2018-жылдын 20-майында 76 жашка караган курагында (1942.10.10 - 2018.05.20), Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург жана журналист Көчкөн Сактанов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.     

 

                      

 

К.Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош областынын Алай районуна караштуу Корул айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1979-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ага 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу нам ыйгарылган.         

 

Өзүнүн алгачкы эмгек жолун 1959-жылы Көк-Жаңгак шахтасында электровоздун машинисти болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясында кенже илимий, улук илимий-редактор, 1977-1980-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик теле-радио комитетинде редактор, 1980-1983-жылы “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, 1983 - 2007-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында редактор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында адабият бөлүмүнүн башчысы жана “Азаттык” радиостанциясынын Кыргызстан боюнча кабарчысы, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп эмгектенген.           

                                                                         

К.Сактановдун адабияттагы чыгармачылык жолу 1968-жылы “Үчөөнүн жүрөгү” деген повести жарык көргөндөн кийин башталган. Бул повести кыргыз адабият майданына талантуу жазуучунун келгендигин окурмандардын кеңири катмарларына даңазалай алган.                 

                                          

Анын көп багытуу сөз чебери экендигин – “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам” жана улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен биргелешип жазылган “Курманжан датка” аталыштагы пьесалары чоң ийгилик менен өлкөбүздүн көптөгөн театрларында коюлган.     

 

Жазуучунун чыгармачылык ишмердигинин дүркүрөп өскөн мезгили 1974-2013-жылдарга туура келип,  ал ушул аралыкта “Апа кат”, “Умтулуу”, “Адат азабы”, “Мурас”, “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы”, “Искендер Зулкарнайн”, “Алымбек датка”, “Курманжан датка”, “Атилла” деген жана башка аңгемелери, повесттери жана романдары жазып, окурмандарга тартуулаган.              

                                              

Бир эле мезгилде К.Сактанов Республиканын мезгилдүү басма сөзүнө публицистикалык курч маанайда жазылган көптөгөн макалалардын автору катары да кеңири таанылды.  

                                                                                    

Жазуучунун Кыргыз Республикасынын адабиятынын, маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы мамлекет тарабынан акыйкат бааланып, ал бир нече медалдар, Ардак Грамоталар, дипломдор, төш белгилер менен сыйланган.                                                                   

 

Кыргыз элибидин чыгаан жазуучусу, өзүнүн кайталангыс чыгармачылык таланты менен улуттук ингеленциябыздын жана жалпы кооомчулугубуздун кеңири катмарына аттын кашкасындай таанымал болгон атактуу сөз чеберинин жаркын элеси тууган-тушкандарынын, жакындарынын, аны билгендердин, чогуу иштегендердин жана кесиптештеринин жүрөгүндө унутулбай жашай бермекчи. 

 

Абылгазиев М. Д.,  Боронов К. А., Өмүрбекова А. С., Жумагулов С. Ж., Молдобекова Г. С., Садык ШЕР-НИЯЗ., Акаев Ж., Ибримжанов Б., Пиримов У., Касмалиева А., Айдаров С., Маматалиев М., Раев С.А., Рыскулов А., Нурманбетов Т., Осмонов К., Өзүбеков А.,  Карыпбеков И. М., Жусупов К., Бектеналиев М. А., Алымбеков Н., Тургунбаев С., Даутов К., Абакиров М., Жусубалиев И., Омүрзаков С., Абдрахманов Ж., Абдыкалыков О., Исаков И., Салиев А., Мамырова Б.