9,5 млн. $

 

Кыргызстан кедей мамлекет болгон менен жарандарыбыздын жергиликтүү жана эл аралык аэропорттордо миллиондогон долларлар менен, болгондо да ал акчаларды капка салып көтөрүп жүрүшү жана кылмыштуу топтор тарабынан каракталышы көп эле кездешүүдө. Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жылы Ош аэропортунда эки-үч ирет Кытайга учуп бараткан жарандарыбыз каракталган. Жакында Стамбул аэропортунда дагы кыргызстандыктар ири суммадагы доллар менен бул ирет полициянын тузагына илиништи. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, Стамбулдун Ататүрк атындагы аэропортунда кармалган 9,5 миллион доллар ФЕТО уюмунун (түрк бийлигинин маалыматы боюнча Фетуллах Гүлендин террордук уюму) мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Маалыматка караганда, акча уюмдун камакка алынган жана жумушсуз калган мүчөлөрүн колдоого багытталган.18-ноябрда аэропорттун каржылык кылмыштарга каршы бөлүмү өлкөгө кирген акчаны текшерүү маалында кыргызстандык, өзбекстандык эки жаран жана беш түрк жараны кармалганын кабарлаган. Алар ФЕТО уюмуна тиешеси бар деген шек менен суракка алынган. Азыр 9,5 миллион доллар мамлекеттик казынага өттү. Кармалгандардын сурагы уланууда. Сыягы, ал акча Кыргызстандан жөнөтүлгөн болуш керек. Анткени бизде Гүлендин бизнеси гүлдөп жатпайбы...

 

Ош мэриясы

 

Кытай элчилиги Ош шаарынын мэрине Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабас белек кылганы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар муну коррупция катары баалашса, дагы бир тобу ал жолтандабас мэрге эмес, мэрияга берилгенин эскертишүүдө. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди азыр ташып жүргөн Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабасты кытай элчилиги 5-октябрда белек кылган. Ош шаарынын күнү белгиленген майрамда берилген белектер тууралуу буга чейин айтылган эмес. Мэриянын муниципалдык менчикти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов белектер эки элдин достугу үчүн гана берилгенин айтып актанды. “Мэрге эмес, Ош шаарынын мэриясына берилди дешибиз керек. Кытай достугубуздун белгиси катары 2015-жылы шаарга кичи автобус белек кылган. Быйыл Ош шаарынын күнүнө карата тез жардам унаасын жана кызматтык жолтандабас сунушталган. Аларды мэриянын аппарат башчысы кабыл алган”,- деди ал..Бирок коомчулукта Кытай элчилиги баасы 100 миң доллар машинаны кытайлыктар бекер бере койбогондугун, анын ордуна сөзсүз бир кымбат белек берилгендиги тууралуу сөз жүрүүдө.

 

Белизгейт

 

2010-жылдан кийин “Мегаком” ишканасынын 51% акциясын М.Бакиевдин карамагындагы фирмага менчиктештирип берүү “операциясынын” тегерегиндеги чын-бышыгы белгисиз ызы-чуу бийлик менен Ө.Текебаев башында турган оппозициянын тирешүүсүн айыгышкан кырдаалга жеткирип койду. Бул “операцияга” азыркы депутаттар Ө.Текебаев, А.Салянова жана А.Шыкмаматовдордун көмкөтөшкөндүгү тууралуу маалымат эмнегедир алгач МУККга тийип, ал кагазды башкы чекист А.Сегизбаев түз эле президентке жеткирген. Эмнегедир ушул учур атайын сүрөткө тартылып, КТРК аркылуу көрсөтүлүшү шоуга айланып кетти. Андан кийин парламентте каралып, аты аталбаса да, жогорудагы “үч мушкетер” “күнөөнү” моюнга алышып, “контрчабуулга” өтүштү. Ал тургай Ө.Текебаев фракция лидерлиги укугунан пайдаланып, 18 минута парламент трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө Белиз мамлекетине маселенин чын-бышыгын аныктоочу депутаттык комиссия жиберүүнү талап кылды. Бул арада МУКК “мындай аракеттерди 2010-жылы “Альфа Телеком” компаниясынын 100 пайыздык үлүшүнүн 49 пайызы гана улутташтырылып,  Максим Бакиевге тиешелүү “Саутфилд менежментке” 51 % кандайча болуп өтүп кеткендигин текшерүүнү болтурбоо аракети катары сыпаттаса болот”,- деп билдирди. Кыскасы,  кызыл кыргын, сары сүргүн алдыда окшойт.

 

Мухаммед пайгамбар

 

Белгилүү иран режиссеру Мажид Мажидинин “Мухаммад: Жараткандын элчиси” ("Мухаммад Расулаллах") аттуу тасмасы бүтүндөй дүйнө мусулмандарынын кызыгуусун жаратууда. Тасмадагы окуя VI кылымда болуп, анда пайгамбардын бала чагы тууралуу айтылат. Фильмди тартуу иштери 2007-жылы башталып, 2011-жылга карата Тегерандан алыс эмес жерде жайгашкан Кум шаарында тасманын көпчүлүк бөлүгү үчүн керектүү болгон декорациялар даяр болгон. Анын жаратуучуларынын айтымдарында, бир канча эпизод Түштүк Африкада тартылган. Алар ошол кездеги тарыхый шарттар менен жагдайды түзүү үчүн Кумдан алыс эмес жерге борборуна Кааба орнотулган Мекке шаарынын үлгүсү курулган. “Мухаммад: Жараткандын элчиси” тасмасын тартууга голливуд адистери - Оскар сыйлыгынын ээси, италиялык оператор Витторио Стораро жана композитор Алла-Раха Рахман да катышкан. Аталган тасма өткөн жумада Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында эки күн гана киноишмерлерге көрсөтүлдү. Анткени тасманы сатып алууга бул өлкөнүн акчасы жеткен эмес. Ирандык режиссердун бул тасмасы бизге да келип, жалпы мусулман жамааты көрө алат деген ишеним бар.

 

Алайкуу

 

Быйылкы кыш, калың жааган кар капыстан кол салган душмандай эле элдин бир топ шаштысын кетирип койду. Айрыкча Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнү катуу жабыркады. Калың кардан улам аймакта өзгөчө абал жарыяланды. Алай-Куудагы Орто-Казык жайлоосунда 900 койду караган үч чабан куткарыла элек. Мектептер менен бала бакчалардын иши 2 күнгө токтоп калып, дүйшөмбү күнү калыбына келтирилди. 17-ноябрда баштаган кар Алай-Кууда оор түшүп, борборго каттаган жолдор буулду. Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу автоунаа жолу 3 күндөн ашык убакыт дегенде ачылып, бирок ички жолдордо каттоо дагы деле кыйын. Кыштоодо калып кеткен малчылардын дайыны 4 күндөн кийин билинди. Алар ар кайсы жайлоолордо болгондуктан, бирөөсүнүн тоюту башка жакта калганы аныкталды. Чабандардын дайыны чыккан менен куткарууга мүмкүн болбой турат. Алайкууда свет өчкөндө эле телефон тартпай, телерадио иштебей калат. Движокту иштетип ток алса деле алар иштебейт. Анткени станциянын ток кармоо кубаттуулугу жок десе болот. Калың кардын айынан жарык өчүп, байланыш үзүлгөн. Бирок калыбына келгенде билайн иштебей, мегаком менен байланышты улантып жатышты.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити