Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин антикоррупциялык саясаттын
мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобу
«Кыргызтелеком» ААКнын ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдерди талдоонун
жыйынтыгын карады.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.



Жыйында белгиленгендей, коррупциялык зоналар финансылык ресурстарды жана
мүлктү пайдалануу, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана
өнүктүрүү, кадрдык саясат маселелеринде кездешет.



«Кыргызтелеком» ААКы - бул коммерциялык ишкана, анын негизги максаты пайда
табуу, ошого карабастан уюмдун компанияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык
документтери жок, ошондой эле коммуникация рыногунда абалын жакшыртуу
боюнча планы (божомолу) дагы жок болуп чыкты.


«Кыргызтелеком» ААКдагы ресурстарды талаптагыдай пайдаланбоо ыкмаларынын
бири - линияларды (каналдарды) жеке компанияларга арзан баа менен берүү
же пайда алып келбеген шарттарда ижарага берүү боюнча контаркттарды түзүү
болуп саналат.



Ошондой эле «Кыргызтелеком» ААКнын эсебинен кийин жеке компаниялар
тарабынан пайдаланылчу жана жумшалган чыгымдар акталбаган жаңы линияларды же
мурдагысын ремонттоо иштери жүргүзүлгөн фактылар орун алган.



«Кыргызтелеком» ААКда ремонттук, курулуш иштерине, материалдык-товардык
баалуулуктарды алууга мамлекеттик сатып алууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү
тендер өткөрбөй туруп ишке ашыруунун кайталанма системасы кеңири орун
алган.



Жумушчу топтун кеңешмесинин жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААК жаңы
жетекчилигинин демилгеси менен акыркы 4 айда түрдүү багыттар боюнча
текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берүү үчүн укук
коргоо органдарына 11 материал жөнөтүлгөнү аныкталды.



Ошого байланыштуу «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилигине 2018-жылдын
19-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине кызматтык
текшерүүнүн жогоруда аталган материалдарынын тизмесин берүү сунушталды.



Ошондой эле эксперттик топко «Кыргызтелеком» ААК менен бирдикте сунуштарды
жана эскертүүлөрдү эске алуу менен 2018-жылдын 5-апрелине чейин Кыргыз
Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун кароосуна
«Кыргызтелеком» ААКдагы коррупциялык тобокелдерди демонтаждоо боюнча
такталган пландын долбоорун иштеп чыгып, киргизүү сунушталды.