Чаткалдын Ак-Таш айылында төрөтү жакындаган эки келин 10-февралда райондогу төрөт үйүнө жеткирилген.

 

Алардын бири 21 жаштагы келин уул төрөгөн. Бирок жол жабык болгондуктан кайра Ак-Таш айылына келе албай убара болууда. Бул тууралуу Ак-Таш айылынын фельдшер-акушердик пунктунун фельдшери Замирбек Рысдөөлөтов  билдирген. Маалыматка ылайык, келин учурда Курулуш айылында жакындарынын үйүндө жашап жатат. Экинчи келин төрөт үйүндө.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.