Баткен облусундагы Тажикстан менен чектешкен аймакта жайгашкан эки өлкөнүн айылдарынын жашоочуларынын ортосунда жакында чыр чыккан. Кыргыз жараны короосуна тосмо орноткону коңшу өлкөнүн жарандарынын нааразычылыгын жаратып, алгач кайым айтышуудан башталган чыр таш менен атышууга чейин жеткен.

 

Бул маселеге Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова кайрылды.

 

Депутат бийлик өкүлдөрүн “чегара аймагындагы айылдарда абал туруктуу” деген куру маалыматка жашынып, убактылуу өзүлөрүн алдабай, маселеге олуттуу кароого чакырды.

 

“Убактылуу тынчтыкка алдана бербей, олуттуу кадамдарга баруу керек. Мындай чыр ар жаз сайын чыгат. Анткени, эки өлкөнүн жарандаы суу, жер талашышат. Жай келгенде жайыт талашмай башталат. Мунун баары ошол аймактын тактала электигинен болууда. Бийлик талаш аймактарга тактык жарата албаган кудуретсиздигин көрсөтүп жатат”, - деди депутат.

 

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик кызматтарын жана аларга бөлүнгөн милдеттерди салыштырды эле, Тажикстандын алдында Кыргызстандагы кызматтардын милдети чаржайыт экени анык болду.

 

Ал белгилегендей, Тажикстанда бир тармакка тийиштүү маселелер бир колдо. Мисалы, өлкөнүн жери, жайыты, багы тууралуу маалыматтарды иргеп, эсептеп турган атайын мамкызмат бар. Анын башчысы министр деген статус тагынган. Коңшу өлкөлөр менен чегарадагы такталбаган жерлер тууралуу сүйлөшүүнү да ошол министр аткарат. А бизде жер маселеси Адилет министрлигинде, жер иштетүү Айыл чарбада, коңшу мамлекеттер менен жер жөнүндө сүйлөшүү чегара маселелери боюнча вице-премьер-министрде.

 

Кыргызстан эгемендикке жеткенине 26 жыл болсо да, такталбаган чегара аймагындагы жерлерди тактап кое албаган бийлик чын эле кудуретсизби деген ой жаралат.