Маалым болгондой, кечээ эртең менн Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Адана провинциясындагы губернаторлуктун автоунаалар токтотулуучу ачык жайында жардыруучу зат коюлган автоунаа жарылган.

 

Түрк бийлигинин алдын ала берген маалыматына караганда, жардыруудан эки адам каза тапкан. Жарадарландын саны 31ге жеткен. Алардын арасынан бешөөсү оор акыбалда.

 

КР ТИМдин билдиришинче, Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги губернаторлуктун компетенттүү кызматкерлери менен байланышып, жардыруудан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары болбогондугу тууралуу маалымат алышкан.