Жалал-Абад шаарындагы областтык Барпы атындагы драма театрында Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлүп, аскер кызматчылары ар кандай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

 

Майрамдык салтанатка Өкмөттүн областтагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

 

Өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышкан шаардык 704-аскер бөлүгүнүн командири Сардарбек Бакыевдин айтымында, өлкөдө акыркы жылдары аскер кызматкерлерине мамлекет тарабынан болгон көңүл буруу артты.

 

- Мамлекет тараптан Куралдуу күчтөргө болгон мамиле жакшырууда. Мисалга алсак, Куралдуу күчтөрдүн толугу менен бирдей формага келтирилиши, материалдык-техникалык базаларды толуктоолор жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөөсүн турак-жай менен камсыз кылунун жакшырышы аскер кызматкерлеринин маанайын көтөрүүдө. Мекендин коргоочуларына болгон мындай камкордук аскер кызматкерлеринин мындан ары да жакшы иш алып барууларына шарт түзөт, - деди ал.

 

Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев Мекендин коргоочуларын майрамы менен куттуктап, аларга шаар мэриясынын атынан жакшы каалоолорун айтты. Ошондой эле бир катар аскер кызматчыларына шаар бийлигинин сыйлыктарын тапшырды. Андан кийин майрамдык чоң программадагы концерт берилди.

 

Эскерте кетсек, Мекенди коргоочулар күнү өлкөдө 2003-жылдан тарта белгиленип келүүдө.