Жыл сайын август айында республикадагы мугалимдердин август кеңешмеси өтөт. Бул жылы педагогдордун август кеңешмеси Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. Өкмөт башчысы эл агартуучулардын көйгөйлөрүн угуп, бир топ маселелер жакынкы аралыкта чечиле турганын кабарлады.

 

Мугалимдик кесип ары татаал, ары түйшүктүү экенин баарыбыз билгенибиз менен 2010-жылга чейин бул тармакта иштегендердин маяналарын көтөрүү такыр колго алынган эмес. 30-40 жылдык эмгек стажы бар эл агартуучулар 4 миң сомго жетпеген айлыкка иштеп келген болсо учурда бул сумма эселеп өстү.  Бүгүнкү күндө республика боюнча 79 миң мугалим бар. 2010-жылга чейин мугалимдер 3,5 миңдин тегерегиндеги айлыкка иштеп келген болсо, Апрель революциясынан кийин эл агартуучулардын маяналары дээрлик 4 эсеге чейин өсүп, учурда орточо маяна 13 миң 800 сомду түзүүдө. Натыйжада мындан беш жыл мурда 3800 мугалим жетишпесе, учурда бул кѳрсѳтүч 478ге барабар. Мындай ийгилик айлык акынын кѳбѳйүшүнѳн улам жаралганы айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи.

 

Бирок, мугалимдер үчүн бул да аз экенин эске алган өкмөт аларга жетиштүү маяна маселесин чечүү жагын карап жатканын премьер-министр билдирди. Министрлер кабинети мугалимдерге жетиштүү айлык акы маселесин кароосу күн тартибинде экенин айткан Сооронбай Жээнбеков тармактагы негизги үч маселени педкеңеште талкуулоону сунуштады. Алар: мектептеги билим  берүүнүн заманбап системасынын так милдеттерин аныктоо, билим берүү маселесинде инсандын жана коомдун жеке жоопкерчилик аймагын чектөө, өкмөттүн аткаруусу керек болгон кээ бир милдеттер тууралуу өз көз карашын билдирүүгѳ багытталган.

 

Премьер-министр баса белгилегендей, өкмөт билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өз милдеттерин ырааты менен аткарууда. “Акыркы алты жылда 309 жаңы билим берүү мекемеси курулду. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. 2016-жылы 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул максатта бюджеттен 1 млрд 39 млн сом бөлүндү”, – деди С.Жээнбеков.

 

Ѳкмѳт башчысы эске салгандай, республикалык бюджеттин төрттөн бир бөлүгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө жумшалууда. Педагогдор жамаатын колдоо маселеси көзөмөлдө турат. “Жылына билим берүү системасына биз 28 млрд сом  багыттап жатабыз. Бул бардык мамлекеттик чыгымдардын 23%ын түзѳт. Биз мугалимдерди социалдык колдоо маселесин чечип жатабыз. Атап айтканда, күн тартибинде педагогдорду жетиштүү айлык акы менен камсыздоо маселеси калууда.  Өзүңүздөр билгендей, буга чейин 2011-2015-жылдары бюджеттеги оорчулукка карабастан, өкмөт эки ирет  мугалимдердин айлык акысын жогорулатты. Азыр 1991-жылдан бери биринчи жолу педагогдордун айлык акысын салыштырганда өлкө боюнча орточо айлык акыны түзүүдө”, – деп баса белгиледи.

 

Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, аларды жетиштүү пенсия менен камсыздандыруу, ипотека боюнча үстөк пайызды төмөндөтүү, жалпы республикалык тестирлөө системасын жакшыртууга байланыштуу суроолорго жооп берди. Премьер-министр билдиргендей, бардык маселелер боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мен окутуучулардын бардык көйгөйлөрүн билем,  өзүм эмгек ишмердүүлүгүмдү мугалимдик кесиптен баштагам. Мугалим болуу – абдан оор иш. Ал жогорку айкалышкандык жана ар дайым нервдик күч келтирүү менен байланышкан.   Ийгиликтүү эмгекти уюштуруу үчүн көптөгөн этаптарды аткаруу маанилүү. Мен эч качан билим берүү системасына кайдыгер болгон эмесмин”, – деди ал.

 

Кулак сүйүнткѳн маалымат: быйыл 134 мектеп, 100 бала бакча пайдаланууга берилет...

 

Кыргызстандагы мектептерде окуу куралдары гана жетишпестен, заманбап мектеп имараттарына ээ болуу да көйгөй жаратып келген. Кыргыз бийлиги, ѳкмѳт 25 жылда топтолуп калган мындай маселелерди акырындык менен жолго коюуда. Маселен, 2005-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстанда 127 орто билим берүү мекемелери оңдоодон өтүп жана курулган болсо, 2010-жылдан 2016-жылга чейин 309 заманбап мектеп колдонууга берилген. Быйыл бир эле жылда 134 мектеп курулуп, колдонууга берилгени турат. Бул билим уяларынын курулушу республикалык бюджеттен гана каржыланууда. Мектептерге каражат бөлүп гана карап отурбай, алардын сапатына да өзгөчө көңүл бурулууда. Маселен, Көз карандысыз изилдөө институту эки ай бою республикадагы мектептердин курулушу, алардын сапатына мониторинг жасаган. Анын жыйынтыгында соңку беш жылда мектептерди жаңылоо жана жаңыдан салуу иштери бир топ жанданганы белгиленген. Ошондой эле 2017-2018-окуу жылына карата 122 мектепти куруу планга киргизилген. Бул үчүн казынада каражат жетиштүү экенин өкмөт кабарлап жатат.

 

Билим берүү системасы бала бакчадан башталып, мектепке чейин мыкты тарбия алган балдар келечектин ээлери болорун эске алган өкмөт бул тармакты да көз жаздымда калтырган эмес. Маселен, быйыл 1-сентябрда өлкө боюнча жаңы 100 бала бакча ачылат. Эксперттер соңку беш жылда мектептерди жаңылоо жана жаңыдан салуу иштери бир топ жанданганын белгилешип, азыр билимге бурулган көңүл – келечекте өз натыйжасын бере турганын айтышууда.

 

 

Арина Рысбаева, Булак: «Майдан.kg» гезити