Ош облусунун Чоң-Алай районун жашоочусу Мамыт Таштанов 70 жашка чыккан менен күүлүү-күчтүү, шайдоот. Муз үстүндө коньки тээп, татаал көнүгүүлөрдү жасайт. Эртең менен сөзсүз ден-соолугун чыңдап, гимнастика кылат. Мамыт аксакал быйыл өзүнө өзгөчө белек кылганы жатыптыр: шайтан араба менен ажыга камынып отурат. М.Таштанов дени-бою чың, чапчаң келген аксакал. Спорт жаатында бир кыйла ийгиликтерге жетишкен. Учурда түштүк аймакта хоккей командасын түзсөм деген максатта жүрөт. Спорттогу ийгиликтери аскердик кызматта жүргөнүндө башталып, эркин күрөш боюнча өзү кызмат өтөгөн бөлүмдө биринчиликти алган. Андан кийин дзюдо боюнча машыгып, 1 жыл ичинде спорттун чебери болууга жетишкен. Убагында өлкө боюнча 1-2-орундарды алып жүргөн. Мамыт аке 1992-жылы Чоң-Алайга 20га жакын машыктырууулар менен биргеликте спорт мектебин ачкан. Ал жердеги: дзюдо, эрежесиз эр таймаш, шахмат, жеңил атлетика, волейбол жана футбол боюнча ийримдер ушул убакка чейин иштеп, бир канча спортчулар чемпион болушкан. Мындан сырткары хоккей боюнча команда топтоо аракетин көрүп, Чоң-Алай районунда ачык асман астында балдарды машыктырып, 2 ирет республикалык чемпионатка барып катышып келишкен. Ал 7 мамлекеттин чек арасынан өтүп, бир күндө 100 чакырымдан жүрүп олтуруп, жалпысынан Ыйык Мекке шаарына 3 айдын ичинде жетип барууну көздөп турат. Эмесе биз да 70теги аксакалга ажылык сапарыңыз ийгиликтүү болсун демекчибиз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж