Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун бир канча жылдан бери ишке ашыра албай, ашмалтайы чыгып келет. Жыкында эле, Сапар Исаков Кытай компаниясы менен келишим түзгөнүн, алар Бишкек менен Ошту тез эле коопсуз шаарга айландыраарын айтып мактанган эле. Көп өтпөй эле аталган компания менен бир пикирге келише албагандыгы үчүн, иштешүүдөн баш тарттык дешти.  

 

Бүгүн болсо, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев,  буга чейин иштеп кеткен бир дагы өкмөт жөндөй албаган долбоорду өз күчүбүз менен иштетебиз дейт.  

 

Ал тургай, азыр алдын ала камераларды орнотуп, бир камера 31 күндө орточо 7 миң айдоочуга айып жазаарын, ошондой эле,  бир камерадан бир айда 15 миллион сом түшөөрүн билдирди.