Маалыматка караганда, Сарыгуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин Биринчи май райондук соту анын адвокаттарынын өтүнүчү менен карап, кабыл алган.

 

Буга дейре коомдук ишмерди үй камагына чыгарууга кепилдикке кол коюп берүү өтүнүчү менен парламент депутаттарына адвокаттар кайрылып атканы белгилүү болгон. Жаш курагы 70ке таяп калган Сарыгуловдун абакта өнөкөт оорулары кармап, ден соолугу начарлап атканын жактоочулары айтып чыгышкан.

 

Эске салсак, ал Элдик парламенттин бир катар мүчөлөрү менен бирге өлкөгө төңкөрүш жасоо ниетин карманганы жана бийликти күч менен басып алууга камылга көргөнү үчүн айыпталып, кармалган.