“Манас” – кыргыз элинин баатырдык уулу эпосу. Дүйнө элдеринин баатырдык эпосторунун ичинен “Манас” эң көлөмдүү эпос болуп эсептелинет. Азыркы күндө эпостун жетимишке жакын варианты бар. Алардын ичинен эң көлөмдүүсү Саякбай Каралаевдин варианты – 500 553 сап ырдан турат.

 

“Манас” эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, ыймандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын ар тараптан: жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө кирет.

 

“Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоору 2011-жылдын 9-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ошол эле жылдын 28-июнунда президент тарабынан кол коюлган.

 

Аталган мыйзам кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.

 

Мыйзамдын негизги максаты: “Манас” эпосун сактоо жана анын кадыр баркын көтөрүү, коргоо жана манастаануучуларды эпосту алып жүрүүчүлөр болгон манасчыларды мамлекеттик колдоо болуп саналат.

 

Ошондой эле, “Манас” эпосу жөнүндө” КР мыйзамын жүзөгө ашыруу үчүн, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын иштеп чыгып, 2011-жылдын 31-январында №67 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аталган программа бекитилген.

 

Улуттук программада “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, изилдөө жана гумандуулук идеяларын кеңири жайылтуу, жаш муундарды тарбиялоо, тарыхый-маданий мурастарды чыңдоодогу ролун эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын изилдеп үйрөнүү максатындагы багыттар камтылган.

 

2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Баку шаарында өткөн “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо” боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 8-сессиясынын чечими менен ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” Репрезентативдуу тизмесине кирген. Бул күнү “Манас” эпосунун үчилтигин ЮНЕСКО гана тааныбастан, бүткүл дүйнө жүзү тааныгандыктан, 2015-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №259 токтому менен 4-декабрь  “Манас күнү” деп өлкөбүздө белгиленген.