Өзүн көкөлөткөндү ой-да сүйгөн Сапар Исаков!

 

- Премьер-министр Сапар Исаковдун  айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

 

Картинки по запросу самсаалы четимбаев 

- Сөгүш бергенден эмне пайда чыкмак эле. Негизи иштей албаганын кетириш керек. Азыр сөгүш берип, убакытты созуп жүрө турган мезгил эмес. Даяр кадрлар келип, шымалана иштей турган учур. Мисалы, элдин жонунан кайыш тилип, олчойгон акча бөлдүрүп алып тил үйрөнүп аткан министр кантип ишти алгылыктуу алып кетет деп ишенебиз? Ал тил үйрөнөбү же жумушу менен алек болобу? Ошол министрди азыркы өкмөт башчы өзү менен кошо алып келген. Эми минтип ага сөгүш берип олтурат. Демек бул кадамдар өкмөт башчысынын айласы кеткендеги аракеттери деп билсек болот. Өкмөттүн кышка болгон даярдыгын көрдүк, шаар эли тоңуп өлүп калайын деди. Ишти аксаткан жетекчилерден арылып, иштей албагандардын баарын айдаш керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити