Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын тургундары Макмал алтын кениндеги алтын ылгоочу фабриканын курулушуна ачык эле каршылык көрсөтүшүп, а түгүл кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын имаратын жана жаңыдан курулуп жаткан кен ылгоо фабрикасын дагы каратып туруп өрттөп жиберишти. Ушул тапта аталган чет өлкөлүк ишкана тарткан зыянын 5 миллион доллардан ашык акчага баалап жаткан чагы.

 

Айтмакчы,Тогуз-Торо районундагы Казарман кыштагынын тургундары буга дейре бир нече жолу Макмал алтын кенине жакын алтын ылгоочу өзүнчө жаңы фабриканын курулушуна катуу каршылык көрсөтүшүп, бир канча жолу нааразычылык акцияларын февраль жана март айларында байма-бай уюштурушкан. Ошол себептүү жаңы ишкананын курулушу убактылуу токтотулган эле. Антсе дагы апрель айынын башында чыдамы таптакыр түгөнгөн тургундар аймакта иштеп жаткан кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын имаратын каратып туруп өрттөп жиберишти.

 

- Мейли, инвесторлор келишсин, биздин  буга эч каршылыгыбыз жок! Бирок, алар качпастан жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз жолугушпайбы. Эмнеден коркушат, ыя? Анан бизге уруксат кагаздарын жана башка манилүү документтерин көрсөтүшпөйбү? Тилекке каршы, бул талаптарыбыздын бирин дагы аткарбастан, бизди дегеле тоготпой жатышат!- деп тызылдады нааразычылык акциясынын катышуучусу, Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Жапараалы Казыбаев.

- Танып не. Булар экологиябызды буга дейре талкалап бүтүштү. Эми калганын моминтип бузуп жатышат. Далай жердештерибиз ушунун кеспетинен ооруга дагы чалдыгып олтурушат. Бирок, булардын убалын Кыргыз Өкмөтү дагы, кен казган чет өлкөлүктөр дагы таптакыр ойлобой жатышат? Бизге Тогуз-Тородо “МакмалАлтын” фабрикасынын иштегени эле жетиштүү болчу. Жанына экинчи комбинатты куруп эмне кылышат? Элдин убалын ойлошпойбу, айланайындар? - деп чырылдады айылдык Кеңештин төрагасы Уланбек Шерипов.

 

Анткени менен өкмөт башчысы Сапар Исаков Тогуз-Тородогу окуя чындап эле накта саясат жыттанып тургандыгын жашырган жок.

 

- Тогуз-Тородогу каргашага айрым саясатчылардын дагы катыштыгы бар. Ошол себептүү муну кең-кесири териштирүү үчүн органдарга дагы чоң убакыт зарыл. Мында Жогорку Кеңештин түздөн-түз колдоосуна дагы муктажбыз! Башаламандыка катыштыгы барларга өтө катаал чара көрүүдө парламент абдан чоң жардам берээрине терең ишенем! – деди премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын отурумунда.

 

Бул арада кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы негизги  инвестор сыңары Казарманда курулуп жаткан фабриканын талкаланган жана өрттөлгөн имаратынын чыгымдарын азырынча 5 миллион долларга баалап жатат. Бирок, бул дагы акыркы эсеп эмес! Анткени, аталган кытайлык ишкана Тогуз-Торо районунун мурдагы акими Тилек Идирисовдун үстүнөн дагы доо арыз менен сотко кайрылууга ниеттенип жаткан убагы.

 

Бирок, Кыргыз Өкмөтү келтирилген чыгым жөнүндө алигүнчө ооз ача элек. Болгону Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынын бошотуу менен гана чектелди. А жергиликтүү милиция “Бейбаштык”, “Бөтөн мүлктү атайылап жок кылуу жана зыян келтирүү” жана “Массалык башаламандык” беренелери боюнча гана кылмыш ишин козгоду. А күнөөкөрлөр жана кармалгандар жөнүндө такыр сөз жок!

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда 20 миң калк жашайт. Аймактын бюджетинин 95 пайызы “МакмалАлтын” комбинатынын эсебинен гана куралат. Убагында бул ишканада үч миңге чукул адам эмгектенчү. Макмалда ай сайын 250 кило алтын өндүрүлчү. А ушул тапта кымбат баалуу металлдын өндүрүлүшү дээрлик 30-40 килого дейре кескин түрдө төмөндөп кетти.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Жалал-Абад облусу

Булак: “Майдан.kg” гезити