Кыш чилденин сай-сөөктү сыздаткан суугунда, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген башаламан турмушта Бишкектин машина базарларынын биринде адамкерчилик сезими жана мээрими барлардын эсин оодарып, төбө чачын тик тургузган видеотасма социалдык тармактар аркылуу тарады. Андан маалым болгондой, Нурболот аттуу 5 жашар бала бир жылдан бери базарга келгендерге “Машина сатылат” деген жазууну 5 сомдон сатып өзүн-өзү багат экен. Бирок бутундагы жыртык ботинкасына караганда, ата-энеси бар экендиги жана иштей тургандыгы шек жаратат. Ал тургай бир ирет Нурболотту кокустан машина басып кете жаздаптыр. Эгер кокусунан өтүп бараткан балдар  видеого тартпаганда, анын тагдыры тууралуу эч кимибиз деле билбейт элек. Ким билет, ушул Нурболотко окшогон дагы канча эмчек сүтү оозунан кете элек балдар кагаз, картон сатып өзүн, апасын, бир туугандарын багып жүрүшөт? Ар бир райондогу мамлекеттен олчойгон маяна алган социалдык кызматтар деги эмне жумуш кылып, кай жакты карап отурушат? Анткен менен тың сүйлөгөндүгү бул баланын келечекте (эгер терс жолго түшүп кетпей, туура тарбия берилсе) улуу инсан Исхак Раззаковдой бүтүндөй мамлекеттин бактысына жаралган жетекчи болорунан үмүт бар.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж