айрым байкоочуларда ким күнөөлүү болору мурда эле аныкталып калгандай таасирлер бар.

 

 

 

“Жаманыңды билип алдым, кырманыңа кирип алдым”

 

Расмий Анкаранын “Себат” эл аралык билим берүү мекемелери боюнча Бишкек менен ультиматумдун тилинде сүйлөшүү аракетине Кыргызстандын ТИМ татыктуу жооп бергендиги эсибизде. Бирок эмне себептен бизге мындай кекирейген мамиле келип чыкты? Буга түрк бийлигинин кийинки жылдардагы эл аралык мамилелердеги жүрүш-турушу эле эмес, официалдуу кыргыз тараптын да салымы бар. Мен айрымдарын эсиңиздерге сала кетейин.

 

2012-2013-ж-ж. Кыргыз-түрк Манас университети (КТМУ) боюнча эки тараптуу келишим Анкаранын сунушу менен түрктөрдүн пайдасына өзгөртүлүп (эми ректор түрк тараптан гана болсун деп), Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаттарынан колдоо алган. Уюштуруучулар кеңешинин жетекчилиги да Түркиядан.

 

Түрк тарап, “Кыргызстанга кереги барбы-жокпу” дебестен, дагы бир теологиялык факультет ачып, университеттин короосуна заңгыраган мечит салдырды. Аны мыйзам боюнча каттоодон өткөрүү талабына макул болбой, “ал теологиялык факультеттин окуу аудиториясы” деген шылтоо менен Кыргызстандын мыйзамын тоготпой келе жатат. Мечиттин имамын Бишкек шаардык казыяты дайындашы керек эле, буга да баш бербей  коюшту. “Жал” кичи районундагы мусулмандарды намазга киргизбегендиги боюнча да маселе бар.

 

Эмне үчүн Кыргызстандын мыйзамдарын  тоотпогон түрк туугандардын эч негизсиз, кекетүүсү бар талабына Кыргызстан “ляппай, таксыр!” деш керек?! 

 

Сөз болуп жаткан теологиялык факультеттер жөнүндө маселени да кыргыз өкмөтү кайра карашы керек. Бизде эмнегедир Түркия светтик мамлекет десе эле, аларда да диний уюмдар мамлекеттен бөлүнгөн деп ойлошот, бирок андай эмес. Түркия Диянети (Диний Башкармалык) мамлекеттин курамында жана анын башчысын мурда премьер-министр дайындачу, азыр президент өзү коет. Ушундай түшүнбөстүктөрдөн улам Ош мамлекеттик университетине теология факультети ачылып калган; бул Түркияда Дианеттин кадрларын даярдоо системасы; ошолор каржылайт. (Түркия менен Өзбекстан ынак болуп тургандагы макулдашуу боюнча Ислам институту Ташкентте ачылмай болот, бирок маркум И.Каримов менен Түркия жетекчилеринин ортосунда өзбек оппозициясы боюнча маселе чыгып, убада жокко чыгарылат. Ошондуктан элпек кыргыздарды көндүрө коюп, ОшМУга теологиялык факультет болуп ачылып калат.)

 

Жыйырма жылга чукул убакыттан бери ОшМУнун теологиялык факультети миңге жакын теолог адистерди даярдады, бирок бүтүрүүчүлөрдүн бирөө да имамдык ишке барган жок. Алар негизинен түрк бизнесмендери менен алакалашып, соода-сатык жана башка ишмердүүлүктө. Биз бул маселени 2015-жылы Түрк Дианетине койгонбуз: бүтүрүүчүлөр же биздин муфтияттын системасына келип иштешсин, же факультетти “ислам соода-сатык ишмердүүлүгү жана каржылоо системасы” боюнча адистерди даярдоого профилдештиргиле деп. Дианеттин ошол кездеги жетекчиси Гормез мырза бул акыбалга өзү да тынчсызданып, өзгөртүүгө убада берген.

 

Алардын маселеси чечиле электе эле КТМУ дагы бир теологиялык факультет ачылганы айтылды. Билим берүү жана илим министрлиги мынча кадрлардын кереги барбы деген маселеге эч баш оорутпайт, болбосо ар бир университетте юридикалык, эл аралык мамилелер факультеттерин ача берүүнүн зарылдыгы барбы? Азыр болсо теологиялык кадрларды даярдоочу багыт көбөйө баштады. Ардактуу академиктерибиздин бири Иран менен Саудияга чапкылап, аларды теология факультетин (!) ачып бергиле деп жүрөт…

 

Жакында дагы бир маселе чыгышы мүмкүн – Бишкекте жаңы борбордук мечит ачылуу алдында. Эрте жазда түрк тарап анын имамынын ордуна молдолорду сынактан өткөрүп жатканы маалым болгон (Билсеңиздер, азыркы борбордук мечитти салган арабдар имамды сунуштайбыз дегенде Кимсанбай ажы чечкиндүү каршылык кылып, “бул маселени Кыргызстандын муфтияты өзү чечет”- деп кесе айткан).

 

Ошондуктан кыргыз-түрк ТИМдери жана Билим берүү министрликтери маселени тереңден чечиши керек. Кыргыз-түрк Манас университети боюнча келишим кайра каралуусу зарыл, бул биринчи ирээт. Калган маселелер: Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдорун түрк тарап толук таануу маселеси чечилип, теологиялык факультеттердин светтик мамлекеттеги статусу; керек болсо, канча кадр даярдалышы зарыл экени анализделүүгө тийиш (Түркиянын таасиринде боло турган кадрларды даярдай берүү бизге канчалык зарыл - муну, албетте, карашыбыз керек). Ал эми  “Себат” - “Сапатты” биз өзүбүз кол коюлган келишимдердин негизинде чечүүгө тийишпиз. Исламда менчиктин укугу ыйык экендигин унутпайлы. Алла Таала биздин динде мажбурлоо жок деген.

 

 

 

“Жамандын коногу билет, жардынын бойдогу билет”

 

Кыргыз өкмөтү  мамлекеттеги чет элдик жарандар, уюмдар жана мамлекеттер ачкан окуу жайлардын (КРСУ, Кувейт ачкан Чыгыш университети, ОБСЕнин Академиясы, АУЦА, МУЦА жана башкаларды) укуктук-келишимдик абалын жана статусун бүгүнкү күндүн талабынан дагы бир жолу карап, келишимдердин аткарылышы боюнча коомчулукту кабардар кылышы керек. Мисалы, ОБСЕнин Академиясы Уставын өзгөртүп, ректору кыргыз тараптан болбой калган жери да бар; Кыргыз-Славян университети Офицерлердин Үйүн ээлеген бойдон эле отурат.

 

Орусия тарап же университеттин имаратын, же офицерлер бош убагын пайдалуу өткөрө турган жайга жардамын аябайт, маселе көтөргөндөн корккондор эле болбосо. Мен буга толук ишенем. Сөзүм куру болбосун, акыркы эле бир мисалды келтирейин. Орус-православ чиркөөсүнүн Бишкек епархиясынын жетекчиси чийинден чыгып, чиркөөнүн короосун “Орусиянын территориясы” деп жарыялап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көзүнө илбей, айрым депутаттарга жана орусиялык бийликтин кээ бир өкүлдөрүнө таянып, жергиликтүү христиандардын нааразылыгын туудурган “ишмер” экен. Чакырып сүйлөшүп, мыйзам жолунда иштөөсүн талап кылсак, тооткусу келбейт. Биз да өзүнө жараша мамиле кылдык да, маселени Москва Патриархатынын жетекчилигине чейин койдук. Ал жактан абдан билимдүү адамдар келди, протоиерей В.Чаплин катарлуу; чогуу сүйлөштүк, бир пикирге келдик. Патриархат азыркы Владыко Даниилди жиберди; бул нагыз диний нуктагы жумшак мүнөз жетекчи экен: жергиликтүү христиандар ыраазы.      

 

Кандай оор проблема болбосун тартынбай чечиш керек. Жогоруда  айтылган  маселелер боюнча бийликтин бир жыйынтыкка келмейинче, дагы бир чет элдик билим берүү системасын Кыргызстанга киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Түркиядагы акыркы окуялардан, саясый өзгөрүүлөрдөн  кийин жана жаңырган бийликтин Кыргызстанга жасап жаткан мамилесинен улам, биз терең ойлонуп, иш кылышыбыз керек. Элчи мырзанын сөзүн байкадыңарбы - “Түркияда 82 млн эл жашайт; силердин 13 миң ишмериңер Түркияда”,- деп жылаандын башын кылтыйтып жатышпайбы…

 

Сөз аягында кыйытпай эле ачык айта турган дагы бир маселе - биздин эл түрк бир туугандарыбызга эч качан кара санаган эмес, кара санабайт жана алардын кимиси болбосун кысталыш абалга туш келип калса, калканч болуп берет. Кыргызда “чымчык коргологон караганча жоксуңбу?” деген намыстуу сөз бар;  коногун кодулаган эл эмеспиз.

 

“Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет – эл калат”.

 

 

Орозбек МОЛДАЛИЕВ,

коомдук ишмер

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити