Дем алыш күнү жуунуп алалы деген ойдо Ак-Өргөдөгү бир менчик мончого кирип калбайбызбы. Дал ушул учурда эки адам кайым айтышып аткан экен.

         

- Трусаңды чечип жуунгун деп жатам!

 

- Сенин ишиң эмне? Чечемби, чечпеймби, бул – өзүмдүн ишим.

 

- Өзүңдүн ишиң эмес... чечип кой! Эмнеге уяласың? Бул жерде жалаң эркектер го! Эркек деген эркектей эле болбойбу, атайы баняга келген соң.

 

- Чечпейм. Мен балам менен келдим. Балама уяттуу жеримди көрсөтпөйм.

 

- Мен деле балам менен келгем. Көрсө эмне экен?! Эч нерсе болбойт.

 

Мындан, албетте, ыйбалуу кыргыз менен батыштын жылаңач маданиятына сугарылган кыргыздын пикир келишпестигин байкоого болот. Буга сиздердин көз карашыңыздар кандай? Биздики...

 

Ырас, батышты туурап, бетибизди таптакыр сыйрып салдык окшойт. Өзүнүн баласына жыныстык мүчөсүн көрсөткөн кандай абийирсиздик! Ошол эле дейсиңерби, кээ бирөөлөрү уул-кыздарынын көзүнчө “тарс” эттире атайлап койо беришкеничи. Андан калса, балдарынын арасында олтурганына карабай киндиктен ылдый жагын колдонуп сөгүнгөн ата-сөрөйлөрдүн жоруктары жолдо калсын! Кыргызда ата менен баланын ортосунда сый, урмат, ыйбаа бар кезде кылмыштуулук да жокко эсе эле дешет. Эми ыйманын, абийирин жеп алып, уурулук кылгандан, калп айткандан уялбай калган абийирсиздер көбөйдү.

 

Баса, мончо демекчи, бул макалабызды белгилүү бир акындын башынан өткөн окуяны сиздерге айтып берүү менен жыйынтыктоону эп көрүп олтурабыз...

 

Ошол акын да уулу менен бирге мончодо жуунуп жаткан экен. Самынга тайып кеткен уулу атасынын “бир жерин” шап кармай коюп, жыгылбай калыптыр. Ошондо ыраазы болгон атасы:

 

- Балам, пешениңди кара! Эгер мончого апаң менен келгенде шорломок экенсиң,- дептир.

 

Орозбек Бөрүгулов

Булак: "Майдан.kg"