“Көк кит”

 

Интернет XXI кылымдын маалымат айдыңындагы эң чоң жетишкендиги катары саналган менен анын терс жактары да болууда. Башкасын айтпаганда да адамдардын ой-жүгүртүүсүн чектеп, виртуалдык дүйнөдө жашоого көндүрүп, ал тургай ар кандай экстремисттик, радикалдык жолдорго азгырууда. Бирок, баарынан да өткөн жумада республикабыздын Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларында орун алган  “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу” деген сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алып койду. Бул өспүрүмдөрдү өлүмгө түрткөн шайтан оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келгендиги айтылууда. Өткөн жылы мындай оюндардын кесепетинен 15 чакты өспүрүм өз өмүрүн кыйган соң Орусиянын коопсуздук кызматы  виртуалдык оюндардын түзүүчүлөрүнүн бири – Филипп Будейкону кармаган. Бизде да 1-февраль күнү таңга жуук Бишкекте 8-класстын окуучусу 4-кабаттан секирип, көз жумду. Милиция азыр анын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Айрымдар баланын өз жанын кыюусу ушундай виртуалдык оюнга кирүүнүн жыйынтыгы болушу ыктымалдыгын айтып жатышат. Ошто да бир окуучу кыз венасын кескендиги белгилүү болду. 6-февралда тартип сакчылары дагы бир окуучуну өз өмүрүн кыюуга камынганда кармап калышкандыгы айтылды. Кыргыз өкмөтү да бул балакет оюнду ооздуктоонун үстүндө иштеп атат. Бирок, натыйжасы кандай болор экен?

 

Милиция

 

Биздин милиция карапайым элдин укугун коргобой эле кордой тургандыгы, ыңгайы келген учурда уруп-сабап, тоноп кетери айтылып эле жүрөт. Өткөн жумада ушундай окуя борбордогу кафелердин биринин маңдайында болуп, эч күнөөсү жок өспүрүм аракка эшектей тоюп, “урунаарга тоо, урушаарга жоо таппаган” менттердин колунан майып болуп калды. Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги кафелердин биринин чыга беришинде мас абалдагы эки милиция кызматкери 21 жаштагы баланы жолунан чыга калгандыгы үчүн эле сабап салышкан. Ким билет, бул кылмыштын бети ачылбай калмак беле? Дагы жакшы кафедеги видео байкоого эки киши чыгып келе жатканы тартылып калган экен. Бала кафенин алдында унаа күтүп турганда тигил эки кишинин бири аны чыканагы менен бетке чапкан. Бала аларга жооп иретинде сокку узаткан. Бирок экинчи киши баланы буттан чалып жыгып, тепкилеп кирген. Кафеден чыккан он чакты киши окуяга жөн гана көз салып тургандыгы өкүнүчтүү. Таяк жеген бала акырында эптеп алардан качып кутулган. Болбосо өлтүрүп да коюшмак беле? Азыр ал бала жаагы сынып, мээси чайкалып, оор абалда ооруканада жатат.  "Мага Жогорку Кеңештен, прокуратурадан чалып, арызды алууну суранып жатышат. Бирок мен ишти аягына чейин чыгарам. Баламдын жаагы сынып, башынан оор жаракат алды”,- деп жабыр тарткан баланын атасы билдирди. Натыйжада ал чоң муштум менттер Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери болуп чыкты. Мына сага, ИИМдеги реформанын “жемиши”.

 

Адамайбандар

 

Өткөн жумада КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев өзүнүн аймактардагы өкүлдөрүнө балдарга карата зомбулуктардын үстүнөн катуу иштөө тапшырмасын берди. Буга албетте коомдо күч алган балдарга карата кылмыштардын көп болуп жатышы себеп болууда. Акыркы кезде маалымат ленталарын кароодон да айбыгып калуучу болдук. Ача салсаң эле сүтү оозунан кете элек кыздардын тагасы, кошунасы, жада калса атасы тарабынан зордукталган фактылары жайнап чыгат. Ошондой иштердин бири катары Ысык-Көлдө өз атасы үч жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн Кубат Оторбаев мисал кылып, анын бетин ачуудагы Акыйкатчы институтунун ролун айтып өттү. Мындан көп өтпөй дагы бир үрөй учурган окуядан кабардар болдук. Чүй облусуна караштуу Москва районунда 42 жаштагы киши кошунасынан үйүнө уурулукка кирип, аны байкап калган кызды муунтуп өлтүрүүгө аракет жасаган. ИИМден кабарлашкандай, зомбулукка кабылган кыз 8 жашта. Бул кыз ата-энесинин акча сактагычын аңтарып жаткан кылмышкерди көчөдө ойноп жатып, суу ичкени киргенде байкап калган. Эгер кыздын атасы келип калбаганда, мас абалындагы кылмышкер максатына жетмек экен... Учурда 42 жаштагы Петровка айылынын тургуну “М.Р.” кармалып, кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Акыркы кезде буга окшогон зордук-зомбулук фактылары жайнап кеткендиктен, Омбусмендин аракети колдоого алуу зарыл.

 

Каракчылык

 

Эгер Кыргызстан Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары дүйнөгө “демократия аралы”, сөз эркиндиги менен плюрализм орногон мамлекет катары таанылса, акыркы жылдары, айрыкча 2010-жылдан кийин криминалдуу, чак түштө банк, кафе, дүкөндөрдү маскачандар тоногон, бизнесмендер менен байларды чымчык аткандай өлтүрүп кеткен өлкө катары көбүрөөк “таанылууда”. Ушундай окуялардын бири 6-февралда Бишкектин чок ортосунда дагы бир ирет орун алды. Анда  бет капчан адамдар "Цзисян" кытай кафесине кол салып, кассадан 100 миң сом алып кетишти. Күбөлөр төрт автомат менен куралданган адамдар кол салгандыгын айтышууда. Алар кафеге кирип эле бир ирет куралдан ок атышкан. Тоноо беш мүнөткө созулуп, заматта чыгып кетишкен. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Кафенин ээси Ляо Нананын айтымында, куралчан адамдар дароо эле ашканага бет алышкан. “Кол салуу болгонго чейин мен чыгып кеттим эле. Алар кассадан акчаны алаары менен 54 жаштагы апамдын колундагы шакегин да чыгарып кетишиптир”,- деген ал. Мындан мурда да, Жаңы жыл алдында 4 жигит Бишкектеги дүкөндөрдүн бирине кирип, ал жерде иштеген кыздарды топтой тепкилеп, кассадагы акчаны шыпырып кетишкендиги тартылган тасма интернетке жарыяланган менен ИИМ унчуга элек.

 

Арак

 

Адам баласынын негизги трагедиясынын бири аракечтик менен маңзатка азгырылуу экендиги бештен белгилүү эмеспи. Бирок биз анын жаман экендигин сезип-көрүп турсак да арыла албай келебиз. Анткен менен арактын түбү жакшылыкка алпарбай тургандыгын кеч болсо да сезиштиби, айтор Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган жакшы демилге көтөрүлдү. Алгачкы иштер Өрнөк айылынан башталып, дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынды. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Улан Абдыкалыков билдирүүсүндө, бул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган. "Биздин айыл өкмөттөгү Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Бает айылдарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Ар бир айылда бирден мечитибиз бар. Алгачкылардан болуп Өрнөктүн имамы демилге көтөрүп, аксакалдар менен кеңешип ушундай чечимге келишти. Дүкөн ээлери да түшүнүү менен кабыл алып каршы чыгышкан жок. Албетте, аларды күчкө салып тыя албайбыз. Натыйжада дүкөндөрдөн баасы 26 550 сомду түзгөн сыра, арак өңдүү спирт ичимдиктери канализациялык кудукка төгүлүп, жок кылынды”,-- деди айыл өкмөт башчы. Көлдүктөрдүн мындай сергек жашоону даңазалаган демилгеси республикабыздын башка аймагында колдоого алынса, элибиздин ден соолугу менен турмушу ошондо оңолор беле?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити