Кардын калыңдыган туруштук бере албай чатыры кыйрап түшкөн мектептин окуучуларын кошуна айылга ташып окутушат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

К.Чокоев атындагы №18-мектептин чатыры кечээ, 14-февралда катуу жааган кардан улам кулап түшүп, дубалдардан жарака кеткен. Ошого байланыштуу, бүгүн мектепте окуу болбой калды.

 

Учурда бул мектепте 342 окуучу билим алып жатат. Учурда аларды ташып окутуу маселеси чечилип жатат.

 

2015-жылы бул айылда жаңы мектептин курулушу башталып, каражат бөлгөн чиновниктердин көңүл коштугунан ара жолдо токтоп калган. Эми гана туштөн кийин ойгонушуп, шашылыш түрдө бул мектепти 2017-жылы бүтүрүлө турган объектилердин катарына кошууга аракет жасашууда.