Мен сиздерге, урматтуу окурмандар, сыясы кургай элек жап-жаңы бир окуяны айтып бергим келип олтурат. Жумушумду эми эле бүткөзүп, үйгө кетмекчи болуп жаткам. Машинамды оталдырганы жаткан кезимде, жүзүн муңайым чалган 25 жаш курактагы бейтааныш кыз мага кайрылды:

 

- Саламатсызбы! Сиз – Ороз байке белеңиз?

 

- Ооба.

 

- Мени тааныдыңызбы?

 

- Жок.

 

- Мен сизден китеп алгам. Эстедиңизби?

 

- Эстей албадым. Китеп алгандар көп да... алардын кайсы бирин...

 

- Байке, келген максатымды “прямо” эле айта берейин: мага бирөөнү таап бериңизчи, материалдык жактан колдогон. Сизге ишенип келдим.

 

Суроону жакшы түшүнбөй селейип туруп калдым. Кыз сөзүн улантты:

 

- Жумуш таба албай кыйналып кеттим. “Работа” деген гезит деле жөн эле алдамай окшойт. Андагы рекламадагыларга чалсам, эч “толк” чыкпады. Эртең квартира акысын төлөшүм керек эле. Андан сырткары үстүмө кийим-сийим менен камсыз кыла турган эркек болсо... Атайы келдим ушун үчүн, сизге ишенип. Сиздин тааныштарыңыз көп болуш керек. Өтө бай эркектин деле кереги жок. Алар зыкым болушат. Анан, эптеп эле “ишин” бүтүрүп алып кетип калган эркектин да кереги жок. Өзүмчүлдүк кылбай, менин дагы...

 

Бир аз сүйлөшүп турган соң, “мейли, караштырып көрөйүн” деп атып араң жолуна салдым. Мени жалооруй караган кыз менде өтө маанилүү жумушу бар өңдөнүп, дагы бир сөзүн айта албай жаткан таризде кыйылып атып араң кетти.

 

Балким...

 

Менин жардамыма муктаж болгон бул кыз ким?

 

Биринчи божомол: кыйналып жашап жаткандыктан ушундай жолго аргасыз азгырылып жатат.

 

Экинчи божомол: мен “Майдан” гезити аркылуу айрым учурларда бирөөлөрдүн куйругун баскан макалаларды, сатираларды окурмандарга тартуулап жатам. Каармандарымдын бирөөсү өч алуу максатында шантаж кылуу үчүн ушул кызды жөнөттү. Себеби, мындай өтүнүч менен келген кызга көпчүлүк эркектер башкалардан мурда өзүн сунуштаары айкын. Эгер кимдир бирөөлөр даярданыша алдын ала “план” түзүп:  анан эле “кунаажын турса көзүн сүзүп”, мен чыдабай кетип  жиберсем "жибимди үзүп”... Алар болсо, жашыруун камера менен... Арадан көп өтпөй тиги кыз экөөбүз интернет менен гезиттин бетин ээлеп, бат эле “популярдуу” болуп кетмекпиз.

Баса, менин жазгандарымды окуп жүргөн Мария эже (“Жылаандар канышасы” аттуу атактуу романды жазган Эмил Өмүракуновдун аялы):

 

- Жазгандарың шумдук!.. Бирөөлөрдүн “терисин катуу сыйрып” коёт экенсиң,- деп айтып, сак болушумду өтүнгөн эле.

 

Бирок, мен биринчи божомолума көбүрөөк таянам. Анткеним, азыркы кезде жогорудагы кыз гана жалгыз эмес, кыйынчылыктын сормо сазына батып бараткандар улам көбөйүүдө. Карызга баткандар толтура. Ал тургай, токсонунчу жылдарга кайра кетип калдык деген пикирди айткандар бар. Ал жылдары эмне болду эле? Курсактын азабынан ачык эле денесин сунуштаган кыздар көбөйгөн, бир сом үчүн киши өмүрүнө залал кылган жигиттер пайда болгон, уурулук тууралуу уу-дуу кептерди күн сайын угуп турганбыз.

 

Менин бул пикириме кошулбагандар да чыгышы ыктымал. Туура. “Көчөдө машиналар батпай кетти, ар бири экиден телефон көтөрүп жүрөт”- деп Бакиевдин сөзүн кайталашат алар. Баса, ошол машиналардын “крутойлору” кимдердики? Албетте, эл эсебинен жашагандардыкы же “башкача жол” менен байыгандардыкы. Кубаты үч кубдан ашкан автоунааларга салыкты көбөйтүү жөнүндө түшкөн сонун сунушка каршы болгондор да ошолор. Алардын ою боюнча, байлардын чоң машиналарына эмес – кедейлердин тирилигин эптеп-септеп өткөзүп берип жаткан эски машиналарына салыкты олчойтуп, карапайым калктын жонунан кайыш тилүү.

 

Эмнеси болсо да “А” аттуу кызды аяп турдум. Тилекке каршы, бешиктен бели чыга элек жатып денесин “соодалап” жашагысы келгендер бирөө эле эмес, көп болуп жатпайбы. Алар көрүнгөн эркектердин алдында денесин булгабай, таза дене менен, аруу сезим менен турмушка чыгышы керек деп ойлойм. Ошентсе гана таза балдар төрөлөт. Таза коом түзүлөт. Таза балдар ата-энесине гана эмес, кыргыз элинин өнүгүп-өсүшү үчүн да максат коюп жашашат. Келечегибизди ойлойлучу. Сиздер буга кандай дейсиздер?

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ,

Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Булак: “Майдан.kg