Жалал-Абад шаарында “Өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшыруу” долбоорунун алкагында ыктыярчылардын жардамы менен үгүт-түшүндүрүү иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоорунун аймактык кызматкери Назгүл Назарова билдирди.

 

Анын айтымында, аталган долбоор 2017-жылдан 2019-жылга чейин улантылат жана долбоорду Щвейцариянын “Кызыл чырым” коому каржылап жатат.

 

- Долбоордун ишин жүргүзүү максатында ыктыярчыларды тандап алдык. Учурда  биз алар менен чогуу жогорку окуу жайларына, колледждерге, мекеме-ишканаларга барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүт, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мен ойлойм, долбоор боюнча быйылкы жылы шаардын аймагына толук кандуу иштерди алып бара алсак, кийинки жылдан областтагы район-шаарларга чейин барып, донорлордун санын көбөйтүүгө аракет жасайбыз,- дейт ал.

 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад областтык кан борбору донордук кандын көлөмүн камсыз кылуу боюнча өлкөдө алдыңкы орунда турат.