Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Кыргыз товарларынын жармаңкеси жүз берди. Мында Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр, спирт ичимдиктери, сувенирлер өңдөнгөн сапаттуу товарлар Москва шаарынын тургундарына тартууланды.
Иш-чарага Москвада аккредиттелген чет өлкөлөрдүн дипломаттык корпусунун өкүлдөрү, Орусиянын мамлекеттик жана жеке түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ЕврАзия экономикалык биримдигинин кызматкелери катышып, кыргыз товарларынын сапатына мыкты баасын беришти.
- Орусиянын ишкер чөйрөсү соңку тапта кыргыз товарларына абдан кызыгып жатышат. Анткени, продукцияларыбыздын баары сапаттуу. Эң башкысы кардарларды эч капа кылбайт,- деди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев.
Баса, аталган жармаңкеге катышкан “X5 Retail Group” компаниясынын өкүлдөрү келаткан аптада Кыргызстанга атайын барып, өз ара кызматташуу боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүзөөрүн шардана кылышты.
Булак: “Майдан.kg” гезити