Ысык-Көл, “Саясат.kg”.  Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү “Патриот.KG” бейөкмөт уюмунун демилгесин кызуу кубаттады. Ошентип, Каракол шаарында “Кытай тилинин жана ишкердүүлүгүнүн кышкы лагери” ишке киришти.

           

- Мамлекеттик өнүктүрүү үчүн адегенде кадрлардын сапаты мыкты болушу кажет! Дал ушундай элитанын калың катмарынан Кыргызстандын келечеги түздүн-түз көз каранды. Ошону үчүн өсүп бараткан муундун терең билим алуусуна жана мекенчил сыпатта тарбияланышына такай көңүл буруубуз абзел! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев.

 

Аталган кышкы лагерди уюуштуруучулардын айтымында, жаштарды Ысык-Көлдүн абдан кооз жерлери менен тааныштыруу аркылуу Ысык-Көлдүн туртисттик потенциалы азыркыдан бешбетер көтөрүлөт. Мындан ташкары жаш муундар болочок кесибин абдан туура тандоосуна дагы ыңгай жаратылат. Ошондой эле жаштар дүйнөдөгү кеңири колдонулууучу кытай тилин үйрөнүүсүнө дагы бекем шарт түзүлөт.