Интервьюнун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда ар кайсы чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, терроризмге бөгөт коюу,  диний кырдаал, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусу тууралу кеп салды.

 

Андан тышкары Алмазбек Атамбаев журналисттердин быйыл боло турган президенттик шайлоолор, Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа Биримдиги менен мамилелеринин абалы жана келечеги тууралу суроолоруна жооп берди.