Белгилей кетсек, Кунакунов Бишкек шаарынын учурдагы мэри Албек Ибраимовдун жээни деп айтылып жүрөт.

 

Ага карата козголгон кылмыш иши боюнча сот чечим чыгарууну бир жарым айдан бери созууда. Себеп катары материалдын көлөмүнүн өтө чоңдугун белгилешүүдө.

 

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, чечим чыгаруу 15-декабрга калтырылды.

 

Максат Кунакунов КР Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси – “Терроризмге көмөктөшүү”, “Мыйзамсыз курал сактоо”, “Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенүү” жана “Каракчылык” менен айыпталууда.

 

Мамлекеттик айыптоочулар аны 30 жыл эркинен ажыратууну суранышууда. Процесс жабык түрүндө өттү.