Президент Алмазбек Атамбаев 17-февралда Мюнхен шаарына (Германия) жумушчу сапарынын алкагында “Ачык коом институтунун” негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту.

 

Жолугушууда Кыргызстандагы “Сорос” фондусунун ишине байланыштуу маселелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү реформаларды колдоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.