Бишкек, “Саясат.kg”.  Жалал-Абад облусунун аймагында “Өспүрүм” аталыштагы профилактикалык иш-чара өтүүдө.  Рейд өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана алардын ден-соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү алдын алуу, өспүрүмдөр арасында чыр-чатактарды болтурбоо, жаш балдардын эмгек рессурсун (оор жумуштарда, зыяндуу) мыйзамсыз пайдаланган атуулдарды аныктоо жана адептүүлүккө тарбиялоо максатында уюштурулууда. 


Мындагы  иш-чара алкагында  түн бир оокумга чейин коомдук жайларда ичимдик ичип жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын жакындарына жана өздөрүнө карата Жалал-Абад ШИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, каттоого алынды. 
 

"Жашы жете элек кароосуз калган балдарды, алардын эмгек рессурстарын туура эмес пайдаланып жүргөн ошол эле балдардын ата-энелери, башкача айтканда рейдде үй-жайы бар, эмгекке жарамдуу ата-энелер мечиттерде жума намаз окулуучу убактарда балдарын кайырчылык суратып койгон фактылар аныкталды, мектепке барбай жүргөндөрдү аныктоо үчүн милиция менен биргеликте күн-түн дебей аракет кылуудабыз. Ошондой эле бүгүнкү рейдде үй-жайы бар, эмгекке жарамдуу ата-энелер мечиттерде жума намаз окулуучу убактарда балдарын кайырчылык суратып койгон фактылар аныкталды"- Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Нурзат Тагаева.
 

Эске салсак, иш-чара учурунда Сузак районун аймагы аркылуу өткөн  Ош-Бишкек автожолунда жайгашкан ашканаларда түн ичинде сим карта сатып жүргөн жаш балдар аныкталып жана алар менен кошо компаниянын супервайзерлеринин үстүнөн материалдар чогултулуп  прокуратурага жиберилди. Тактоо учурунда алардын арасынан ата-энесинин уруксаты жок, үйүнө барбай качып жүргөн балдар да аныкталды.
 

Бүгүнкү күндө 1669 жаш өспүрүм каттоодо турат. Анын ичинен: 986 мектеп окуучулары, 21 профессионалдык лицейлердин студенттери, 18 колледждердин окуучулары жана 644 эч жерде окубагандар жана иштебеген өспүрүмдөр.
 

Өткөн жылы Жалал-Абад обласында милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан Балдарды кароо комиссиясына 2000ден ашуун материал жөнөтүлгөн. Алардын арасынан Социалдык жактан жардам беруучу балдар уйуно,  интернатка балдар жиберилип, 238 баланын ата-энесине айып салынган.