Чабандын жакындарынын билдиргенине караганда, ал көз байланган учурда кайсы жерге келсе ошол жерде түнөп, кайра жарык киргенде сапарын улантып келатат.

 

Буга чейин жайлоодо үч чабан камалып калганы айтылган. Дагы эки чабан Айдарбек менен Майрамбек Кулуевдер малга жем-чөбү жетиштүү болгондуктан, жол ачылгыча жайлоодо эле боло турууну чечишкен.

 

Эске салсак, аталган райондун Орто-Казык жайлоосуна 900 коюу менен кеткен үч чабан 17-ноябрда кар калың жаагандан кийин кабарсыз кетишкен. Арадан төрт күн өткөндөн кийин гана жакындарына телефон аркылуу кабарлашып, аман экендиктерин билдиришкен.