Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болуп, Россия, Кытай сыяктуу дүйнөлүк державалар менен бирдей укук, добушка ээ экендигине карабай армиябыздын абалы мышык ыйлагыдай эле абалда.

 

Анткени аскерлерибиздин курсагы ачтыгынан да кокус душман кол салса каршылык көрсөтүүчү не ок-дарыбыз, не курал-жарагыбыз жок. Армия аты болгон менен жарытылуу аскердик учак, тик учак, танк, замбирек дегендерден куржалакпыз. Болгону жалгыз тик учагыбыз бар деп мактанып жүрсөк, аны да жакында  Жарандык авиация агенттигинин мурдагы бөлүм башчысы У.Ш. “А” компаниясына таандык Ми-8 тик учагын аба кемелеринин тизмесине каттоо үчүн жалган уруксат документтерди жасап, андан ары  сатып жибергендиги белгилүү болду. Учурда адаттагыдай эле түштөн кийин чуу түшкөн Транспорт прокуратурасы “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, энбаскы, мөөр, бланктарды жасоо, сатуу жана пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоду. Бирок жалгыз тик учагыбыз кайда же кимге сатылгандыгы белгисиз. Көрсө, 2014-жылы “А” компаниясы бөлүм башчыдан Ми-8 тик учагын сатуу үчүн аны тизмеден алып таштоону суранып, өтүнүч орундатылган экен. Эми бул жашыруун “аскердик операцияны” ишке ашыргандардын аты-жөнү такталабы же алар ошол сатылган акча менен иш козгогондордун да оозун жаап коёбу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.