Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бейөкмөт уюм дегендер  көбөйдү. Саман учса Самаркан өрттөндү деп көбүртүп-жабыртып бүтүндөй Ала-Тоого айгай салып чуу чыгарган өнөрү бар.  Алардын кожоюндары океандын ары жагында, ушул жери жаман  болуп жатат. Андыктан аларды азыркынын “Жоламаны” деп койсок туура эле болот го дейм (Айтматовдун чыгармасындагы энесин атып өлтүргөн маңкурт Жоламандын образында берилет эмеспи). Океандын ары жагындагы кожоюндарынын айдагы менен өз эли-жерине кесепетин тийгизип, бузукулук кылып аткан бейөкмөт уюмдарды азыркынын маңкурту десек аша чапкандык деле боло койбос.

 

Эски тарыхты кеп салып эсти оодарбай, жакында боло турган шайлоону эле алалы. Талапкер болуп катталгандардын катарын так ошол бейөкмөт уюмдардын өкүлү Р.Карасартова менен ошол арыктан суу ичкен К.Шаршекеева экөө да толукташты. Билген кишиге булардын дарамети ченелүү, шайлоодо саналуу добуш алаары да айдан ачык. Анткен менен бу кыз “Жоламандар” шайлоонун арты менен шайтан оюн баштоого кам көрүп жаткандай. Буга ал экөөнүн БШКга берген арызы жана “Жоламандардын” кожоюндарынын быйылкы шайлоо процессине мониторинг долбоорун ишке ашырууга деген шылтоо менен 1 млн. 100 миң евро бөлүп бергени таасын далил.

 

Мониторингин  тынч аткарышса бир жөн эле, бирок юридикалык жактан колдоо үчүн деп “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”, “Интернет жайылтуунун Жарандык демилгеси” жана “Адилет” укуктук клиникасы” өңдүү уюмдарга чоң өлчөмдөгү гранттык каражаттардын бөлүнүп берилишин кандай түшүнсөк болот?

 

Гранттар күн мурунтан түзүлгөн сценарий менен БШК жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында берилген. План боюнча шайлоо процессинин бузулушу тууралуу арыздарды БШКга жаадырып жана журт бузаар терс материалдарды жарыялаган ММКларды юридикалык жактан колдоо иштери каралган.

 

Айтор биздин “Жоламандар” журт бузаар иштерди жасап, грант берген кожоюндарынын айдаган жагына атырылып келишет. Ошентип эл аралык уюмдар бейөкмөт сектор аркылуу биздин элдин шайлоо ишин көзөмөлдөп жатканын тастыктайт. Бейөкмөт уюмдарынын буларды жасабоого да аргасы жок. Баса, так ошол “карусель” болуп кетпесин, алдыңкы технологияларды колдонуп таза шайлоо өткөрөлү деп жарандардан биометрикалык маалымат топтоп баштаганда Р.Карасартова караманча каршы чыгып атты эле. Көрсө апчебиз тээ башынан эле таза шайлоо өтүүсүнө каршы неме окшойт.